Сариев былтыр эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 63% өсүп, 2,4 млрд долларга жеткенин, быйылкы жылдын сегиз айында Кыргызстандын Казакстанга экспорту дээрлик 14% көбөйгөнүн белгилеп, ошол эле маалда чек арадагы абал дале курч бойдон калып жатканын белгиледи.
"Азаттык" Темир Сариев менен байланышып, ишкерлердин абалы туурасында суроолорун узатты.
Темир Сариев
- Темир мырза, кыргыз-казак ишкерлер кеңешинин жыйынында чек арадагы көйгөйлөр ишкерлерге тоскоолдук жаратып жатканын айтып чыктыңыз. Мында жаңы фактыларды айтып жатасызбы же буга чейин болуп келген көрүнүштөрдөн улам маселе көтөрүп жатасызбы? Тоскоолдуктар эмнеден улам болуп жатат?
- Биринчиден, мен болуп келген көрүнүштөрдү айттым. Жүктөрдүн кезекте себепсиз токтоп калышы болуп келет. Кээде казак тарап жаңы эрежелерди киргизип калат. Ушуну айттым.
Экинчиси, туристтердин жайында, күзүндө келип жатышына байланыштуу көйгөйлөрдү айттым. Көп учурда биз да түшүнбөйбүз. "Эмне үчүн муну киргизип жатасыңар? Биринчиден, биз эң өнөктөш, жакын, бир тууган мамлекет болуп жатсак, экинчиден, чоң биримдикте мүчөбүз, үчүнчүдөн, Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда дагы бир топ келишимдер бар, түбөлүк достук деген. Ошолордун баары турганда эмне үчүн тоскоолдуктар болот? Бул тоскоолдуктар бир эле бизнесмендерге эмес, айланып келип ар бир биздин жаранга тийип жатпайбы" деп айттым.
Дагы караңыз
Кыргызстанды дүйнөлүк базарга чыгарчу жолдор: Иран, Пакистан жана Кытайдын сунуштарыАкыркы убактарда өзгөрүүлөр бар. Жүктөрдү электрондук түргө өткөрүштү, кезекке коюп жатышат. Пломбаларды да киргизип жатат. Бирок баары бир айрым жерлерде маселе жаралып калууда.
Биз казактарды эле бир жактуу күнөөлөгөндөн алыспыз. Биздин да айрым өткөрүү пункттарында шартка келишпеген жагдайлар болуп жатат. Мисалы, Таластагы эки өткөрүү пунктунда маселелер бар. Ушуну айтып, ишкерлердин үнү өкмөткө жетиш керек дедик.
- Кыргыз-казак чек арасынан сырткары былтыркы жылы казак-орус чек арасында да узун кезек жаралып, Кыргызстандан бараткан жүздөгөн жүк ташуучу унаалар токтоп, жеңил өнөр жай товарлары, тагыраагы, кийим-кечек өткөрүлбөй калган. Кийинки расмий сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жумшарган. Ошол Орусия менен абал кайсы жагына чечилди? Мындан ары андай тоскоолдуктар болбойбу?
- Бизде Казакстан аркылуу транзиттик жүк боюнча да маселе пайда болуп жатат. Орустар менен алдын ала кезекке туруу, маалымат берүү өңдүү механизмдер киргизилген. Азыр кандайдыр бир жеңилдиктер бар. Мурдагы тоскоолдуктар азая баштады. Бирок толук чечилип калды деп айтуудан алысмын. Анткени ишкерлер ушул маселелер боюнча дагы эле арызданып калышат. Биз муну дагы орус тарап менен болгон ар түрдүү жолугушууларда көтөрүп жатабыз.
Экинчиден, Орусия менен биздин эмгек мигранттарыбыздын барып-келиши, ал жакта жүрүшү боюнча дагы маселелер пайда болуп калып жатат. Биз аларды да айтып жатабыз. Анткени келишим боюнча төрт эркиндик болушу керек. Бирок көп учурда кол коюлган келишимдер аягына чейин иштебей калып жатат.
Дагы караңыз
QazETA: Кыргыз жарандары Казакстанга тиркеме аркылуу кире баштайтМуну да түшүнөбүз, анткени ар бир өлкөнүн ички саясий маселелери болот. Мисалы, Орусияда Украина менен ортодогу "атайын аскер операциясы" болуп жатат, эми, согуш десек болот. Казакстандын ичинде да өздөрүнүн өзгөрүүлөрү болуп жатат. Өкмөт алмашып, талаптар күчөп жатат. Ички саясат дагы кээ бир учурларда ортодогу байланыштарга залакасын тийгизип коюуда.
- Темир мырза, сизге бул суроону журналисттер көп ирет бердик окшойт, ошентсе да соңку жагдайга байланыштуу дале актуалдуу болуп турат ... Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирген маалда сиз премьер-министр болуп тургансыз, демилгени сүрөгөнсүз дегендей. Бирок он жылдан ашканына карабай Казакстан менен Орусия тараптан Кыргызстанга чек ара жана соода тоскоолдуктары толук жоюлбай койду. Москва менен Астана мындан ары да ушундай мамилесин уланта береби? Түшүнүшүүгө качан жетебиз?
- Биринчиден, бул көп тармактуу биримдик. Ага беш мамлекет кирет. Эгер биз кирбей койсок, көпчүлүк айткандай, маселе мындан да орчундуу, кыйын болмок.
Биз азыр Өзбекстан менен Орусиянын, Тажикстан менен Орусиянын ортосундагы жарандардын барып-келиши, жүктөрдүн көлөмү, өтүшү боюнча кырдаалды да көрүп жатабыз. Ошондуктан мунун баарын комплекстүү карашыбыз керек.
Маселелер боло берет. Европа Биримдигин карагыла. Элүү жылдан ашып кетти. Бирдиктүү валютага өтүштү, өздөрүнүн бюджети бар, Шенген аймагына киришкен. Ошого карабай маселелер чыгып жатат. Анткени дүйнөдө көп нерсе өзгөрүп турат, жаңы шарттар пайда болот.
Дагы караңыз
"Евробиримдикти же ЕАЭБди танда". Путин менен Пашинян кер-мур айтыштыОшолордун ортосунда чечүү жолдору болушу керек. Бизде ар түрдүү механизмдер бар. Министрлердин деңгээлинде, вице-премьерлердин деңгээлинде талкуулар болот. Биздин эки адамыбыз ошол жакта министр болуп отурат. Бир топ адамыбыз департаманттерди башкарып отурат. Евразия экономикалык комиссиясы бар. Маселелер ошол жерде талкууланат.
Өкмөт башчылары жылына эки жолу жолугуп, ушул маселелерди көтөрүп турушат. Президенттер да жылына жок дегенде бир жолу сөзсүз жолугат. Бул тирүү организм сыяктуу процесс. Бир эле нерсени көтөрүп чыгып, ошонун негизинде баа бериш туура эмес.