"Ташылып аткан көлөм аз". Кыргызстан кара майдын жаңы булактарын кароого аргасыз

Бишкектеги май куючу жайлардын бири. 21-июль, 2026-жыл

Кыргызстан Орусиядан айына 100 миң тоннадан күйүүчү май ташып келүүнү макулдашты. Андан тышкары Азербайжан менен мунай жеткирүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. Күйүүчү май кризисинен улам Кыргызстан бул жаттагы импортту диверсификациялоо аракетин көрүүдө.

Азыркы кризис Украина Орусиянын агрессиясына жооп иретинде ал өлкөдөгү мунайды кайра иштетүүчү заводдорго сокку уруп, бир топ зыян келтиргенден кийин келип чыккан.

Орусиянын айрым региондорундагы жергиликтүү бийлик абал турукташып жатканын айтышат. Ошол эле маалда энергетикалык жайларга соккулар уланууда.

Москва ички керектөөнү камсыздоо үчүн күйүүчү май экспортун толугу менен токтоткон. Бирок 1-сентябрдан баштап өкмөттөр аралык келишимдердин жана гуманитардык жардамдын алкагында сыртка чыгарууга уруксат берилген.

Керектөөнүн 95 пайызын Орусиядан алган Кыргызстан жаңы булактарды кароого аргасыз болууда. Бааны туруктуу кармоо үчүн АИ-92, газ жана дизелге мамлекеттик субсидия киргизген.

Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектейт.

Кыргызстандагы май куючу жайлардын айрымдарында дизел жок

“Бүгүнкү күндө кырдаал жөнөкөй эмес. Анткени, өзүңөр билесиңер, биздин компаниялар Орусиядан көпчүлүк көлөмдү ташып келет эле. Бүгүнкү күндө ал жактагы мунай иштетүүчү заводдордун бизге берген сунуштары күндөн-күнгө азайып атат. Бензин боюнча бүгүнкү күндө сунуш таптакыр эле жок болуп калды. Башка мамлекеттерден биздин компаниялар ошол бензинди издеп жүрүшөт. Ал биздин жакынкы эле кошуналар – Казакстан, Кытай, Азербайжан, Беларус, Европа мамлекеттери. Кайсы мамлекетте мунай көп болсо, ошол мамлекеттерде биздин компаниялардын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жүрүшөт”, - деп айтты Мунай ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов.

Орусия жана Азербайжан менен келишимдер

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстан Кытайдан, Түркиядан жана Беларустан күйүүчү май ташып келгенин, ушул тапта өлкөдө бензиндин эки айга жете турган кору бар экенин билдирди.

Ал өкмөттүн биринчи милдети - элди кара май менен камсыздоо экенин айтып, күйүүчү-майлоочу майдын кымбатташын дүйнөлүк рыноктогу абал менен байланыштырды.

“Орусиянын өзүндөгү чектөөлөргө карабастан бизге колдоо көрсөтүп, күйүүчү майды Кыргызстанга жеткирүү кайра жанданат жана сапатынан, көлөмүнөн маселе болбойт”, - деди ал.

Буга чейин Данияр Амангелдиев 30-июлда Кыргызстан Орусиядан айына 100 миң тоннадан күйүүчү-майлоочу май ташып келүү боюнча келишимге кол койгонун айткан.

31-июлда президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев бир катар тармактардагы кызматташуу боюнча эки тараптуу документтерге кол койду.

Алардын арасында Энергетика министрликтеринин ортосунда мунай жана мунай продуктуларын жеткирүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум да бар.

Алтынбек Рысбеков Азербайжандан кара май ташып келүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, аны ишке ашыруу жолдору дагы талкууланарын айтты.

Кыргыз жана Азербайжан президенттери. Чолпон-Ата, 31-июль 2026-жыл

Азербайжан менен сүйлөшүүлөр буга чейин да жүрүп, бирок ишке ашкан эмес.

Саясат талдоочу, Кыргызстандын Бакудагы мурдагы элчиси Кайрат Осмоналиев жылына 20 млн тонна мунай экспорттогон Азербайжан Бишкекке кара май берүүгө макул экенин, бирок ортодо Казакстан тараптан тоскоолдуктар же кандайдыр бир чечилбеген маселелер бар экенин белгилейт.

"Кытайга саясий жана бизнес перспективасы артыкчылыктуу болуп жатат

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Беларус менен да импорт боюнча келишим түзүлгөнүн, ошондой эле Өзбекстан жана Казакстан күйүүчү май жеткирүү өтүнүчүнө оң жооп бергенин билдирген.

Июлдун башында Кытай күйүүчү-майлоочу майдын биринчи партиясын Бишкекке жөнөткөн. Бирок Канат Эшатов ал жакта келген мунайдын көлөмү күнүмдүк керектөөнү жабуу үчүн өтө эле аз экенин белгилеп жатат:

"Биздин бир күндүк ички керектөөбүз 1200 тоннага тете болот. Ал эми келип аткан көлөм андан аз. Бизге чоңураак көлөмдө, көбүрөөк келиши керек. Ошондо биз корубузду көбөйтүп, кырдаалды оңдой алабыз".

Айрым эксперттер белгилегендей, мунай рыногунда Бээжин экспорттоочу болбогондуктан, кызыкчылыгы жок жерге эч качан мунай саткан эмес. Андыктан өзүнө жетпей жаткан жакта Кыргызстандын жалпы калкына мунай бербейт болчу.

Кайрат Осмоналиев Кыргызстан бир алкак бир жол демилгесинин алкагында коридор катары артыкчылыктуу мааниге ээ экенине көңүл бурат:

"Алар үчүн бизге мунай жөнөтүп коюу аябай деле чоң маселе эмес. Анткени, мисалы 7 млн деген жадагалса бир шаардын калкындай чыкпайт. Ошондуктан, биз үчүн 1 млн тонна керек болсо, ал Кытай үчүн маселе эмес. Аларга саясий жана бизнес перспективасы артыкчылыктуу болуп жатат".

Беларус бийлиги биринчи кезекте өз рыногун ойлойт

Орусия өзү таңкыстыктан улам күйүүчү майды ошол эле Кытай, Казакстан жана Беларустан алууну улантууну көздөөдө.

1-25-июнь аралыгында Беларус кошуна өлкөсүнө 141 миң тонна бензин экспорттоптур. “Ведомости” жазганына караганда, Беларустун мунай иштетүүчү заводдору бир айда бул көлөмдүн жарымын чыгарат. Талап өскөндүктөн эки ишкана мунайды кайра иштетүү көлөмүн көбөйттү.

Рейтер кабарлагандай, жайында орусиялыктар суткасына 110-115 миң тонна бензин керектешет. Башкача айтканда, Беларустан келген кара майдын көлөмү бүтүндөй өлкөнү алганда бир жарым күнгө жетет. Бирок адистер кайсы бир регионго жардам бериши мүмкүн деп айтышат.

Орусияга ири көлөмдөгү бензин жөнөтүлүп жаткандыктан, Беларустун өзүндө кризис жаралбайбы деген маселе социалдык тармактарда катуу талкууланып жатат. Интернетте Орусия менен чек аралаш аймактарда бензин сатууга чектөө киргизилгени тууралуу маалыматтар тарап жатат. Бирок "Белнефтехим" компаниясы бул маалыматты төгүнгө чыгарды.

Экономикалык талдоочу Андрей Маховскийдин пикиринде, беларус бийлиги өз рыногун эстен чыгарбайт жана өз өлкөсүндө маселе жаратууга барбайт. Ошол эле маалда ал күйүүчү майдын кымбатташын жокко чыгарбайт.

КТК иштебей калганда Казакстан күнүнө 30 миллиондой доллар жоготкон

30-июлда Украинанын учкучсуз системалар күчтөрүнүн командачысы Роберт Бровди ай башынан бери Кара жана Азов деңиздеринде орусиялык 205 танкерге чабуул коюлганын билдирди.

Каспий куур консорциму

Ошол эле күнү Каспий куур консорциуму – КТК түн ичинде бир танкер соккуга учураганын, мунай жүктөө убактылуу токтогонун кабарлады.

Андан бир күн мурда казак мунайын КТК аркылуу ташуу тууралуу Казакстандын тышкы иштер министри Ермек Кошербаев АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен кеп кылган. Мамлекетик департамент телефон сүйлөшүүсүнөн кийин билдиргендей, башкы дипломаттар “энергетикалык коопсуздук маселесин, казакстандык мунайды Каспий куур консорциуму аркылуу үзгүлтүксүз ташууну” талкуулашты.

Ал куур менен казак кара майынын 80% сыртка сатылат. Ага Орусия, Казакстан, амеркиалык «Шеврон» жана бир нече компания, арасында «Лукойл» менен «Роснефть» ээлик кылат.

Орусия Украинаны КТКнын инфраструктурасына сокку урду деп айыптап келет. Ал эми Украинанын Казакстандагы элчиси Виктор Майко Киевдин ал чабуулдарга тиешеси жоктугун билдирди.

23-июлда Казакстандын Энергетика министрлиги Кара деңизде мунай жүктөө коопсуздук максатында токтотулуп, өндүрүш көлөмү кыскартылганын билдирген.

Төрт күндөн кийин Каспий куур консорциуму Казакстандын мунайын кайра кабыл ала баштаганы маалымдалган.

Рейтер агенттиги өз булактарына таянып жазгандай, чабуулдардын кесепетинен Казакстандын күнүмдүк мунай өндүрүшү дээрлик эки эсе азайган. Эксперттердин эсептөөлөрүнө ылайык, куурдун иши туруп калганда өлкө күнүнө 30 миллиондой доллар жоготууда.

Баса, казак президенти Касым-Жомарт Токаев 25-июлда Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукканда Украинадагы согушту убактылуу токтотууга чакырган. Айрым эксперттер анын билдирүүсүн экономикалык факторлор, асыресе КТКнын өз ишин чектөөгө аргасыз болгону менен байланыштырган.

29-июлда Тажикстан өкмөтү Кытайдан мунай продукциясын импорттоо мүмкүнчүлүгүн карап жатканы, маселени Дүйшөмбүдө өткөн жолугушууда өлкөнүн энергетика жана суу ресурстары министри Далер Жума менен Кытайдын Тажикстандагы элчиси Го Чжицзюн талкуулашканы маалым болду.

Тажикстан дагы күйүүчү май сатып алуунун жаңы багыттарын мздеп жатат.

Расмий маалымат боюнча, Тажикстан күйүүчү майдын 90% ашыгын Орусиядан импорттойт.

Өлкөдө дизелдин баасы акыркы эки айда литрине 11 сомониден 17 сомониге чейин жогорулады. Сом менен айта турган болсок 103 сомдон 160ка көтөрүптүр.

Статистикага кайрылсак, быйылкы жылдын алты айында Тажикстанга 600 миң тонна дизел, бензин жана авиациялык керосин ташылып келген. Былтыркы ушул эле мөөнөт менен салыштырганда бул 40 тоннага көп.

Күүйүчү май тартыштыгынын жалпы экономикага таасири

Азыркы кыйын кырдаал бир жагынан Кыргызстанды энергетика тармагындагы импортту диверсификациялоого түртүп жатат. Жалпы эле ар бир кризис жаңы чечимдерди издөөгө өбөлшө түзөт. Кара майдын тартыштыгы Кыргызстандын сырткы экономикасын же эл аралык соодадагы багытын бир топ диверсификация кылышы мүмкүн. Мурда бир эле Орусияга же Кытайга байланып келсе, учурда кыргыз соодагерлери же болбосо кыргыз мунай ташуучулары болобу ар башка рыноктордон өзүнүн багыттарын издеп жатышат.

Мунай каатчылыгы Кыргызстандын экономикасына кандай залака алып келиши мүмкүн деген суроо да пайда болууда. Маселен бензин жана дизелдин тартыштыгы өлкөнүн бир эле транспорт тармагына эмес дээрлик бардык тармактарына таасир этет. Алсак күйүүчү май кымбаттаса, жүк ташуунун баасы да өсөт. Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) статистикасын карасак, Кыргызстан жылына 60 млн тоннадан ашуун жүк ташыса, анын 82% автотранспорт, 17% темир жол менен ташылат. Ал эми аба транспорттун үлүшү 1 пайызга да жетпейт. Демек, негизинен дизел менен иштеген жүк ташуу чөйрөсү олуттуу кыйынчылыкка тушугат. Натыйжада азык-түлүк, курулуш материалдары жана башка товарлар да кымбатташы мүмкүн.

Бирок Орусия менен түзүлгөн жаңы келишимдер, Азербайжан менен түзүлүп жаткан меморандумдар оптимисттик маанайды тартуулайт.