Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Акыйкатчы КСДПга эмнеси менен жакпай калды?


Кубат Оторбаев.
Кубат Оторбаев.

Жогорку Кеңеште КСДП фракциясы акыйкатчы Кубат Оторбаевге ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алды.

Анда "фракциянын жыйынына эч себепсиз келбей жатат, иши тууралуу баяндама жасай элек" деген доомат айтылды. Акыйкатчынын аппараты болсо Оторбаев ооруп жатканы фракциянын катчылыгына кабарланганын билдирди.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев буга чейин Орусиянын Сахарово шаарчасында кармалып турган мигранттардын абалы менен таанышкан.
Акыйкатчы Кубат Оторбаев буга чейин Орусиянын Сахарово шаарчасында кармалып турган мигранттардын абалы менен таанышкан.

Парламенттеги КСДП фракциясы 15-декабрда акыйкатчы Кубат Оторбаевдин былтыркы иши тууралуу баяндамасын укмак. Фракция лидери Иса Өмүркулов Оторбаевди "жыйынга эч себепсиз келбей жатат" деп күнөөлөдү жана муну "тоготпогондук" катары баалады:

Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов.

- Кандайдыр бир себептер менен ал биздин фракцияны тоготпой жатат. Мына бүгүн дагы катышпай турганы боюнча кагаз түрүндө же болбосо башка маалымат жок. Буга чейин да жыйындарга келбеген учурларда себебин бышыктай турган документтер болгон эмес. Биз тараптан ката кетпесин деп баяндамасын угууга ниеттенгенбиз. Дайыма күн тартибине коебуз. Биздин жумушубузду токтотуп жатат. Ишибизге, планыбызга залалы тийип жатат.

Жыйында Кубат Оторбаевге ишеним көрсөтпөө маселеси көтөрүлдү жана Мурадыл Мадеминов фракциялаштарын жаңы акыйкатчы шайлоого чакырды:

- Жети-сегиз ай ден соолугуна байланыштуу жыйынга келе албаса, анда ишин тапшырып кетиши керек. Ал эл үчүн иштей турган орган. Ошон үчүн ишеним көрсөтпөшүбүз керек. Ордуна иштей турган, эл үчүн кызмат кыла турган адамды дайындап беришибиз керек.

Депутат Рыскелди Момбеков болсо Оторбаевди бул кызматка КСДП фракциясы көрсөткөнүн белгиледи жана анын ишин сынга алды. Ошондой эле бийликтин айрым бир чечимдерине каршы чыккан учурларын да эстеди:

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

- Азыр акыйкатчынын бар-жогу билинбейт. Акыйкат алсырап, чындык чыркырап жүргөн жерде биз акыйкатчыны көргөн жокпуз. Акыйкатчы Башмыйзам кабыл алынарда сындап чыкты. Ошол Башмыйзамды эл кабыл алгандан кийин ал моралдык жоопкерчилик тартып кызматтан кетиши керек болчу да. Ошол Башмыйзамдын негизинде иштеп, айлык алып жатпайбы. Ажолук шайлоодо эмне деген акыйкатсыздык болду? Добушка эмес, согушка чакырды. Чек ара жабылып, чектөө болдубу, кектөө болдубу, адамдардын укугу айлап-жылдап тепселенип жатты. Акыйкатчы чек арага барып алып оюн билдирдиби? Акыркы эле бир айдын ичинде төрт-беш окуучу асынып өлдү. Акыйкатчы бир үн чыгардыбы?

Акыйкатчы: аялдар менен балдарга түйшүк түштү

Акыйкатчы: аялдар менен балдарга түйшүк түштү

Акыйкатчы институту Кыргызстандагы аялдар жана жашы жете элек балдардын эмгекке болгон укуктары тууралуу атайын баяндаманы жарыялады.

"Азаттык" Кубат Оторбаев менен байланышып, комментарий алуу аракетинен майнап чыккан жок. Анын аппараты Оторбаев ооруп калганына байланыштуу жыйынга катышпаганын билдирди. Ага ылайык, Оторбаев 14-декабрда саламаттыгына байланыштуу бейтапканадан убактылуу эмгекке жарамсыздыгы тууралуу баракча алган жана бул жөнүндө фракциянын катчылыгына дароо маалымдалган. Ошондой эле билдирүүдө Оторбаев бир айдай мурун да ооруп калганы болбосо тиешелүү комитеттердин жыйындарына катышып жүргөнү, жылдык баяндамасы карала элек экендиги көрсөтүлгөн.

Мыйзам боюнча акыйкатчыны Жогорку Кеңеш шайлайт жана парламентте жылдык баяндамасы "канааттандыралык эмес" деп табылса, ишинен мөөнөтүнөн мурда кетет.

Кубат Оторбаев шайлоо учурунда мыйзам бузулуп жатканын, эрежелер сакталбаганын, административдик ресурс колдонулуп жатканын айтып чыккан. Быйыл Бишкекте нааразылык акцияларын өткөрүүгө убактылуу тыюу салынганын сындаган, сөз эркиндиги чектелип жатканын айыптаган. Мындан тышкары, оппозициялык маанайдагы айрым саясатчылардын жана депутаттардын сотторуна катышкан учурлары болгон. Кыргыз-казак чек арасында расмий Астана көзөмөлдү күчөткөндө кыргыз өкмөтүн зыян тарткан ишкерлерге жана дыйкандарга кенемте төлөп берүүгө чакырган.

"Деги буларга кандай адам жагат?"

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Равшан Жээнбеков аны кызматтан алуу демилгесин саясий себептер менен байланыштырды:

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

- Кубат Оторбаев деле негизинен КСДПнын жалпы саясий векторунан чыкпаганга аракет кылып келе жатат. Бирок Оторбаев кээ бир маселелерде алардын анча-мынча саясий векторунан чыгып кетип жатат. Ошол эле Конституция маселесинде каршылыгын билгизди. Саясий куугунтук боюнча өзүнүн көз карашын айтып койгон учурлары болду. Ушул нерсе КСДПга, айрыкча алардын лидерине жакпайт. Алар албетте, мындай нерсеге чыдабайт. Айла кеткенде ушинтип "жыйынга келбей жатат" же дагы башка шылтоолор менен кетиргенге аракет кылып жатышат. Бул саясий маселе. КСДПнын оюндагыдай акыйкатчы болбой, кээ бир убакта башкача сүйлөп жибергени жакпай жатат.

Эксперт Азамат Тынаев Кубат Оторбаевдин акыйкатчылык ишине оң баа берди:

Азамат Тынаев.
Азамат Тынаев.

- Жалпысынан Кубат Оторбаевдин акыйкатчы катары ишин оң бааласа болот. Анткени өзүнө тийиштүү иштерди аткарып жатат. Оторбаев прессага жеңил, оңой чыгат. Коомдук иш-чараларга өзү эле келип катышып, сүйлөгөнүнө өзүм бир канча жолу күбө болгом. Ага ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрүлүп жатканы мага да жаңылык болуп жатат. Себебин айта албайм. Балким кайсы бир бийлик бутагы менен тирешүү болуп жатабы же болбосо кимдир-бирөөлөргө өзүбү, жумушу жакпай жатабы, аки-чүкүсүн билбегенден кийин мен анысын айта албайм.

Азамат Тынаев Кубат Оторбаевге чейинки эки акыйкатчы - Турсунбек Акун менен Бакыт Аманбаев мөөнөтүнөн мурда кызматтан кеткенин белгиледи жана аны күмөндүү жагдай катары сыпаттады:

Буларга эми кандай акыйкатчы керек, такыр түшүнө албай турам.

- Эгер акыйкатчы бийликке жакпаса ал анда кандай болушу керек? Бул да чоң жана кызыктуу суроо. Турсунбек Акун, Бакыт Аманбаев жана Кубат Оторбаев бири-биринен кескин айырмаланган таптакыр башка адамдар. Буларга эми кандай акыйкатчы керек, такыр түшүнө албай турам. Кубат Оторбаев жана ага чейинкилерди эстегенде бул көрүнүштү, системаны жакшы деп айта албайм. Эгер Кыргызстанда акыйкатчынын өзүнүн укуга сакталбаса, ал башка жарандардын укугун сактап-коргогонго мүмкүнчүлүгү болобу же болбойбу деген негизги суроо да жаралат.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев 2013-жылы ошол кездеги акыйкатчы Турсунбек Акун менен гана бир жолу жолукканы тууралуу маалымат бар. Андан кийин шайланган Бакыт Аманбаев жана Кубат Оторбаев менен жолукканы, анда адам укугуна байланыштуу маселелер талкууланганы боюнча кабарланган эмес.

"Азаттык клубунда" Кубат Оторбаев
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:09 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG