мазмуну
- Бишкекте "Ырыс ордо" конгресс-холлунун ачылышы Кыргызстандагы жаңы саясий сезондогу маанилүү окуялардын бири болуп калды
- Мамлекеттик маанидеги ири имараттын ачылышына "бийликти күч менен басып алууга аракет кылды" деп соттолуп жаткан саясатчылар да катышты
- Алардын бул салтанатка чакырылганы коомчулуктун көңүлүн бурууда
Эгемендик майрамынын алдында, 24-августта, кыргыз бийлиги "Ырыс ордо" деп аталган конгресс-холлдун ачылышын өткөрдү. 1240 орундуу залы бар, мамлекеттик жана эл аралык жыйындарды өткөрүүгө ылайыкташкан имарат азыркы бийликтин учурунда курулган ири долбоорлордун бири болуп калды.
Президент Садыр Жапаров бул имаратты учурдагы Кыргызстандын жаңы символдорунун бири деп атап, ал толугу менен өлкө бюджетинин эсебинен курулганын белгиледи.
Жаңы имарат менен катар анын ачылыш аземине чакырылган коноктор да коомчулуктун көңүлүн бурдурууда.
Иш-чарага барган журналисттер чакырылгандардын катарында соңку айларда башкы саясий окуяга айланган “75чилердин иши” деп аталган жараян боюнча соттолгон мурдагы төрага Нурланбек Тургунбек уулу, экс-башкы прокурор Курманкул Зулушев баш болгон айыпталуучулар жана аталган кайрылууга кол койгон бир нече адамды байкашты.
Акыркы учурда сотто гана көрүнүп, журналисттер менен сүйлөшкөндү анча каалабаган бул саясатчылар бул күнү көңүлү көтөрүңкү жүрүштү. Атүгүл Тургунбек уулунун ага карата иш козгогон прокуратура, ИИМдин жетекчилери менен кучакташып көрүшүп жатканына көпчүлүк күбө болду.
Бул иш-чарага “75чилердин ишине” байланыштуу соттолуп жаткан УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев да чакырылганы бейрасмий айтылганы менен ал киши катышкан жок.
Кечээ өнөктөш болуп, саясатта ара жолго түшкөн адамдардын чакырылышынын себебин президент Садыр Жапаров түшүндүргөндөй болду. Ал өз сөзүндө саясий күчтөрдү биримдикке үндөп, жаңы муунду мурдагылардын кемчилигин кайталабоого чакырды:
“Мына ушул залда эгемендик алган 35 жылда “Мен саясатчымын”, “Мен чын өнүктүрөм”, “Мен кыйынмын” деген дөө-шаалардын 100% чогулуп отурабыз. Эгемендикти алган 35 жылда биз бири-бирибиз менен акыйнек айтышып, болор-болбос маселелерге демагог болуп, популисттик куру кыйкырык кылып, бири-бирибизге жалган жалаа жабыштырып, түндүк-түштүк болуп бөлүнүп келдик. Бирок мамлекетибиз жарытылуу жакшылыкка, ийгиликке жетишкен жок. Ошондуктан сиздер, урматтуу жаштар, биздин муундун ушундай терс жагынан үлгү албай, жакшы жактарынан үлгү алып, ынтымактуу жана биримдиктүү болуп, келечекке ишенимдүү карап, күчтүү Кыргызстанды курууну улантып кетишиңиздер керек".
Анткен менен учурда сотто иши каралып жаткан саясатчылардын бир арада жүргөнүн сындагандар чыгууда. Талдоочулар президенттин билдирүүсүндөгү дал ушул өңүткө көңүл бурууда.
Талкуу жараткан иш-чара
ИИМде, УКМКда жетекчилик кызматтарда иштеген саясатчы Өмүрбек Суваналиев кесиптик этика маселесине көңүл буруп, жыйындын өзүн алдыдагы шайлоо өнөктүгү менен байланыштырууда:
Өмүрбек Суваналиев
“«Ырыс ордого» мамлекеттик маанидеги жыйынга соттолгон кишилердин чакырылышы өзү туура эмес. Анткени сотторго да таасир этип калат. Ошол жерде соттун төрагасы да жүрбөдүбү. Ички иштер министри менен кучакташып учурашканы этикага жатпайт. «75чилердин ишинин» ичиндеги фигуранттардын айрымдары абакта отурушту, айрымдары сотто жүрүштү. Бул иш аябай оор кылмыштарга кирет да. Ички иштер министринин кучакташып учурашканы кыргыз элин шылдыңдаганга барабар. Бул бүгүнкү бийликтин жүзү. Ушундай жерге тизме менен чакыртып алып, шоу кылганы туура эмес нерсе. Алдыда президенттик шайлоо келе жатат. Чакырылгандардын баары «мен Садыр Жапаровго үгүтчү болуп берем» деген кишилер. Ал түшүнүктүү эле болуп жатат”.
Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев бул ири иш-чарага учурда соттолуп жаткан саясатчыларды да чакыруу менен бийлик өлкөдөгү биримдик маанилүү экенин ишарат кылганын белгиледи:
Алмазбек Акматалиев
"Алар деле Кыргызстандын эгемендиги үчүн, акыркы жылдары, ушул эле акыркы беш жылда эмгек кылган адамдар да. Мисалы, спикер, башкы прокурор дегендей... “75чилерди” чакырганы деле, менин оюмча, ошол эле ынтымакка чакыруунун белгиси деп түшүндүм. Менин оюмча, туура эле кадам болду. Бири-бирибизди чукуп, “сен мындайсың, тигиндейсиң” дей берген замандан өтүп кеттик го. Баары бир “келечекти ойлош” керек деген позиция үстөмдүк кылдыбы деп ойлойм".
Айрымдар "Ырыс ордонун" ачылышына арналган бул жыйынды алдыдагы президенттик шайлоо кампаниясынын бейрасмий башталышы катары чечмелеп жатат. Мыйзам боюнча шайлоо кийинки жылдын январь айында өтөт.
Жакында журналист Али Токтокуновго курган маегинде Садыр Жапаров экинчи мөөнөт үчүн ат салышарын билдирген.
Ушундан улам президент соңку билдирүүлөрү менен жалпы жарандарды өзүнүн айланасына биригүүгө ишарат кылып жатканын айрым талдоочулар белгилейт.
Саясатчы, мурдагы судья Клара Сооронкулова "Ырыс ордодогу" жыйынды алдыда боло турган президенттик шайлоо өнөктүгүнүн башталышы катары карагандар менен пикири бирдей экенин билдирди:
Клара Сооронкулова
"Шайлоо алдында кандай аракеттер, иш-чаралар болбосун, албетте, баары бир шайлоого байланыштырылат. Президент ынтымакка чакырып, жаштарга да «ырыс алды ынтымак» деп айтып жатпайбы. Менин оюмча, кандай болбосун, дайым мындай билдирүүлөрдө оппозициянын орду да айтылышы керек. Анткени демократиялык өлкөлөрдө «оппозиция болушу керек, бул биздин оппозицияга болгон сыйыбыз, ушундай карама-каршылыкта өнүгүү жаралат» деген сөздөр да айтылып кетиши керек эле го деп ойлойм".
"Ырыс ордо"
Ошентип, Бишкекте расмий делегацияларды жана жогорку даражалуу конокторду жайгаштырып, түрдүү иш-чараларды, жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрө турган “Ырыс ордо” конгресс-борборунун курулушу аяктады. Анын расмий ачылышына даярдык иштеринин жүрүшү менен 22-августта президент Садыр Жапаров таанышып чыкканын мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирген.
Маалыматка караганда, комплекс 14,7 га аянтты ээлейт, ичинде борбордук имарат жана сегиз мейман үйү бар.
Конгресс-борбор эл аралык саммиттерди, форумдарды, расмий кабыл алууларды, сүйлөшүүлөрдү жана башка жогорку деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө арналган мамлекеттик маанидеги заманбап комплекс экени маалымдалды.
Борбордук имаратта 1238 орундуу “Курултай” конференц-залы, 1000 адамга ылайыкталган банкет залы жана 235 орундуу пресс-зал, ошондой эле сүйлөшүүлөрдү жана эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү үчүн залдар бар.
Ырыс ордо. 24-август, 2026-жыл
"Ынтымак ордонун" жанынан орун алган "Ырыс ордо" конгресс-борборунун курулушуна мамлекеттин капчыгынан канча каражат бөлүнгөнү тууралуу ачык булактарда маалымат жок.
Быйыл 30-31-август жана 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити өтөт.
Ошондой эле Кыргызстанда быйыл VI Көчмөндөр оюндары өткөнү турат. Анын ачылышы 31-августта Бишкекте, калган спорттук иш-чаралар 6-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунун аймагында (Кырчын жайлоосунда, Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында) өткөрүлөт.
Кыргыз бийлиги бул иш-чараларга 21 мамлекеттин жетекчилери катышарын кабарлаган.
Бишкекте буга чейин чет элдик расмий делегациялар "Ала-Арча" резиденциясына же алдыңкы мейманканаларга жайгаштырылчу.
Ырыс ордонун тышкы көрүнүшү. 24-август, 2026-жыл. Бишкек
“75чилердин иши”
24-августта “75чилердин иши” боюнча Бишкек шаардык сотундагы отурум шектүүлөрдүн бири Бекболот Талгарбеков сотко келбей калгандыктан 27-августка жылды. Бул ишке байланыштуу шаардык сотто күбөлөр сурала баштаган. 17-августта жараян Эмилбек Узакбаевдин адвокаты келбей калгандыктан 24-августка калтырылган.
2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту “75чилердин каты” боюнча чечим чыгарган. Ишти караган судья Азирет Медеров Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулун жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевди Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, төрт жылдан абакка кескен.
Сот ушул эле берене менен коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевди, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду да күнөөлүү деп таап, төрт жылдан эркинен ажыраткан.
Судья айыпталуучуларды “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча актап, баарына үч жылдык пробация берген жана айыпталуучулар эркиндикте калган. Өкүмдө сегиз кишинин мүлкү мамлекетке алынары да жазылган.
Февраль айынан бери камакта жаткан беш адам - Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов сот залынан бошотулган. Райондук соттун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна прокуратура жана шектүүлөр да апелляциялык арыз берип, иш шаардык сотто каралууда.
9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.
Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Ал коюлган айыптарды четке каккан.
Садыр Жапаров маегинде 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан. Мурдагы башкы чекист болсо күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарын билдирген. “75чилердин каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган. Ал да тагылган кинеге макул эмес экенин айткан.