Орусиянын асманы учактар үчүн кооптуубу? Зеленскийдин эскертүүсү, Путиндин жообу

Украинанын президенти Владимир Зеленский эл аралык авиакомпанияларга Орусиянын аба мейкиндиги украин дрондорунун соккуларынан улам «толугу менен кооптуу» болуп баратканын эскертти. Орусиянын аба мейкиндигиндеги коопсуздук маселеси Кыргызстан үчүн да маанилүү.

Орусиянын президенти Владимир Путин Бишкектеги маалымат жыйынында муну «мамлекеттик терроризмге жакын» деп сыпаттады.

Зеленскийдин эскертүүсү

Украинанын президенти Владимир Зеленский 1-сентябрдагы кайрылуусунда Киев Орусиянын аскердик объектилерине жана согушту камсыз кылган экономикасына сокку урууну "өзүн-өзү коргоо укугу" деп эсептерин айтты.

Украин президенти мындай соккулар эми Орусиянын аба мейкиндигине да таасир этерин жашырган жок.

«Бул эскалация Украинанын аймагы менен гана чектелип калбайт. Анын кесепеттери Орусияда, анын ичинде Орусиянын аба мейкиндигинде да сезилиши мыйзам ченемдүү», - деди Зеленский.

Андан соң ал Орусияга учкан авиакомпанияларга түз кайрылды.

«Украина жарандык авиацияга же жарандык учактарга коркунуч жаратпайт. Болгону Орусиянын асманында дрондор бардыгын эске алуу керек» - деди украин лидери.

Авиациялык тобокелдикти баалаган Osprey Flight Solutions компаниясы да Орусиянын аймагына жасалган дрон жана ракета чабуулдары 2026-жылдын аягына чейин дээрлик күнүмдүк көрүнүшкө айланышы мүмкүн экенин эскертти.

Мындай шартта жарандык учакты жаңылыш атып алуу же абадан коргонуу системаларынын ишинен улам коркунуч жаралышы мүмкүн.

Орусиянын аба мейкиндигиндеги коопсуздук маселеси Кыргызстан үчүн да маанилүү. Бишкек менен Орусиянын шаарларынын ортосунда аба каттамдар арбын. Азыркы жадыбал боюнча Бишкектен Орусияга тогуз авиакомпания түз учат.

Авиакаттамдар Москвадан тышкары Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Казань, Красноярск, Махачкала, Сочи жана Сургут сыяктуу шаарларга аткарылат.

2-сентябрда эле "Манас" аэропортунун жадыбалында Орусияга кеминде 12 түз каттам көрсөтүлгөн.

Батыштын көпчүлүк авиакомпаниялары 2022-жылдан бери Орусиянын аба мейкиндигине кирбей калды.

Анткен менен Түркия, Кытай, Бириккен Араб Эмираттары жана башка бир катар өлкөлөрдүн авиакомпаниялары Орусия аркылуу каттамдарын улантып келет.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Зеленский Орусиянын асманында дрон көбөйөрүн эскертти

Зеленскийдин билдирүүсүнөн кийин Киев бул маселени эл аралык жарандык авиация деңгээлине алып чыкты.

2-сентябрда Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига Киев Эл аралык жарандык авиация уюмуна (ICAO) Орусиянын аба мейкиндиги жарандык авиация үчүн кооптуу болуп баратканы тууралуу расмий маалымат бергенин билдирди.

«Биз күтүүсүз жана кокустуктан боло турган инциденттердин алдын алсак дейбиз», - деди Украинанын тышкы иштер министри.

Путиндин жообу

Москва Зеленскийдин жогорудагы билдирүүсүн кескин сындады.

Орусиянын президенти Владимир Путин Бишкекте ШКУнун саммитинен кийин өткөн түнкү маалымат жыйынында бул сөздөр чындап айтылган болсо «мамлекеттик терроризмге жакын» деп сыпаттады.

«Алар бизден сүйлөшүүлөрдү кайра баштоону, бетме-бет жолугушууну сурап жатат. Бирок террористтер менен эч кандай сүйлөшүү болушу мүмкүн эмес», - деди Путин.

Ошол эле маалымат жыйынында орус лидери сентябрдагы Мамлекеттик Думага шайлоодон кийин мобилизациянын жаңы толкуну башталат деген маалыматтарды кескин четке какты.

«Болбогон кеп. Бул Орусияга каршы маалыматтык чабуул»,- деди Путин.

Москвага учкан каттамдар токтотулууда

Зеленскийдин эскертүүсүнөн кийинки түнү Москвага каттаган айрым эл аралык авиакомпаниялардын ишинде үзгүлтүк жаралды.

2-сентябрда Түркиянын Pegasus авиакомпаниясы Москвадагы Внуково аэропортуна жана андан Түркияга аткарылчу бир катар каттамдарын токтотту.

Орусиялык медиа аэропорт өкүлдөрүнө таянып, Pegasus кеминде 12 каттамды токтотконун жазышты.

Компанияга байланыштуу булактардын бири «эмне экенин билбейбиз, түрк тарап учууга уруксат бербей жатат» деп билдирген.

Айрым жүргүнчүлөргө каттамдар «аба мейкиндигиндеги кырдаалга байланыштуу» токтотулганы айтылган.

Москвадагы үч аэропортто бир сутка ичинде жалпысынан 77 каттам кечигип же токтотулганы тууралуу да маалымат тарады.

Аэропорттордун онлайн жадыбалдарына таянган маалыматтар боюнча шаршембиге караган түнү жана эртең менен Turkish Airlines компаниясынын Стамбулга кеминде эки каттамы, Nesma Airlines компаниясынын Шарм-эш-Шейхке жана Shirak Avia компаниясынын Ереванга бирден каттамы да токтотулган.

Бирок бул авиакомпаниялар Орусияга каттамдарды толук токтотконун билдирбейт. Москвадагы аэропорттордо дрон коркунучунан улам убактылуу чектөөлөр буга чейин да бир нече жолу киргизилген.

2024-жылы 25-декабрда Azerbaijan Airlines компаниясына таандык Бакудан Грозныйга бет алган учак Орусиянын аймагында аткыланып, деңиздин аркы жээгиндеги Актауга бурулууга аргасыз болгон. Учак Каспийден үстүнөн учуп өтүп, шаардын жанына кулаган. Борттогу 67 адамдын 38и каза тапкан. Жарадар болгондордун арасында кыргызстандык үч киши болгон. Орус президенти Путин бир топтон кийин кырсык үчүн кечирим сурап, украиналык дрондор Орусиянын аба мейкиндигин бузганда жүргүнчү ташыган Embraer-190 учагынын жанында эки ракета жарылганын айтып, жабыркагандарга кенемте төлөп берүүнү убада кылган.

Путиндин майдан тууралуу талаштуу маалыматы

Бишкектеги маалымат жыйынында Путин фронттогу кырдаал Москва үчүн "ийгиликтүү жүрүп жатканын" көрсөтүүгө аракет кылды.

Анын айтымында, орус армиясы «жөн гана чабуул коюп жаткан жок, чабуулдун ыргагын да күчөтүүдө».

Бирок Путин келтирген айрым маалыматтар анын мурдагы билдирүүлөрүнө жана согуш талаасын ачык булактар аркылуу көзөмөлдөгөн долбоорлордун карталарына дал келбейт.

Маселен, Путин 1-сентябрда орус күчтөрүнө Сумы шаарына чейин 12 чакырым калганын айтты. Бирок июнь айынын аягында өзү бул аралыкты 10,5 чакырым деп атап, орус аскерлери бул багытта «активдүү, чечкиндүү жана тез темп менен» жылып жатканын билдирген.

Эгер эки билдирүүдөгү сандарды түз салыштырсак, орус күчтөрү соңку эки айда Сумыга жакындабай эле алыстагандай.

Украинанын DeepState долбоорунун картасы да Путин айткан 12 чакырымды ырастабайт.

Дагы бир талаштуу билдирүү Святогорск шаарына байланыштуу болду. Путин орус армиясы август айында 14 калктуу конушту өз көзөмөлүнө алганын айтты.

«Кечээ Святогорск шаары бошотулду», - деди орус лидери.

Орус армиясы Святогорскту 2022-жылы басып алган. Бирок ошол эле жылы Украинанын Харьковдогу контрчабуулу маалында шаар кайра Киевдин көзөмөлүнө өткөн. 2-сентябрга карай согуш талаасын көзөмөлдөгөн негизги ачык булактын карталары Святогорск Орусиянын көзөмөлүндө экенин көрсөтпөйт.

Мындан тышкары айрым орусиялык согушту колдогон аскердик блогерлер да Путиндин билдирүүсүнө күмөн санап, президентке фронттогу кырдаал тууралуу "туура эмес маалымат жеткирилип жаткан болушу мүмкүн" деген пикирлерин жазышты.

Путин Бишкекте фронттогу ийгиликтер тууралуу айтып жаткан маалда Украинага орус дрондору жана ракеталары менен кезектеги сокку урулду.

2-сентябрга караган түнү Одесса массалык чабуулга кабылды.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча кеминде сегиз киши жараат алды. Алардын арасында беш жаштагы бала бар. Эки киши ооруканага жеткирилди.

Дагы караңыз

ШКУ Украина жана Ирандагы согушту токтотууга арачы боло алабы?

Германия Орусияны дрон чабуулуна айыптады

Согуштагы дрон коркунучу Орусия менен Украинанын аймагынан тышкары Европада да олуттуу саясий маселеге айланууда.

Германия 4-августтагы Лейпциг-Халле аэропортуна жардыргыч зат жүктөлгөн дрон менен кол салуу аракетинин артында Москва турат деп 1-сентябрда расмий айыптады.

Дрон Украинанын жүк ташуучу учагына жакын жерден табылып, жардыргыч зат зыянсыздандырылган.

Германиянын ички иштер министри Александр Добриндт белгилегендей, полициялык иликтөө, чалгын маалыматтары жана аппараттын айрым компоненттери бул операцияны Орусиянын мамлекеттик түзүмдөрү менен байланыштырууга негиз берген.

Москва немисттердин айыптоосун четке какты.

Берлин окуяга жооп катары Орусиянын Бонндогу башкы консулдугун жана Берлиндеги «Орус үйү» маданий борборун жабууну чечти.

Германия Евробиримдик аркылуу Москвага кошумча санкция салууну жана Орусиянын жарандарына карата саякат чектөөлөрүн күчөтүүнү да сунуштай турганын билдирди.

НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Германияны колдоп, альянс Берлин менен тилектеш экенин айтты.

Путин Бишкектеги маалымат жыйынында Германиянын айыптоосун да четке кагып, Берлинден далилдерди көрсөтүүнү талап кылды.