Исаков коомдук кеңештердин ишине кызыга баштады

Бишкекте мамлекеттик органдар менен коомдук кеңештердин кызматташтыгы талкууланды.

2010-жылы экс-президент Роза Отунбаеванын тушунда мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын камсыз кылуу максатында түзүлгөн коомдук кеңештер "үмүттү актаган жок" деген сын-пикирлер бар. Жыйындын алдында Кыргыз эл акыны Анатай Өмүркановдун КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамынан чыгуу тууралуу арызы ачыкка чыкканы да бул институттун дарегине карата сындарга жем таштады.

Премьер-министр Сапар Исаков жыйында мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза коом" долбоорун ишке ашырууда коомдук кеңештерге ишеним артып жатканын билдирди. Ошондой эле коомдук кеңештер кимдир-бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн эмес, эл үчүн иштеши керек экенин айтты:

- Коомдук кеңештер мамлекеттик орган жетекчилеринин тең укуктуу өнөктөштөрү катары актуалдуу маселелерди чечүүдө, анын ичинде коррупцияга каршы күрөштө көмөк көрсөтүшү зарыл. Коомдук кеңештердин иши кимдир-бирөөлөрдүн же айрым жарандардын кызыкчылыгын, жеке дымагын канааттандырыш үчүн эмес, ачык-айкын жүргүзүлүшү керек. Баарыбыздын жалпы максатыбыз бар. Ал - ар бир жарандын укугу мамлекет тарабынан максималдуу түрдө корголо турган демократиялык, дүйнөбий, гүлдөгөн мамлекетти куруу.

"Кара жашик" кайттыбы?

"Кара жашик" кайттыбы?

Коомдук каналдын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Тынчтыкбек Чоротегин аталган телеканалдын башчысы Илим Карыпбековго буга чейин материалдардын мазмуну боюнча эскертүү берилгенин, бирок ал сабак болбой жатканын белгиледи:

Жыйында сөз сүйлөгөн АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Алан Мельтцер демократияны өнүктүрүүдө коомдук кеңештердин мааниси чоң экенине токтолду.

Каржы министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү Чыңгыз Бексултанов болсо "Азаттык" радиосуна мүчөлөрдү тандоодо айрым маселелер жаралганын айтып берди:

- Биринчиден, Коомдук кеңештерди тандоо комиссиясы жакшы иштебей жүрөт. Дагы бир маселе - өкмөт түзүмүндө өзгөрүүлөр болбодубу. Бул жагдай да коомдук кеңештердин курамын тандоого таасир тийгизип жатат.

Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештер эки жылга, КТРКда беш жылга шайланат. Бул мезгил аралыгында "көп иштер аткарылбай калып жатат" деген жүйө менен алардын иш мөөнөтүн төрт жылга узартууну сунуш кылган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Коомдук кеңештердин координациялык кеңешинин өкүлү Канат Кубатбековдун айтымында, акыркы жылдары министрликтер, мекемелер көп учурда коомдогу резонанс жараткан окуяларга өз маалында жооп кайтарып жатат. Кубатбеков муну коомдук кеңештердин ишинин натыйжасы катары баалады:

- 2014-жылы коомдук кеңештер тууралуу мыйзам кабыл алынган. Ошондон бери жыл сайын жылдык жыйын өтүп келет. Анда коомдук кеңештер өз отчетун даярдап, коомго, мамлекеттик органдарга сунуш кылат. Алар жыл ичинде топтолгон маанилүү сунуштамаларды мамлекеттик органдардын жетекчилерине беришет. Жылдык жыйынга үч жылдан бери премьер-министр катышып жатат. Бул нерсе коомдук кеңештердин натыйжалуулугун көрсөтүүдө. Анткени, эгер өз кызматыбызды так аткарбасак, биздин сунуштарыбыз жок болсо, мамлекеттик органдар, премьер, өкмөттүн аппараты да биз менен иштебейт болчу. Ар бир коомдук кеңеш айына жок дегенде эки-үч сунушту тиешелүү жетекчилерге берет. Аны министрлик карап чыгат, эгерде ал конструктивдүү болуп, бюджетке ылайык келсе кабыл алат. Эгерде сунушту же реформаны ишке ашырууда тоскоолдуктарды көрсө, коомдук кеңешке бул тууралуу кат аркылуу расмий жооп кайтарат.

Ошону менен катар мамлекеттик органдардын ишин ачык-айкын кылуу максатында түзүлгөн коомдук кеңештер "үмүттү актабады" деген сын-пикирлер да жок эмес. 18-декабрда Кыргыз эл акыны Анатай Өмүркановдун КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамынан чыгуу тууралуу арыз жазганы ачыкка чыкты.

Анатай Өмүрканов.

- Иштегим келген жок. Алар менен ажылдап, ызылдап жүрмөк белем. Кетип калдым, азыр кулагым тынч. Алар жыйналыш кылып, анан бир чечимге келишет, - деген Өмүрканов өз кадамын бул кеңеште иштегиси келбегени менен түшүндүрдү.

Акындын арызынан кийин коомчулукта "коомдук кеңештер бийликтин камчысын чаап калды" деген көз караштар да айтылды. Анатай Өмүрканов бул кызматка экс-президент Алмазбек Атамбаев тарабынан көрсөтүлгөн. Ал 15-октябрдагы президенттик шайлоонун алдында Атамбаевди сындаган ырын жарыялаган эле. Ал байкоочу кеңештин курамынан чыгып кеткен биринчи киши эмес. Быйыл мартта саясий эксперт Сабыр Мукамбетов да "бир тараптуу кабарларды таратып жатат" деп нааразылык билдирип, КТРКнын байкоочу кеңешинин курамынан чыккан.

Саясат таануучу Алмазбек Акматалиевдин пикиринде, коомдук байкоочу кеңештердин ишке кириши менен мамлекеттик айрым органдарда ачык-айкындуулук пайда болгону байкала элек:

- Менин эсимде, башында, 2010-2011-жылы коомдук кеңешке жигердүү жарандар мүчө болуп кире баштаган. Андан кийин кандай жараяндар жүрүп жатканын билбейт экенмин. Бирок мамлекеттик органдардын ачык-айкындуулугу коомдук кеңештерге байланган жок деп эсептейм. Алар өз ролун жакшы аткарганын деле байкаган жокмун.

Кыргызстанда мамлекеттик органдардагы коомдук кеңештердин курамын тандоо комиссиясы бекитет. Коомдук байкоочу кеңештер 2010-жылы Роза Отунбаева президент болуп турганда мекемелердин ишинин айкындуулугун камсыз кылуу максатында түзүлгөн. Ага ошол тармакты жакшы билген коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, эксперттер кириши керек жана курамы кеминде жети кишиден туруп, 15 адамдан ашпоого тийиш. Жети жылдан бери жалпысынан 36 мекемеде коомдук кеңештер негизделген. Азыр анын жыйырма биринде кеңештер толук курамда иштеп, калганында тандоо сынагы жүрүп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.