Кара деңиздин үстүнөн өткөн 19 чакырымдык тилкени байланыштырган, баасы 4 миллиард долларга бааланган ири инженердик курулуш 2014-жылы Орусия аннексиялап алган Украинанын Крым жарым аралындагы Москванын көзөмөлүн бекемдөөгө кызмат кылып келген.
Азыр Крым көпүрөсүнүн 200 метрден ашуун бөлүгү талкаланып, 9 метр тереңдикте сууда жатат. Көпүрөнүн асфальт жана темир-болоттон турган сыныктары Керч кысыгындагы кеме жүрүүчү каналды тосуп, Орусиянын Крымды көзөмөлдөп туруу жана аны камсыздоо ишине олуттуу сокку урду.
Ракета жана дрондор менен жасалган бул сокку Украина көпүрөгө биринчи жолу койгон чабуул эмес. Орусиянын кеңири масштабдагы согушу башталгандан бери Киев бул объектти бир нече жолу бутага алган. Согуш уланып келатканына келерки жылы февралда туура беш жыл болот.
Соңку чабуулдан көпүрөнүн автоунаа өтүүчү бөлүгү гана талкаланды. Темир жол каттамы иштеп жатканы маалымдалды, бирок канчалык толук экени белгисиз бойдон калууда.
Ошентсе да, 16-17-ноябрда бир нече толкун менен жасалган бул чабуул Крым көпүрөсүнө урулган соккулардын ичинен эң кыйраткыч болду.
Бул сүрөт 16-ноябрда, Украинанын соңку чабуулдарына чейин тартылган.
«Менин оюмча, келтирилген зыян абдан олуттуу. Көпүрөнүн конструкциялык бүтүндүгү бузулгандай көрүнөт. Андыктан азыр андан өтүү кооптуу болушу мүмкүн», - дейт Вашингтондогу Хадсон институтунун аскер-деңиз операциялары боюнча эксперти, АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн мурдагы офицери Брайан Кларк.
Британиядагы Шеффилд университетинин инженерия профессору Сэм Ригбинин айтымында, бул чабуул мурункулардан кыйла айырмаланат, анткени бутага конструкциясы өтө татаал болгон көпүрөнүн ири бөлүгү алынган.
Украиналык авиациялык инженер Константин Криволап «Настоящее время» телеканалына курган маегинде:
«Бул көпүрөнү толугу менен жардырып жок кылуу мүмкүн эмес. Ошондуктан ага сокку уруунун жалгыз жолу - алсыз жерлерин бутага алуу», - деди.
Адистин айтымында, көпүрөнүн эң алсыз жери анын эки тарабын бириктирип турган туташтыруучу элементтери.
Ал эми Украинанын аскердик командачылыгынын билдирүүсүндө «Орусия көп жылдар бою бул көпүрөнүн айланасында Крым "түбөлүккө Орусияныкы" деген символдук образды түзүп келген. Эми ошол курулуштун бир бөлүгү суу алдында жатат», - деп белгиленди.
Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков көпүрө сөзсүз калыбына келтириле турганын айтып, аны «мурдагыдан да жакшыраак кылып оңдойбуз» деп убада берди.
Украин күчтөрүнүн Крым көпүрөсүнө жасаган соккулары анын автоунаа өтүүчү бөлүгүндөгү арканын жана көпүрө аралыктарынын кулашына алып келди.
«Аскердик логистиканы татаалдатат»
2018-жылы курулуп бүткөн темир жол жана автоунаа көпүрөсү Керч көпүрөсү деп да аталат. 2022-жылдын февралындагы кол салууга чейин Орусиянын аймагынан Крымга түз каттай турган жол болуп келген.
2018-жылдын май айында орус президенти Владимир Путин өзү оор жүк ташуучу унаанын рулуна отуруп, көпүрө аркылуу өтүп, анын ачылышын расмий белгилеген.
Буга чейин бул багытта паромдор гана каттап келген. Бирок алардын өткөрүү мүмкүнчүлүгү чектелүү болуп, аба ырайынан көз каранды эле. Бийлик быйыл 18-ноябрда паром каттамы толугу менен токтотулган себебин аба ырайынын начардыгынан улам деп маалымдады.
2022-жылы Украинанын аскердик чалгын кызматы уюштурган жүк ташуучу унаадагы жардыруудан кийин көпүрөнүн автоунаа өтүүчү бөлүгү жабыркаган. Бирок ал беш айга жетпеген убакытта толук калыбына келтирилген. Ал эми 2025-жылы украиналык суу алдындагы дрон көпүрөнүн суу деңгээлиндеги тирөөчтөрүнө сокку урган, бирок конструкцияга олуттуу зыян келген эмес.
2022-жылдын жазында Азов деңизиндеги Украинанын эң ири порту болгон Мариупол шаарын басып алгандан кийин орус күчтөрү Украинанын жээк тилкесинин бир бөлүгүн көзөмөлүнө алган. Натыйжада М-14 автожолу Орусиядан түз келген дагы бир маанилүү камсыздоо багытына айланган.
Орусиядан Крымга кеткен коридордун схемасы: Ростов-на-Донудан Жанкойго чейинки маршрут
Бирок быйыл жыл башынан тартып украин күчтөрү транспорттук байланыштарды бутага алган дрон чабуулдарын күчөттү. Дрондор жээк бойлой жүргөн жүк ташуучу унааларга жана вагондорго сокку урууда.
Мындай шартта Крым көпүрөсүнүн мааниси мурдагыдан да өскөн. Ал жарым аралдагы эки миллион калкты азык-түлүк, электр энергиясы жана башка зарыл ресурстар менен камсыздоодо, ошондой эле Украинага каршы согушка тартылган жүз миңдеген аскерлерди курал-жарак жана жабдуу менен камсыздоодо негизги ролду ойноп келет.
Эми жакынкы келечекте Крымга жана Крымдан жүргүнчү жана жүк ташуу негизинен поезд менен гана ишке ашырылат.
Израилдик аскерий эксперт Давид Гендельмандын айтымында, орус аскердик жетекчилиги эми жүк ташууда жердеги каттамдарга көбүрөөк таянууга аргасыз болот. Алардын ичинен негизги маршруттардын бири болгон М-14 жээк автожолу украиналык дрондор үчүн жеткиликтүү бута бойдон калууда.
Мындан тышкары, анын айтымында, бул жолдун өткөрүү мүмкүнчүлүгү да чектелүү. Ал бир убакта жарандык жана аскердик транспорттун чоң агымын көтөрүүгө ылайыкталган эмес.
«Эгер транспорт агымы ушул маршрутка багытталса, биринчи кезекте бул аскердик логистиканы жайлатып, татаалдатат. Бул буга чейин эле Крым көпүрөсү аркылуу эмес, кургактыктагы коридорлор аркылуу жүргүзүлүп келген камсыздоого да таасирин тийгизет. Кандай болгон күндө да, аскердик логистика өңүтүнөн алып караганда, Крым көпүрөсүнө жасалган бул сокку түштүк багыттагы аскердик топтун камсыздалышын кыйла татаалдатат», - деди Гендельман.
Жаралган көйгөйдү дагы бир жагдай күчөтүүдө. Маалыматтарга караганда, 17-ноябрда украин күчтөрү дагы бир ири көпүрөгө зыян келтирген. Ал көпүрө Крым менен Ростов-на-Дону шаарын байланыштырган түз автоунаа жолунун бир бөлүгү. Ростов-на-Дону Таганрог порту аркылуу Украина чек арасына чыккан жолдогу маанилүү аскердик түйүндөрдүн бири болуп эсептелет.
«Ири инженердик иштер талап кылынат»
Инфраструктуралык объекттер боюнча адистешкен инженерлердин баамында, көпүрөнүн автоунаа өтүүчү бөлүгүн оңдоо эң жакшы шартта деле болжол менен бир жылга созулушу мүмкүн.
«Бул үчүн абдан чоң көлөмдөгү инженердик иштер талап кылынат. Менимче, аны алты айдан аз убакытта бүтүрүү мүмкүн эмес. Кыязы, бир жылдан да көп убакыт талап кылынат», - дейт Константин Криволап.
Британдык инженердик-консалтинг компаниясы COWIнин улук техникалык директору Дэвид Маккензинин айтымында, жаңы көпүрө бөлүгү адегенде Азов деңизинин жээгинде чогултулуп, андан кийин суу аркылуу жеткирилип, ордуна көтөрүлүп орнотулушу керек.
«Бул автоунаа көпүрөсү темир жол көпүрөсүнүн ичинде жайгашканына байланыштуу. Ошондуктан даяр конструкцияны Кара деңиз тараптан алып келүү мүмкүн эмес», - деп түшүндүрду ал.
Азов деңизинин бүт жээги Украина көзөмөлдөгөн аймактардан 300 чакырымга жетпеген аралыкта жайгашкан. Бул бир нече айга созулушу мүмкүн болгон жаңы конструкцияларды даярдоо иштери украиналык дрондор менен ракеталар үчүн салыштырмалуу жеңил бутага айланышы мүмкүн дегенди билдирет.
Крым көпүрөсүнүн арка бөлүгү курулуп жаткан учур. 2017-жылдын сентябры.
Маккензинин айтымында, азыр Керч кысыгы аркылуу кеме каттамына тоскоол болуп жаткан көпүрөнүн урандыларын бир же эки жумада тазалоого болот. Бирок бул үчүн аба ырайынын начарлап кетпеши же Украина тараптан сокку урулбашы керек. Ошол эле учурда Кремл эмнени биринчи калыбына келтирүүнү чечүүгө аргасыз болот: кеме каттамынбы же автоунаа кыймылынбы.
«Көпүрө аркылуу автоунаа үчүн убактылуу өтмөк уюштуруп, ошол эле учурда кемелердин өтүүсүн камсыз кылуу мүмкүн болбойт», - деди ал.
Вашингтондогу Аскер-деңиз анализ борборунун эксперти жана АКШнын мурдагы аскер-деңиз кеңешчиси Майк Петерсен суу жолу качан толук ачыларын алдын ала айтуу кыйын экенин белгиледи.
«Украина каналды тазалоо боюнча ар бир аракетке тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Бул болсо каттамдын жабык турушун белгисиз мөөнөткө чейин узартышы ыктымал», - деди ал.
Салыштыруу үчүн Петерсен 2024-жылы Балтимордогу Фрэнсис Скотт Ки көпүрөсү урагандан кийин АКШ бийлигине кеме жүрүүчү каналды тазалоого 76 күн кеткенин мисал келтирди.
«Географиялык, гидрографиялык жана климаттык шарттар куткаруу иштеринин тез жүргүзүлүшүнө тоскоол болот. Анын үстүнө бул иштер каршылык көрсөтүлгөн шартта жүргүзүлүшү мүмкүн», - деди эксперт.
Петерсендин пикиринде, Керч кысыгы аркылуу кеме менен жүк ташуунун жалпы көлөмүнө кандайдыр бир олуттуу таасир тийгизүү мүмкүн деле эмес. Анткени Украина кемелерге жана портторго чабуулдарын күчөткөндүктөн Орусия жүк ташуунун олуттуу бөлүгүн Балтика деңизиндеги жана Тынч океандагы багыттарга буруп кеткен.
«Бул согуштун эң маанилүү экономикалык кесепеттеринин бири - Орусия экспортунун батыштагы жана түштүктөгү терминалдардан Ыраакы Чыгышка жапырт түрдө багыт алышы болду. Натыйжада Азия-Тынч океан аймагы Орусиянын экономикалык кызыкчылыктары үчүн мурдагыдан да маанилүү болуп калды», - деди ал.
Крымдын өзүндө айрым азык-түлүк дүкөндөрүндө эл баарын көп өлчөмдө сатып ала баштаганы, ал эми май куюучу жайларда кезек көбөйгөнү кабарланууда. Жайкы туристтик сезондо жарым арал азык-түлүк менен күйүүчү майдын тартыштыгынан кыйла убара тарткан эле. Ал тургай жергиликтүү бийлик бир маалда бензинди талон менен сатууга да өткөн.
Instagram социалдык тармагына жарыяланган видеодо өзүн Влада Ильинична деп тааныштырган аял мындай дейт:
«Эмне үчүн мындай дүрбөлөң болуп жатат? Түшүндүрүп бергилечи. Май куюучу жайларда узун кезек. Эл тамак-ашты дүңүнөн сатып ала баштады. Эмне үчүн? Көпүрөнү жардырып жиберишсе эмне болуптур? Мындай нерсеге көнүп деле калган жок белеңер?»
Ошол эле учурда Виктория Батурина-Казбанова аттуу дагы бир аял дүрбөлөңгө негиз жок экенин айтты. Анын сөзүнө караганда, айрым май куюучу жайларда кезек болгону менен абал кооптуу деле эмес.
«Баары жайында. Азык-түлүктүн баасы өзгөргөн жок. Эл тынч. Баары кадимкидей эле жүрүп жатат. Жаңы көпүрө бөлүгү мурдагысынан да кооз жана бекем болот деп баары ишенип жатат», - деди ал.
18-ноябрдын кечинде Орусия дайындаган Крым башчысы Сергей Аксёнов Крым көпүрөсү бир жуманын ичинде үчүнчү жолу чабуулга кабылганын билдирди. Бирок бул маалыматты көз карандысыз булактар аркылуу ыкчам ырастоо мүмкүн болгон жок.
Макаланын түп нускасы бул жерде
Авторлору: Dmytro Yevchyn, Amos Chapple, Mike Eckel