Жаңы мэр Жанарбек Акаев жамаатка тааныштырылды
19-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Ош шаарынын мэриясынын борбордук аппаратына жаңы мэр Жанарбек Акаевди тааныштырды.
Өкмөт башчы мэр негизинен саясатка аралашпай, чарбалык иштер менен алектениши керектигин айтты.
Өкмөттүн басма сөз кызматы Министрлер кабинетинин башчысы мэриянын шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууда, жарандардын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдөгү негизги ролун белгилегенин маалымдады.
"Адылбек Касымалиев ошондой эле мэриянын түзүмдөрүнүн натыйжалуу жана ырааттуу иштешинин, мамлекеттик жана шаардык артыкчылыктуу программаларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Министрлер кабинетинин төрагасы Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевге жооптуу кызматта ийгиликтерди каалады", - деп айтылды өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматында.
Акаев мэрлик кызматты президент Садыр Жапаров сунуштаганын айтып, шаардагы маселелерди чечүү тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Ал Ошто жол тыгыны, башаламан курулуштар сыяктуу көйгөйлөр бар экенин айтып, мыйзамсыз делген курулуштарды буздурууда элдин да пикири эске алынарын айтты.
“Өлкө жетекчилиги “жаш, тың жана эң негизгиси, буга чейинки баскан жолу таза болсун, колу булганбаган болуш керек” деген талаптарды койду. Ошонун негизинде мен Ош шаарына келип отурам”, - деди Акаев.
Жанарбек Акаев 39 жашта. Ал Ош мамлекеттик университетин аяктаган. 2008-2015-жылдары “Азаттык” радиосунун Ош, Бишкек, Прага кеңселеринде журналист, “Азаттык+” жаштар программасынын, “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын алып баруучусу болуп эмгектенген. 2015-жылы алты айга чукул ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат катчысынын кызматын аркалаган.
2015-жылы Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты болгон. 2021-жылы “Альянс” партиясын жетектеп, эл өкүлү болуп шайланган. 2025-жылкы парламенттик шайлоодо бир мандаттуу №8 округдан жеңип чыккан.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жанарбек Акаев Ош шаарынын мэри кызматына киришти
Токторбаевдин кызматтан кетиши
Жеңишбек Токторбаев УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кадры экени, мындан улам кызматтан кетиши мүмкүн экени бир нече күндөн бери айтылып жаткан.
Бирок 17-февралда президенттин аппараты жана мэрия Токторбаев өз ордунда иштеп жатканын ырасташкан. Калаа башчы өзү да отставка тууралуу маалыматты четке каккан.
Жеңишбек Токторбаев "Азаттыкка" өзүн “эч ким кызматтан кет” деп айтпаганын, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, тескерисинче, 2026-жылы буга чейин башталган иштерди аягына чыгаруу тапшырмасын бергенин айткан. Ошто мыйзамсыз делген курулуштарды бузуу токтулганын кошумчалаган.
“Бизде “снос” токтоду. Буга чейин буздурулган объекттердин баарын бүтүрөбүз. Быйыл дээрлик “снос” болбойт”, - деген ал.
Бирок ошол эле кезде мектептердин айланасындагы мыйзамсыз коммерциялык жайлар буздуруларын билдирген.
Адылбек Касымалиев 17-февралда Ош шаарынын мэриясынын 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиясына катышып, ишкерлерди негизсиз текшерүүнү токтотуу талабын койгон.
11-февралда Жеңишбек Токторбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы тууралуу Ошто журналисттердин суроолоруна да жооп берген.
Анда ал Камчыбек Ташиевдин досу жана анын кадры экенин билдирип, Садыр Жапаров менен атайын кызматтын мурдагы төрагасы “ажырагыс достор” экенин жана акыркы окуялар тууралуу кенен маалыматы жоктугун кошумчалаган. УКМКнын мурдагы жетекчиси менен байланышканын жана эгер президент чечим кабыл алса кызматтан кетүүгө даяр экенин белгилеген.
“Ден соолугу жакшы экен. Анын (ред: Камчыбек Ташиевдин) жүрөгүндө беш стент бар да. Ошонун бири жылып кетиптир. “Президенттен Германияга 10-15 күнгө барып стентти ордуна койдуруп келейин деп уруксат сурап кеткем” дейт. “Эң өкүнүчтүүсү өздүк курам менен коштошо албай калдым” деген таарынычын айтты го. Бул эми эки достун өздөрүнүн мамилеси. Менин пикиримде эми өздүк курам менен коштошууга мүмкүнчүлүк берилсе керек. Эми аны өздөрү билет да. Мага Ош шаарын оңдо дедиңер, оңдоп атабыз. Биз президенттин чечимине макулбуз. Азыр кетесиң десе мен арыз жазып кеткенге даярмын”, - деди ал.
Токторбаев Ошто кандай иштерди кылган?
Жеңишбек Токторбаев “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутат болуп шайланган. 2025-жылдын башында Ошко мэр болуп дайындалган. Ошол кезде ал шаарды үч айда ирээтке келтирүүгө убада берген.
Кызматта турганда ал Оштун базарын шаар четине көчүрдү, калаанын ичиндеги каналдардын боюна салынган курулуштарды буздурду, Барсбектин айкелин жолду кеңейтүү үчүн алдырды, шаардын ичиндеги негизги көчөлөргө асфальт төшөдү жана жаңы жолдорду ачты. Муну менен катар шаардагы бак-дарактардын басымдуусу инфраструктура үчүн кыйылганы коомчулуктун көңүлүн бурган.
Анан тышкары мэрия мурдагы калаа башчы Мелис Мырзакматовго таандык 40 гектардан ашуун жерди өзүнө кайтарып алуу үчүн соттошуп жатат. Мэрдин Лөлү-Маалени, "Келечек" базарын көчүрүү демилгелери нааразылык жаратып, айрым ишкерлер басымга даттанышкан.
Мындан тышкары Токторбаевдин иш учурунда өзүн видеого тарттырганы, кол алдындагыларга жасаган мамилеси бир катар сын пикирлерди жаратып, интернетте аны туураган түрдүү мэмдер пайда болгон.
Өткөн жылдын ноябрь айында ал кафе-ресторандар менен оюн-зоок жайларын текшерип, түнкү саат 22:00дөн кийин электр энергиясын өчүрүү талабын койгон. Саат 22:00дө ишин токтотпогон жайлардын жарыгын, суусун бир айга өчүрүү тапшырмасын берген. Бул коомчулукта нааразылык жараткан.
Дагы караңыз Президент Бишкек жана Ош мэрлери "бөрк ал десе баш алып” жатканын айттыОш мэриясы бул ишти кыш мезгилинде электр жарыгын үнөмдөө жана “Тынчтык жөнүндө” мыйзамдын талаптарын аткаруу менен байланыштырган.
Президент Садыр Жапаров бул аракетти сынга алып, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери электр энергиясын үнөмдөө жана “Тынчтык мыйзамын” камсыздоо боюнча тапшырманы ашкере аткарып, “бөрк ал десе баш алып” жатканын Фейсбук баракчасына жазган.
“Элдин тынчтыгын бузуп, спирт ичимдиктерин ичип алып ызы-чуу салгандар чогулган түнкү клубдарды, ошондой эле түн бир оокумга чейин созулуп, 200дөн 800гө чейин киши чогулган тойканаларды иреттеп, мыйзамдын чегинде көзөмөлдөөнү тапшырганбыз. Ал эми силер болсо тамактануучу кафелерди, KFC сыяктуу тез татым жайларын да жаап, тынч отурган элди кубалап чыгарууга чейин барыпсыңар. Рейд маалында бизнес ээлерине орой мамиле жасап, жарыгын өчүрүп, суусун токтотууга тапшырма берипсиңер! Мындай кылбагыла, токтоткула андай аша чапканды!”, - деген Жапаров.
Ага чейин сентябрь айында президент Садыр Жапаров Ош мэрине катуу сөгүш берген. Президенттин администрациясы тараткан маалыматта сөгүшкө анын кайсы аракети негиз болгону көрсөтүлгөн эмес. Өкмөттөгү айрым булактар муну мэрдин "Ош-Ситидеги" жүрүм-туруму себеп болгонун билдиришкен.
Дагы караңыз Токторбаевге сөгүш "Ош-Ситиден" улам берилдиби?2023-жылы Ошто IT шаар куруу сунушталып, алгач 400 гектардан ашык жер бөлүнөрү айтылып, бир топ сөз болгон. Өткөн жылы 72 гектар бөлүнүп, мурдагы жайы алмаштырылып, былтыр февралда өлкө президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда капсула салынып курулушу башталган.
Коммерциялык, турак жай жана инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрү менен шаарды өзгөртө турган “Ош-Сити” комплексинин иши менен таанышууга 13-сентябрда барган Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев курулуш кечеңдеп жатканын айткан. Курулушту жүргүзгөн "Бизнес Хаус КЖ" компаниясынын жетекчилигине нааразылыгын билдирип, жетекчиликтерине четке чыгууга чектөө киргизүүнү сунуштаган.
Президенттин сөгүшүнөн кийин Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетүүгө арыз жазганы айтылган. Бирок президент арызды кабыл албай, машине белек кылганы тууралуу кабарлар тараган.
Сентябрь айында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу былтыр мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жеке пиар менен алектенгенди токтотушу керектигин эскертип, аларды "Ош мэрин туурап жатышат" деп сындаган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) болсо апрель айында Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин башка жактан келген автоунааларга Ош шаарына кирүү үчүн акы төлөтүү демилгесин сынга алган.
Дагы караңыз Төрага Тургунбек уулу өкмөттү соцтармактардагы "пиарды токтотууга" чакырдыМэр анда Ош шаарына күнүнө 56 миң автоунаа кирип-чыгарын, алардын ар биринен 50 сомдон төлөм алса да күнүнө 2,5 млн сомдон ашык киреше түшөрүн айткан.
Коопсуздук кызматы мэрдин бул демилгеси коомчулукта терс реакция жаратарын билдирген. Бардык кызмат адамдарын, жергиликтүү бийлик ээлерин бул сыяктуу "туура эмес идеялар жана билдирүүлөр" менен чыкпоого чакырган. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жеке пиар-өнөктөштүк менен алектенбей, аймактардагы тургундардын курч көйгөйлөрүн чечүүнү талап кылган.
Жеңишбек Токторбаев 2004-2008-жылдары Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаты болгон. 2013-жылы ошол кездеги депутаттар Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов камалганда, алардын бошотулушун талап кылган нааразылык акцияларга катышкан. Облустук администрациянын имаратына кирип баруу менен аяктаган окуяга байланыштуу Ташиевдин иниси Шаирбек Ташиев менен кошо камалып, үч жылга шарттуу кесилип, кийин акталган.
2021-жылдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо "Ата-Журт" партиясынын Бишкектеги координатору болгон. Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына "Ата-Журт - Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен келип, бир катар өкмөт мүчөлөрүн жана кызмат адамдарын сынга алган.