Легендарлуу парламент: Саясатка алып келген жол, Кумтөр үчүн күрөш
Эгемен Кыргызстандын тарыхында Рамазан Дырылдаевдин өз орду бар. Ал убагында биринчилерден болуп Кумтөр тууралуу чындыкты элге жарыялаган. Замандаштары анын бул кадамы тагдырына түздөн түз таасир этип, саясий куугунтуктун айынан жер оодарып кетишине себеп болгонун айтышат.
Саясатчы Азимбек Бекназаров эгемендиктин алгачкы жылдарында Рамазан Дырылдаев Легендарлуу парламентте түзүлгөн алтын комиссиясында негизги ролду ойногонун айтып берди.
Азимбек Бекназаров
"Рамазан Олоконович 1989-жылы февралда 11-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланып келген. Милициянын полковниги болгон. Кыргызстандын эгемен тарыхына Легендарлуу парламенттин башка депутаттарындай эле эмгек сиңирген. 1992-жылы Аскар Акаев Бирштейн деген досун чакырып келип, Кумтөрдү берип койгондо Дырылдаевдин демилгеси менен парламентте алтын комиссиясы түзүлгөн. Комиссия Швейцарияга Борис Бирштейн алып кеткен 2 тонна алтын кимдин колуна тийип, кантип көз боёмочулук болгонун ийне-жибине чейин иликтеп чыккан. Ошондо Дырылдаев юрист катары чоң роль ойногон. Алтын комиссиясына мүчө Шергазы Мамбетов, Турдакун Усубалиев, Кубанычбек Идинов баштаган күчтүү депутаттар Кыргызстандын алтын кендеринин тарыхын Борис Бирштейн чечип калганын парламентте Акаевдин көзүнчө далилдеп беришкен. Анан президент аргасыз Бирштейн досунан кечтим деп, 1994-жылы ошол кездеги премьер-министр Турсунбек Чыңгышевди отставкага кетирип, ордуна Апаз Жумагуловду алып келген".
Дагы караңыз
Исановдун табышмактуу өлүмү - тарыхтагы кара такКумтөр кени ошол жыйындан 28 жыл өткөндөн кийин гана Кыргызстандын колуна өттү. Ал арада Жогорку Кеңеште алтын кени боюнча далай комиссия түзүлүп, иликтөөлөр жүрүп жатты.
"Кумтөр боюнча андан кийин далай комиссия түзүлдү да. Ошонун баары 1992-1994-жылдары Рамазан Дырылдаев топтогон маалыматтар менен иш жүргүзүп келди. Азыр деле Кумтөрдү гана кайтарып алганыбыз болбосо, кендердин көбү чет өлкөлүктөрдүн колунда да. Муну биз моюнга алышыбыз керек. Анын баарынын чет өлкөгө кетишинде ошол Акаевдин тушунда жарымы мамлекеттик, жарымы менчик "Сиабеко" компаниясы жана анын башында турган Борис Бирштейн себепкер болгон. Жерүй ошондо эле кеткен. Кийин "47 млн доллар карыз болуп, аны төлөгөнү үчүн орустарга бердик" деп Атамбаев актанбады беле. Ошонун баарын Бирштейн кылган. Аскар Акаев Кыргызстандын бүтүндөй алтын кенин ошол кишинин колуна берип койгон. Өндүрүлгөн эки тонна алтын дагы Швейцарияга чыгарылып кеткен. Орусияда 14 тоннадай алтын калып кеткен. Дырылдаев ошонун баарын документтердин негизинде далилдеп берген. Алтын комиссиясы бул иштердин бетин ачкандан кийин бийлик 1994-жылы апрель айында Жогорку Кеңештин сессиясын өткөрбөй, көпчүлүктү түзгөн өкмөттүк депутаттарды келтирбей койгон. Легендарлуу парламентти тараткан эмес, жөн гана иштетпей коюшкан".
Дагы караңыз
Кумтөр келишимдеринин кейиштүү таржымалыРамазан Дырылдаев совет доорунда милициянын эл аралык кылмыштарды иликтөө бөлүмүндө эмгектенип, полковник чинин алган.
Бул кесиптин пайдасы депутат болгондо тийип, Кыргызстандын алтыны сыртка ташылып жатканы тууралуу маалыматтарды биринчи болуп билип, документтерди топтогонун 2021-жылы жергиликтүү медиалардын бирине курган маегинде айткан.
"Кыргызстандын алтыны ташылып жатат деген маалыматтар түшүп жатты да. 1994-жылы сессияда карайлы деп күн тартибине киргизгенбиз. Аскар Акаев каршы болуп, Ошто 200 депутат күтүп отурса, учакты үч-төрт саат учурбай коюптур. Коркутуп-үркүтүп, күчкө салып Легендарлуу парламентти таратып жиберди да. 1998-жылы Ысык-Көлгө цианид төгүлгөндө миңдеген киши "иликтегиле" деп митинг өткөргөн. Барскоондо биз дагы жүрдүк. Аны да Акаев жаптырбадыбы. Борис Силаев менен мурдагы премьер-министрди Нью-Йоркко алып барып, "Камеко" менен сүйлөшүп келди да. Кумтөр Акаевдин тушунда 15 жыл казылды да. Биз Кыргызстандын кендеги үлүшү 68% болушу керек деген талап койгонбуз. Ошону кыскартып отуруп Николай Танаев премьер болгондо 23% кылышкан. Андан кийин дагы кыскартышты. Себеби, Аскар Акаевдин өзүнүн жеке кызыкчылыгы болгон. Эгер Кумтөр жакшы иштегенде, азыр арабдардан кем эмес жашамакпыз. Кыргызстанда азыр 2400 кен бар, ошонун баарын кытайлар иштетет, анын баарын алыш керек", - деген Рамазан Дырылдаев.
Дагы караңыз
Кумтөр: мурдагы үч президентке козголгон кылмыш иши"Бакиев демократияны түшүнбөгөн киши"
Кумтөр чыры Легендарлуу парламентти тараткандан кийин Рамазан Дырылдаев эл аралык Адам укугу боюнча кыргыз комитетине төрагалык кылган. Бул ишмердиги бийликке жакпай, 2000-жылы өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.
"Акаевдин №1 душманына айланган. Башында ички иштер министри кылабыз деп алдашкан, көнгөн эмес. Анан ар кандай иштерди козгой бергенде аргасыз үй-бүлөсү менен чет өлкөгө чыгып кеткен биринчи кыргыз саясатчысы болгон. Ал жакта Адам укуктары боюнча комитетте иштеп жүрдү. Кыргызстандагы адам укугу, сөз эркиндиги болсун дүйнө коомчулугуна жеткирди. Аксы окуясында чет өлкөдөгү эл аралык комиссия катары чоң роль ойногон. Ал киши бизге окшоп публикага чыга берген бакырчаак эмес эле. Бирок документ чогулткан, жазган жагынан кыйын болчу", - деди Азимбек Бекназаров.
2005-жылы Кыргызстанда оппозициялык топтордун күчү менен бийликте 15 жыл турган Аскар Акаев тактан кулаган. Анын ордуна мурда премьер-министр болуп, кийин бийликке сын айтып жүргөн Курманбек Бакиев келген.
Дагы караңыз
"Фабрика куруу Бакиевдерди жоопкерчиликтен бошотпойт". Араздашкан "апрелчилер"Бирок анын беш жылдык башкаруусунда сөз эркиндиги буулуп, бир катар саясатчыларга, журналисттерге иш козголуп, камалып, сабалып, ал тургай өлүмгө кириптер болушкан.
Кыргыз тарыхында кандуу жылдар катары калган ошол учурда Рамазан Дырылдаев чет өлкөдөн бийликтин бул аракеттерине көз салып турган. 2010-жылы 14-январда "Азаттыкка" курган маегинде ал Бакиевди "демократияны түшүнбөйт" деп сынга алган.
"Бакиев демократия эмне экенин түшүнбөгөн киши. Акаевдин тарбиясын көргөн, ошол режимде өскөн, эч качан бул демократ боло албайт деп жалгыз мен айткам. Бул 2005-жылы филармонияда 1500 киши катышкан форумда айтылган сөз, андан кийин август айында курултай болуп ошондо да айткам, бул жарабайт деп. Бирок тилекке каршы ошол кезекте эч ким ишенбей туруп алды, ошентип элдин баарын алдап отуруп, акырын кошоматчылардын барын чогултуп алып, бир туугандарын бийликке койду, Акаев балдарын, кыздарын койгондой".
Дагы караңыз
Р. Дырылдаев: К. Бакиевден демократ чыкпасын 2005-жылы эле айткамМуну менен катар ал Азимбек Бекназаров камалганда Аксы окуясы болуп бийлик алмашканын, Бакиевдин режими Исмаил Исаковду сегиз жылга соттоп, ошол катаны кайталап жатканын белгилеген.
"Биздин уюм атайын билдирүү таратып, Исмаил Исаковду Бакиевдин режиминде сот сегиз жылга кести, анда Бакиев өзүнүн уулун, бир туугандарын мамлекеттик жогорку кызматтарга койгондугу үчүн өмүр бою түрмөдө отуруш керек, кесилиш керек деп жаздык. Акаевдин мезгилинде юридикалык механизмди колдонуп, сот аркылуу ири өлчөмдөгү айып салып күрөшчү. Бакиевдин заманында коркутуп, жок кылып, өлтүрүп жатпайбы. Акаевдин заманы менен Бакиевдин заманынын ыкмалары эле бөлөк. Сабаган жолдорго өткөндүктөн мына Абдылдаевди (Сыргак Абдылдаев-ред.) сабап азыр ал Швецияда жүрөт, ошентип баарын кетүүгө мажбур кылып атпайбы".
Рамазан Дырылдаев жетектеген Адам укуктары боюнча кыргыз комитети бул билдирүүнү жасагандан эки жарым айдан кийин Кыргызстанда бийлик кан төгүү менен алмашкан. Курманбек Бакиев жана анын жакындары сыртынан соттолуп, ушул кезге чейин чет өлкөдө жүрүшөт.
"Чет өлкөдө туруп адам укугун коргогон”
Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова эгемендикти жаңы алган жылдардагы бийликтин мыйзам бузууларын ачык сындаган Рамазан Дырылдаев ачык коом курууга чоң салым кошконун айтты:
Tөлөкан Исмаилова
"Эгемендик түптөлгөндөн тарта Кыргызстанды жакшы жолго буралы деген аракеттер болгон. Рамазан Дырылдаев ошол кезде сынчыл көз карашы менен эгемендик кошо менен акыйкаттык орношуна салым кошкон. Акаевдин бийлиги Кумтөрдүн айынан Легендарлуу парламентти таратып, төрт журналистти камаган. Ага чейин эркин гезиттерди жапкан. Конституция жана эл аралык келишимдерди Акаев анча тоготкон эмес да. Дырылдаев ошонун баарын анализдеп макалаларды жазып турган. Биз менен өнөктөш катары кеңешип турчу. Эл аралык конвенцияларды Кыргызстан кабыл алсын деп көп аракет кылды. Акаевдин режими куугунтуктап, Венада жашап жүргөндө ал жетектеген Адам укугу боюнча кыргыз комитети көп жакшы иштерди кылган. Бул киши абактардагы абалдын жакшырышына, ачык коом курууга чоң салым кошкон. Анын баарын биз баалайбыз".
Рамазан Дырылдаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши боюнча коомдук комиссияны жетектеген.
Соңку жылдары Кыргызстандагы өзү күбө болгон окуяларды топтоп, китеп чыгарсам деп жүргөнүн журналист Нургазы Анаркулов Фейсбук баракчасына жазды.
Нургазы Анаркулов
"Бир жолу барганымда “менин башымдан дагы көптөгөн окуялар өттү эле, басма сөздө жарыяланган маектеримди, билдирүүлөрүмдү чогултуп, китеп чыгарып койсом жакшы болмок, жок дегенде небере-чеберелерим менин ким болгонумду унутпайт болчу” деп калды. Мен бул сунушка дароо макул болуп, китепти чогултуу жагын мойнума алдым. Редакциябыз тарабынан чогултулган материалдарды окуп олтуруп, көз алдыма чынында кайталангыс инсандын образы тартылды. Рамазан Олокеевичтин эч нерседен тартынбаган калыстыгы жакчу. Кандай окуя болбосун, ар дайым адилеттүү сөзүн айткандан кайтпаган инсан катары эсте калат. Анын китебинин аталышы - “Рамазан Дырылдаевдин демократия сабактары”. Кыргызстанда демократиянын, сөз эркиндигинин орношуна опол тоодой салым кошуп келди. Жарандык институттун бутка турушуна, сөз эркиндигин кеңири жайылтууга бүт өмүрүн арнады".
"Сени көргөнүм үчүн Кудайга ыраазымын"
Саясатчы Азимбек Бекназаров Анкарада каза болгон Рамазан Дырылдаев менен акыркы жолу 2024-жылы жолуккан экен.
"Акыркы жолу 2024-жылы мен түрмөдөн акталып чыкканда жолуктук. Ооруп жатыптыр. Балдары жетелеп келди. Кучакташып, учурашып "Сени көргөнүм үчүн Кудайга ыраазымын" деген. Үйгө да кире албай калдаңдап кеткен эле. Үч жолу инсульт алган да. Ошол бойдон Түркияда каза болду. Рамазан Дырылдаевдин жубайы Гүлмира Токомбаеваны билесиңер да, музыкант, пианинодо ойночу. Эки эркек баласы, эки кызы бар, неберелери көп эле. Баары чет өлкөдө. Мага каза болгонун уулу чалып, угузду. Сөөктү алып келиш кыйын болуп жатыптыр. Эртең-бүрсүгүнү Түркияда майрам экен, ошого жеткирбей элчилик алып келүүгө жардам берсе керек. Мындай элдин кен байлыгы, укугу деп күрөшкөндөр экинчи планда калып, президентке жакындар сыйлык алат да. Өлөрүнө жакын балдарына "Азимбек Бекназаровго айткыла, Ала-Арчадан орун тапканга жардам берсин" деген экен. Аксыда элем, азыр ошол маселени чечүү үчүн борборго чыкканы жатам", - деди Бекназаров.
Рамазан Дырылдаевдин "Азаттыкка" жети жыл мурда орус тилинде курган акыркы маеги.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Кыргызстан Адам укугу комитетинин негиздөөчүсү Рамазан Дырылдаев 1947-жылы Чүй өрөөнүндө туулган. Юридикалык жогорку билим алган соң, Ички иштер тармагында иштеген.
1992-1995-жылдары легендарлуу парламенттин депутаты болгон. 1995-жылы Париждеги, Женевадагы, Венадагы эл аралык укук коргоо уюмдарынын мүчөсү болгон Кыргызстан Адам укугу комитетине төрагалык кылган. 2000-жылдары Кыргызстандан чет өлкөгө башпаанек алып чыгып кетип, Европада жашаган.
Кыргызстандан четте жашаганы менен, өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна аралашып, 2010-жылы парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмесинде барган. Ошол эле жылы "Жаңы Багыт" саясий партиясын түптөгөн. 2013-жылы өмүр бою эркиндигинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан чыгарылышын иликтөө боюнча түзүлгөн коомдук комиссияга, 2022-жылы "Кумтөр голд компани" ишканасы Кыргызстандын карамагына өткөндөн берки анын алтын казуу, сатуу ишин жана компаниянын ишмердүүлүгүн изилдей турган коомдук комиссияга мүчө болгон.
"Азаттык" маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.