2021-жылы "Талибан" Ооганстандагы бийликти басып алар алдында Ахмад Дауд кийим тигүү бизнесин кеңейтүүнү, үйлөнүп, машина сатып алууну кыялданып жүргөн.
Бирок ислам динине жамынган согушкер топ кайрадан өлкөнү башкарып калганына беш жыл болгон тушта Дауд үй-бүлөсүнүн Кабулдун четиндеги дыйкан чарбасында иштеп, жашылча-жемиш өстүрүп жүрөт. Андан тышкары буюртма менен аялдардын кийим-кечесин жашыруун тигет.
“Университетте мода дизайнын окусам деп үмүттөнгөм. Түркиядан кездеме алып келип, өз коллекциямды жаратып, тигүүчүлөрдү жалдоо планым бар болчу. Мода көргөзмөлөрүнө катышып, өзүм тиккен кийим-кечени коңшу өлкөлөрдө сатууну элестетчүмүн. Бул кыялдарым ишке ашпай калды. Бардыгы башаламан болуп кетти”, - деп айтты “Азаттык” радиосуна 29 жаштагы жигит.
"Талибан" бийликти басып алып, дээрлик 20 жылдан кийин эл аралык контингент Ооганстандан чыгып кеткен соң ал өңдүү миллиондогон оогандыктын үмүтү өчтү.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"Талибан" бийлигине беш жыл: Ооган аялдарынын оор турмушу
Батыштын колдоосуна таянган ооган өкмөтү тушунда коррупция жана зомбулук кеңири жайылганы менен жаш, билимдүү оогандар, өзгөчө чоң шаарларда жашагандар эркин болчу, 2001-жылга чейин элестете албаган мүмкүнчүлүктөр ачылган. Ал жылы “Талибандын” биринчи режимин АКШ баштаган коалициялык күчтөр сүрүп чыгарган.
20 жылдан кийин бийликке кайтып келгенден бери талибдер дүйнөдөгү эң репрессивдүү режимдердин бирин орнотуу менен карапайым оогандарды, өзгөчө кыз-келиндерди эң негизги укуктарынан ажыратты.
Эл аралык коомчулук тааныбаган жана санкцияларга туш болгон өкмөттүн тушунда жакырчылык жана жумушсуздук өстү.
Кедейчиликтен жана катаал башкаруудан кутулуу үчүн жүз миңдеген ооган кошуна өлкөлөргө же Батышка качууга аргасыз болду. Бирок көптөгөн оогандар өлкөдөн чыга албай, согушкер топтун астында жашоону үйрөндү.
Ата-энеси жана карындаштары менен жашаган Дауд Ооганстандан кетүүгө акчасы жок экенин айтат. 40 миллион калкы бар өлкө талибдер бийликти басып алгандан кийин гуманитардык жардамдан кол жууп калган, экономикалык кризистин сазына баткан.
“Мен үйлөнө албай жүрөм, себеби аялым менен балдарымды бакканга акчам жок. Тапкан-жыйнаганымды ата-энем менен карындаштарыма коротом”, - деп түшүндүрөт Дауд.
Дагы караңыз
Түндүк Ооганстандагы чабуулдар "Талибан" үчүн чоң сынообу?"Талибандын" тушундагы жашыруун жашоо
Талибдердин кайтып келиши менен кыздар менен аялдардын башына карантүн түштү. Согушкер топ алардын сырткы келбетинен баштап кыймыл-аракеттерин, иштөө жана окуу укуктарын кыйла чектеди, коомдук турмуштан сүрүп чыгарды.
"Талибандын" кысымы менен же акчанын тартыштыгынан көптөгөн эркин медиа жабылып калгандыктан журналистика факультетин аяктаган Зайнаб Рамз көпкө чейин жумушка орношо албай жүргөн. Бирок эки жылдан кийин Кабулдагы радиостанциялардын бирине ишке орношот.
Кыз-келиндер маалымат каражаттарында иштей алганы менен ал жакта да көптөгөн чектөөлөргө туш болот.
“Көчөдөн эч ким токтотуп, эмне үчүн ишке баратасың же эмне үчүн жалгыз жүрөсүң деп сурабайт, коопсуз эле”, - деп айтат 27 жаштагы Зайнаб.
Бирок "Талибандын" башкаруусу кыз-келиндердин күнүмдүк турмушун абдан өзгөрттү. Алар ээн-эркин саякаттай албайт, коомдук жайларга, спорт залдарына, бассейндерге кирүүгө уруксат берилбейт, сулуулук салондоруна тыюу салынган.
Рамз үйүнүн тегерегинде чуркап жана жөө басканды жакшы көрчү. Эми чуркоо мүмкүн болбой калганын айтат. Эмне дегенде аялдар узун, кенен, денесин жашырган кийим кийүүгө милдеттендирилген, эркек тууганынын коштоосунда жүрүшү керек.
Мындай чектөөлөр айрым аялдарды тымызын иштөөгө түрттү. Мурдагы косметологдор үйлөрүндө жашыруун салондорду ачып, кардарлар аларга тааныштар аркылуу кайрылып турат.
Рамз жакында туугандарынын үлпөт тою алдында ошондой салондордун бирине барган экен. Ага кошуналар байкап калбасын деп арткы эшигинен кирүү керектигин эскертишкен.
“Элестетсеңер, тойдун алдында чачымды жасатыш үчүн тыңчылардын операциясын жүргүзгөнсүп, сулуулук салонуна жашынып барууга туура келди”, - деп башын чайкайт Рамз.
Ал үйүнүн жертөлөсүндө аялдар үчүн спорт залын ачкан мурдагы машыктыруучуну тааныганын айтат. Анын кошуналары үйүнө кирип-чыккан кыз-келиндерди байкап калып, талибдерге жеткиришкен. Бийлик чара көрө электе аял залды жаап үлгүргөн.
Дагы караңыз
Талибдер Брюсселде: Батыш оогандардын жаңы режимин тааныйбы?"Чоң нерселерден кыялданбай калдык"
“Талибан” жаш, билимдүү оогандардын мүмкүнчүлүктөрүн чектөөдөн тышкары мурдагы жашоосуна да балта чапты.
Насим Карими бир кездери өкмөттө иштесем деп ойлоп жүрчү. Университетти бүтүргөндөн кийин мамлекеттик кызматка орношом же парламентке ат салышам деп кыялданчу.
Бирок талибдердин саясий системасында парламент жок, бийлик дээрлик толугу менен радикал кыймылдын колуна топтолгон.
“Жаштар мурдагыдай кыялданбай, көп нерселерге умтула албай калдык”, - деп айтат 30 жаштагы Карими.
Ал эки жыл кошуна Иранда кара жумушта иштеп келди.
Акыр аягында Ооганстанга кайтып барып, менчик мектептер менен келишим түзүп, сабак берип жүрөт. Достору менен бирге менчик коллеж ачууга аракеттенип, бирок долбоорго кызыккан окуучулар аз болуп калып, ал ишке ашкан жок. Кариминин айтымында, көптөгөн оогандардын жогорку билим алуу чамасы чектелүү.
Жакында үйлөнгөн Карими эми туруктуу жумуш табууну гана эңсеп калды.
Ал айына 7 миң афгани (105 АКШ доллары) алат. Анын миңдейи жол киреге кетет, калган акчасы тамак-ашка, дары-дармекке, коммуналдык төлөмдөргө жана башка эң зарыл муктаждыктарга араң жетет.
Кариминин айтымында, ондогон жылга созулган согуштардан кийин көптөгөн оогандар бомбалоо же кол салуулардан чочулабай жок дегенде көчөгө чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууну, тынч жашоону каалашат.
Салыштырмалуу тынчтыктын куну кымбат болуп калды. Оогандар бир топ укуктарынан, мүмкүнчүлүктөрдөн жана үмүттөрүнөн ажырады. Көбү Ооганстандын 2021-жылга чейинкидей көрүнүшүнө кайтуусун күтпөй калды.
"Биз өлкөбүз кандай болсо, ошондой шартта жашоону үйрөндүк”, - деп айтты Карими.