Бишкек-Торугарт жолундагы трагедиядан 21 адамдын өлгөндүгү аныкталды. Кылмышты иликтөө үчүн башкы прокурордун биринчи орун басары Курмантай Абдиев башында турган топ түзүлдү.
27-мартта Бишкектен Кытайды көздөй бараткан автобус өрттөлүп, андан 19 адам каза болду.
Ирактагы согуштун капшабы КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздугуна тийип калышы мүмкүн экендигин Орусия президенти Владимир Путин айтты. Жаңы кылым урушунун эпкини Кыргызстанга тийбейби?
Иракта согуш башталды. Кыргызстан бул маселеге карата өз позициясын буга чейин эле жарыялаган. Бишкек «Ирак маселеси Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин алкагында чечилиш керек» деген позицияда турат. Бул Кыргызстан менен АКШнын мамилесине кандай таасир этет?
17-мартта кандуу Аксы окуясына бир жыл болот. Жети адамдын өмүрүн алып кеткен бул трагедиядан сабак алындыбы? Окуя бир жылдан кийин кандай бааланууда?
Бүгүн Бишкектеги Максим Горький атындагы паркта Иракка согуш ачууга каршы митинг болду. Анда жалпы дүйнө жүзүндө согушка жол бербөө тууралуу чакырыктар айтылды.
13-мартта Бишкектеги «Пинара» мейманканасында «Демократия. Коопсуздук. Чыр-чатактарды тынчтык жол менен чечүү. Кызматташуунун жолдору» деген темада талкуу-жыйын болду. Ага өлкөдөгү белгилүү саясатчылар, ЕККУнун өкүлү жана АКШнын элчиси катышты.
6-мартта Кыргызстанга Бириккен Улуттар Уюмунун Башкатчысынын жардамчысы, БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын орун басары Бертран Г. Рамшаран келди. Бүгүн анын Бишкектеги сапары карыды.
«Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылы дүйшөмбү, шаршемби күндөрү жыйын өткөрүп, анда кыймылдын жетекчилигин алмаштыруу чечимине келишти. Ачык оппозициячыл кыймылдын лидерлигинен Исмаил Исаков кетип, анын ордуна Азимбек Бекназаров шайланды. Бул тууралуу алар бейшемби күнү өткөрүлгөн маалымат жыйынында жарыя кылышты.
Адамдарды чет мамлекеттерге мыйзамсыз чыгарууга жана сатууга каршы күрөш боюнча кыргыз президентинин алдындагы улуттук кеңеш бейшембиде жыйын өткөрүп, мындай көрүнүшкө каршы чара көрүү маселесин талкуулады.
12-февралда Европа парламенти Кыргызстандагы саясий кырдаалды кыргыз бийлиги жана оппозиция өкүлдөрү менен биргеликте талкуулады. Мына ошол талкуунун катышуучуларынын бири Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров менен кабарчыбыз Айданбек Акмат уулу маектешет.
20-февралдан 21-февралга караган түнү Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Исмаил Исаковдун Бишкек шаарынын Воронеж көчөсүндө жайгашкан үйүнө белгисиз адамдар карамай төгүп, короосунун сыртына аны мазактаган уят сөздөрдү жазып кеткен. Ушуга байланыштуу Исмаил Исаков Конституциялык Соттон кыргыз-кытай чек арасы боюнча маселени кароону дүйшөмбү күнгө которууну өтүндү. Сот бул өтүнүчтү канааттандырды.
Бүгүн өлкөнүн Конституциялык Соту 1996- жана 1999-жылкы Кыргыз-Кытай чек ара макулдашуусун ратификациялоонун Конституцияга туура келээр-келбеси боюнча Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын арызын карай баштады.
Кыргызстанда 2-февралда өткөрүлгөн референдумду Батыш мамлекеттери сынга алды. АКШ Кыргызстандын Конституциясынын жаңы редакциясын Венеция комиссиясынан экспертизадан өткөрүүнү сунуштоодо. Батыш өлкөлөрү мындай сындан кийин реалдуу чара көрүп, Кыргызстанга көрсөтүлүп жаткан жардамды кыскартууга киришпейби?
2-февралдагы референдумдан кийин оппозициялык маанайдагы саясий ишмерлер Өмүрбек Текебаев, Эмил Алиев жана Төлөкан Исмаилова «Улуттук демократиялык фонд» түзүү чечимине келишти. Бул фондду түзүү максаты тууралуу Өмүрбек Текебаев кеп салып берди.
Өткөн жылдын аягында Түркмөнстандын президенти Сапармурат Ниязовго кол салуу уюштурулгандан кийин Ташкент менен Ашхабаддын ортосундагы мамиле кескин начарлап, азыркы учурда эки тарап чек ара тилкелери кесилишкен жерлерге куралдуу күчтөрүн топтоп жатат. Ал эми Өзбекстан «Каракум чөлүндө жайгашкан кылмыштуу топтордун ыктымал чабуулунун мизин майтаруу максатында» аскердик машыгууларды өткөрө баштады. Региондогу бул кризистик кырдаал боюнча Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев “Азаттыкка” өз пикирин айтып берди.
7-февралда президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев президенттин социалдык багыттагы акыркы жардыктарына байланыштуу маалымат жыйынын өткөрдү.
5-февралдын кечинде президент Аскар Акаев референдумдун жыйынтыгы боюнча калкка кайрылуу менен чыкты. Ал эми 6-февралда болсо Референдумга көзөмөл жүргүзүү боюнча коомдук штаб өз байкоолорунун корутундусун ачыкка чыгарды.
2-февралга белгиленген жалпы элдик референдумдун алдында оппозициялык күчтөр Үчүнчү Элдик Курултайды чукул өткөрүү чечимине келишти. Бул курултайга карата бийликтин пикири кандай, ал эми оппозиция курултай күн тартибине кайсы маселелерди коюуда?
Кыргызстандын Кант аба майданына Орусиянын аскердик аба күчтөрүн жайгаштыруу боюнча эки тараптын эксперттик топторунун сүйлөшүүсү бейшемби күнү Бишкекте аяктады. Сүйлөшүүдө талкууланган маселелер тууралуу бул күнү орус аскердик делегациясынын жетекчиси, орус аскер-аба күчтөрүнүн генерал-лейтенанты Анатолий Ноговицын жана кыргыз тараптын башчысы, Коргоо министрлигинин аскердик аба күчтөр башкармалыгынын башчысы полковник Сайфутдин Азизов журналисттерге маалымат берди.
Дагы жүктөңүз