Токаев Путинди "прагматикалык лидер" деп атап, Украинага "урмат-сыйын" билдирди

Касым-Жомарт Токаев немис канцлери Фридрих Мерц менен маалымат жыйынын өткөрдү. Берлин, 29-сентябрь, 2026-жыл

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев Орусиянын лидери Владимир Путинди "көрүнүктүү мамлекеттик ишмер" жана "Орусияны жетектөө үчүн эң ылайыктуу саясий фигура" деп атады. Бул тууралуу ал Берлинде немис канцлери Фридрих Мерц менен сүйлөшүүлөрдөн кийинки маалымат жыйында билдирди.

Токаев бир катар бизнес-форумдарга катышып, жетекчилер эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты.

Быйыл июлда Токаев Путин менен Омскиде жолукканда Украинадагы согушту убактылуу токтотуу зарылдыгын айткан эле.

Шейшембиде германиялык ARD телеканалынын кабарчысы казак президентинин ошол сөздөрүн эске салып, азыр Путинге эмне деп айтар элеңиз деп кызыкты.

Токаев Путинди "Орусияны жетектөө үчүн эң ыңгайлуу саясий фигура" деп атады:

"Президент Путин мамлекеттик ишмер, Орусиянын жетекчиси катары, балким, сиздерге таң калычтуу угулушу мүмкүн, бирок Казакстанды кошкондо Борбор Азия үчүн да, Европа үчүн да, бүткүл дүйнө үчүн да эң ылайыктуу саясий фигура. Ал татаал тарыхы жана өлкөсүнүн алдында турган стратегиялык максаттар тууралуу өз түшүнүгү бар ири мамлекетти башкаруу үчүн зарыл болгон сапаттарга ээ. Албетте, Украинада болуп жаткан окуяларга баарыбыз тынчсызданып жатабыз".

Токаев Казакстан башынан эле мамлекеттердин суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн сактоо принцибин жактап келгенин, украин элине, маданиятына, тилине терең урматын билдиргенин кошумчалады:

"Мен согушту дароо токтотуу тууралуу айткан эмесмин. Азыркы жагдайда ал оңой эместигин түшүнөм. Согуштук аракеттерди убактылуу токтотуп, андан соң дипломатиялык же башка форматтагы сүйлөшүүлөргө өтүүнү сунуш кылгам".

Казак президентинин бул сунушун ошол кезде Кремл четке кагып, жаңжалды убактылуу токтотуу мүмкүн эместигин айткан.

Токаев Астана-Москва мамилелерине да токтолуп, бир нече факторду эске алуу зарылдыгына басым жасады:

"Казакстан менен Орусиянын орток чек арасы 7597 чакырымды түзөрүн унутпаш керек. Бул дүйнөдөгү эң узун чек ара. Мунун өзү эле достук карым-катнашты өнүктүрүү фактору эмеспи? Казак жергесинде орус улутундагы 2,7 млн жараныбыз жашайт. Бардык өңүттөрдү эске алуу зарыл. Ойлонуп иш алып барыш керек".

Канцлер Фридрих Мерц Берлин Украинаны мындан ары да колдорун, өнөктөштөр ал өлкөнүн абадан коргонуу тармагын бекемдөө жолдорун издеп жатканын белгиледи:

"Учурда бул Украина туш болуп жаткан эң чоң көйгөйлөрдүн бири. Мен дүйнөнүн чар тарабындагы өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчылары менен жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Украинанын абадан коргонуу системасы үчүн зарыл болгон жабдууларды жеткирүүгө көмөктөшүүгө аракет кылып жатам. Учурда бул Киевдин эң талылуу жери. Украинанын энергетикалык тармагынын алдыдагы кышка даяр болушуна көмөктөшө алабыз деп үмүттөнөм".

Канцлер Орусия кошуна өлкөсүнүн жарандык инфраструктурасын бомбалаганын айтып, “андай согуш кылмыштары күнүгө болуп жатканын” белгиледи.

Токаев 28-сентябрда Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин чакыруусу менен эки күндүк расмий сапар менен Берлинге барган.

Сапардын алкагында немис башкалаасындагы жана Мүнхендеги бизнес-форумдарга катышты. Мындан тышкары Германиянын алдыңкы компанияларынын жана каржы институттарынын жетекчилери, университеттердин ректорлору жана илимий уюмдардын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү.

Казакстан Германияга мунай экспорттогон негизги өлкөлөрдүн бири. Статистикага ылайык, өткөн жылы ал өлкөгө 10 миллион тоннадан ашык мунай саткан. Токаев бул көлөмдү көбөйтүүгө ниеттенип жатканын айтты.

Мерц Берлин Астана менен кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөнү, Каспий аркылуу өтчү эл аралык транспорт маршрутун - Ортоңку коридорду өнүктүрүүнү каалаганын билдирди.

"Казакстан азыртадан эле Европаны мунай менен камсыздоого олуттуу салым кошуп жатат", – деди Мерц.

Орусиянын "Интерфакс" агенттиги сентябрдын ортосунда жазгандай, Казакстан 2027-жылы мунай өндүрүүнүн көлөмүн 96 миллион тоннага жеткирүүнү күтүп жатат.