"Тилекматты билбегендер да күбө катары чакырылууда". Кудайберген уулунун соту уланды

Тилекмат Кудайберген уулу (Күрөңов). Архив.

Күбөлөрдү суроо уланууда

Бишкектин Ленин райондук сотунда 18-сентябрда Тилекмат Кудайберген уулунун (Күрөңов) иши боюнча отурум уланды. Түшкө чейин төрт күбө суралды, күндүн экинчи жарымына пландалган отурум болбой турганы жарыяланды. Буга прокурордун башка да сот процесси бардыгы себеп экени айтылды.

Кийинки отурум 25-сентябрга белгиленди.

"Азаттык" менен учкай маегинде активист абалы канааттандырарлык экенин айтып, сотто күбө катары бир топ саясатчы суралып жатканы тууралуу:

"Тиешеси барларды да, жокторду да тергөө айыптоо тараптан кошуптур. Кээ бирөөнү эмне себептен кошконун билбейм", - деп билдирди.

Сотто күбө катары көрсөтмө бере тургандардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мейкинбек Абдалиев да бар. Бүгүн ал сотко чакырылып, ошол жерден “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып Кудайберген уулу менен бир нече жыл мурда жолукканын, кененирээк маалыматты сотто айтарын кошумчалады:

Мейкинбек Абдалиев. Архив сүрөт.

"Биз 2022-жылы Америка Кошмо Штаттарына кесиптешим экөөбүз барганбыз. Ошол жерде жолукканбыз Филадельфия шаарында. Тергөөгө кайсы бир жылы чакырышкан "ушундай жолуккан экенсиңер" деп. Суроолоруна жооп бергем".

Бүгүнкү сот отурумуна президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мирлан Орозбаев да катышты. Ал журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартты, күбө катары сотто сурак берип жатып Кудайберген уулу менен жеке байланышы жоктугун айтты:

"Тилекмат Кудайберген уулун... Бийлик алмашкан учурда Бишкек шаарындагы борбордук аянтта көптөгөн активистер жүргөн, ошолордун катарында тааныйм. Тилекмат менен эч кандай алыш-бериш мамилебиз же бири-бирибизди тойго чакырган мамилебиз жок".

Сотто жалпысынан 28 күбө сураларын "Азаттыкка" активисттин атасы Кудайберген Күрөңов билдирди:

Кудайберген Күрөңов

"Бардыгы 28 күбө деп айыптоо тарап чакырып жатат "ушулар биздин айыптоону тактап, чындыкты айтып бериши керек" деп. 28дин ичинен 13 күбө суралды. 13 күбөнүн арасында таптакыр билбеген, көрбөгөндөрү да бар экен. Биздин түкшүмөлүбүз боюнча, аларды убагында "Тилекматка каршы көрсөтмө бересиң, сотко келгенде ошондой көрсөтмө берет" деген ишеничте болуп кошуп коюшкан. Сотко келгендердин баары ал айыптоону четке кагып жатат "эч кандай чакырык болгон эмес, көргөн эмеспиз" деп. Бул иш Ташиев УКМКны жетектеп турганда ачылган. Араб Эмираттарынан уурдоо жолу менен күчкө салып алып келишкен. Эми азыр жагдай өзгөрдү деп ишенип турабыз. Калыс каралып, чындык болсо деп бийликтен күтөбүз".

Кудайберген Күрөңов уулун кооптуу экстремисттей кылып камакта кармап жатышканына 18 ай болгонун кошумчалап, соттук териштирүүнү аны эркиндикке чыгарып улантса болмок деген да оюн билдирди.

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешиндеги талкуу

Freedom Now эл аралык укук коргоо уюму кыргызстандык активист Тилекмат Кудайберген уулунун (Күрөңов) ишин адамды чет мамлекеттен күч менен кармап келүүнүн мисалы катары атады. Уюмдун өкүлдөрү бул тууралуу 15-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңешинин 63-сессиясынын алкагында Негизсиз кармоо боюнча жумуш тобуна жасаган билдирүүсүндө айтты. Бул күнү топ өзүнүн жылдык баяндамасын кеңешке сунуштаган.

Freedom Now уюмунун маалыматына караганда, коррупцияга каршы жана экологиялык маселелер боюнча активист Тилекмат Кудайберген уулунун иши учурда Улуттар Уюмунун жумуш тобунун кароосунда турат.

Уюм белгилегендей, Кудайберген уулу Бириккен Араб Эмирликтеринде (БАЭ) паспорту жоголгонуна байланыштуу полицияга кайрылганда кармалып, расмий экстрадиция жол-жобосу жүргүзүлбөстөн Кыргызстанга күч менен өткөрүлүп берилген. Ал 2024-жылдын ноябрында Кыргызстанда камакка алынган.

Freedom Now уюмунун эсебинде, жаңы технологиялар бийлик органдарына чет өлкөдө жүргөн оппозициячыл активисттерге, ошондой эле алардын жакындары менен өнөктөштөрүнө басым көрсөтүүнү жеңилдетүүдө.

Укук коргоочулар БУУнун жумуш тобун мекенинен тыш жерде өз бийлигинен куугунтук көргөн учурларды документтештирүүнү улантууга чакырды. Ошондой эле БУУга мүчө мамлекеттер мындай аракеттерди алдын алып, иликтеп, аларга көмөк көрсөтүүдөн баш тартышы керектигин белгиледи.

Билдирүүдө кыргыз бийлигинин Тилекмат Кудайберген уулунун ишине байланыштуу позициясы келтирилген эмес.

Быйыл май айында да эл аралык Freedom Now укук коргоо уюму жана Hausfeld юридикалык компаниясы Кудайберген уулу БАЭден негизсиз кармалган деген жүйө менен Бириккен Улуттар УюмунунАдам укуктар боюнча жумуш тобуна арыз менен кайрылган. Freedom Now Тилекмат Кудайберген уулун 2020-жылы COVID-19 пандемиясына, коррупцияга жана экологиялык саясатка байланыштуу Кыргызстандын бийлигин сындап чыкканы менен таанылган саясий активист деп атаган.

"Бийликти басып алууга чакырык болгон эмес"

Кудайберген уулу 4-сентябрда сот залынан чыгып баратып “Азаттыкка” учкай пикирин билдиргенге үлгүргөн:

“Бүгүнкү күнгө чейин бир дагы жаран бийликти басып алганга чакырык кылган жок. Мен дагы, Ташиев дагы, Каныкей Аранова дагы... Эч ким андай чакырык кылганга, бийликти басып алганга реалдуу кадамдарды кылган жок. Бул боюнча козголгон иштердин баары фальсификация”.

Активисттин иши быйыл февралда сотко өткөн. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу”, “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”, “Массалык башаламандыктар”, “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” деген төрт беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Соттук отурумдарда иш боюнча күбөлөр көрсөтмө берип жатат. Маселен, буга чейин саясатчылар Нуржигит Кадырбеков, Бектур Асанов, Урматбек Самаев, Мамбетжунус Абылов, Таалайбек Ибраев процессте болгон.

Дагы караңыз

"Өз оюмду айткам". Мавлян Аскарбековдун иши сотко өттү

Дагы 15тей күбө бар экенин Кудайберген уулунун адвокаты “Азаттыкка” ырастаган. Ал тизмеде активисттер Атай Бейшенбек, Илгиз Шаменов, саясатчылар Кубанычбек Кадыров, Жеңиш Молдокматов, экс-депутаттар Эмил Жамгырчиев, Орозайым Нарматова бар.

2022-жылы Кудайберген уулу Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга алмашылышына нааразылык билдирген активист-саясатчылардын тобуна кошулуп, буга каршы позициясын айтып чыккан. Ошол жылдын октябрында укук коргоо органдары активист-саясатчылар тобунун отуздай мүчөсүн кармаган маалда ал Казакстанда жүргөн жеринен Орусияга өтүп, андан ары АКШдан башпаанек алган. Кошмо Штаттарда жүрүп ал кыргыз бийлигин сындоосун уланткан. 2024-жылдын январында Кыргызстан аны мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга айыптап, сыртынан камакка алуу ордерин чыгарган.

"Кемпир-Абад иши" боюнча айыпталып, соттон акталган саясатчы Мамбетжунус Абылов сотто күбө катары көрсөтмө бергенин “Азаттыкка” ырастаган:

Мамбетжунус Абылов

“Бийликтин дарегине кичине сын айтып койгондун баары эле бийликти басып алуу беренеси менен камалып жатышат. Анын ичинде биз да барбыз. “Кемпир-Абад кетпесин” деп койсок, бийликти басып алганы жатышат деп камап, төрт жылдык өмүрүбүздү ошол жакта өткөрдүк. Бул баланы Кемпир-Абад боюнча Өзгөндө курултай өткөргөндө көргөм. Башка эч кандай байланыш деле жок. Анда ага да суроо берди. Берилген көрсөтмөгө кандай дейсиз десе, "туура, бийликти басып алам деген эмесмин, аларга байланышым болбогон" деди. Сот деле менин аргументимди түшүндү деген пикирге келдим”.

Дагы караңыз

"Кызы энесин сагынып, кыйналды". Жогорку сот пикир үчүн соттолгон Аранованын арызын четке какты

Тилекмат Кудайберген уулу 2024-жылдын ноябрында кыргыз оппозиционерлери менен жолуктурууга убада кылган делген мурдагы депутат Эмил Жамгырчиев менен жолугуу үчүн Дубай шаарына барган. Активист кийин Фейсбукта билдирүү жасап, Жамгырчиев экөө кездешкен соң анын паспорту жоголуп кеткенин, кыргыз бийлигинин өтүнүчү менен полициянын колуна түшкөнүн жарыялаган. Кийин бошотулуп, документи жок болгондуктан Бириккен Араб Эмирликтеринде (БАЭ) жарым жылдай жашаган. Жамгырчиев анын айыптоолорун төгүндөгөн.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 2025-жылдын 19-апрелинде чет жакта жүргөн активист БАЭден кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин, конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шек саналып жатканын жана эл аралык издөөдө болгонун билдирген. Ошол жылдын 21-апрелинде Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алган. 2026-жылдын февралында Бишкектин Ленин райондук сотунда ага айыбы угузулуп, соттук иши башталган.

Тилекмат Кудайберген уулунун ишине байланыштуу кармалган төрт кишиге – укук коргоочу Рита Карасартовага жана башка С.Ф.А., М.О.Б. жана Ш.Э.К. аттуу жарандарга сот өкүмү чыгып, “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылышкан. Алар пробация менен сот залынан бошотулуп, ар бирине 50 миң сомдон айып пул салынган.

Дагы караңыз

"Айыбымды түшүнбөйм". Абактагы Тилекмат Кудайберген уулу сотко өтүнүч келтирди

2021-жылы Кудайберген уулу президент Садыр Жапаровдун Конституцияны өзгөртүү сунушуна каршы тынчтык митингин өткөрүүгө аракет кылганы үчүн кармалып, Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен ошол жылы 1,5 жылга абакка кесилген. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”, “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренелери менен күнөөлүү деп тапкан. Активист жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу 2022-жылы эркиндикке чыккан. Ал өзү коюлган айыптарды четке каккан.

"Мыйзам каматат"

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар жана демократия өкүм сүрүп жатат деген пикирин мурдатан эле айтып келет. Мамлекет башчы жакында эле журналист Али Токтакуновдун YouTube каналына курган маегинде пикир үчүн абакта жаткандарды бийлик эмес, мыйзам каматканын белгилеген:

Садыр Жапаров

"Блогерлер деле ошолорду туурады да. Тигини деле, муну деле тартышат, анан "кокуй, бул туура эмес, ал туура эмес" деп кыйкыра беришет. Анткени тигилерден үлгү алган да. Анан мыйзамдар түзүлдү, жоопкерчилик алышты. Туура эмес маалымат таратсаң, бирөөнүн беделине шек келтирсең жооп бересиң деп. Аларды мен каматкан жокмун да, "кама" деп дагы айтпайм. Мыйзам каматат. Аларды суроо Ички иштер министрлигинин, УКМКнын милдети. Тартип деген болуш керек. Тартип болбосо, мамлекет чачырап кетет. Айрым учурда 5-10 суткага камашы мүмкүн".

Президент Кыргызстанда мыйзам иштегени үчүн "кемпирабадчылар" 100% акталганын, акын Аскат Жетигенди өзүн сөккөнү үчүн каматпаганын, буга башка себептер түрткү болушу мүмкүн экенин айткан.