Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:28

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЧЕК АРА МАКУЛДАШУУСУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТ КАРАЙ БАШТАДЫ


Бүгүн өлкөнүн Конституциялык Соту 1996- жана 1999-жылкы Кыргыз-Кытай чек ара макулдашуусун ратификациялоонун Конституцияга туура келээр-келбеси боюнча Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын арызын карай баштады.

Кыргызстан 1991-жылы эгемендүүлүк алгандан кийин чек аранын өзгөрүшүнө алып келген кыргыз-кытай чек арасы боюнча негизги макулдашууга 1996-жылы 4-июлда Бишкекте кыргыз президенти Аскар Акаев менен Кытай президенти Цзян Цземин кол коюшкан. Бул макулдашуу боюнча Кытай талаштуу деп эсептеген төрт жердин тагдыры чечилген. Бирок ал кезде тараптар Үзөңгүкууш участогу боюнча орток пикирге келе албай, натыйжада 1999-жылы 26-августта Бишкекте кыргыз-кытай чек арасы боюнча кошумча макулдашууга кол коюлган. Бул кошумча макулдашууга ылайык Кытайга Кыргызстандын Үзөңгүкууш аймагынан 87 миң гектар жер өтөөрү каралган. Негизги макулдашууну мурунку парламент 1997-жылы 27-декабрда ратификациялап, 1998-жылы апрель айында ага президент Аскар Акаев кол койгон. Ал эми көп талаш жараткан Кошумча макулдашуу 2002-жылы 10-майда Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан ратификацияланган. «Бул ратификациялоолордо Кыргызстандын Конституциясынын 3-беренесинин 1-пунктунун «Кыргыз Республикасынын азыркы чек ара алкагындагы бүт аймагы кол тийгис жана бөлүнгүс» деген жобосунун бузулгандыгын, 59- беренесинин 1-пунктунда, 65- беренесинин 6-пунктунда каралган «чек араны өзгөртүү тууралуу мыйзам эки палататада эки жолу окуудан өткөрүлүп, депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынат» деген жоболор бузулду» деп, Мыйзам чыгаруу жыйынынын 11 депутаты өткөн жылы 16-майда Конституциялык Сотко кайрылып, жогорудагы ратификациялоолорду Конституцияга каршы деп табууну өтүнгөн.

Конституциялык Сот бул ишти кароону алгач ирет 2003-жыл 27-январга белгилеген. Бирок доогерлердин бирөөсү - Ишенбай Кадырбековдун ооруп калгандыгына байланыштуу ишти кароо 18-февралга жылдырылган. Бирок анда да экинчи доогер - Азимбек Бекназаровдун Кыргызстанда болбой калгандыгына байланыштуу ишти кароо дагы 20-февралга которулган.

Ошентип бейшемби күнү күндүзгү саат ондо Конституциялык Сот, төрайым Чолпон Баекова жана дагы соттун 7 судьясынын катышуусу менен кыргыз-кытай чек ара макулдашуусуна байланыштуу депутаттардын арызын кароону баштады. Бийлик таламын талашууга Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев, биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов, тышкы иштер министри Аскар Айтматов, өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламанов жана башка өкүлдөр катышууга келсе, доо арыз бергендердин атынан депутаттар Исмаил Исаков, Ишенбай Кадырбеков жана Азимбек Бекназаров катышууда.

Конституциялык Соттун төрайымы сот жараянынын башталышы боюнча бир катар формалдуулуктарды аткаргандан кийин ишти кароого киришти. Адегенде доо арыз бергендердин атынан Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Исмаил Исаков сөз сүйлөп, кыргыз-кытай чек ара макулдашуусунун Конституцияны бузуу менен ратификацияланганы жана бул макулдашууну күчүндө калтыруу Кыргызстанга кандай зыян алып келээри тууралуу маалымат берди.

Конституциялык Сотко тараптардын алып чыккан негизги талаш маселелери төмөнкүлөр болду. Биринчиден, Кыргызстандын буга чейин чек арасы болгонбу? Экинчиден, кыргыз-кытай чек ара макулдашуусун түзүү менен Кыргызстандын чек арасы өзгөрөбү, же өзгөрбөйбү? Үчүнчүдөн кыргыз-кытай чек ара макулдашуусу жөнөкөй мыйзам катары парламенттеги жөнөкөй көпчүлүктүн добушу менен ратификацияланышы керек беле, же конституциялык көпчүлүк добуш мененби?

Бул маселелер боюнча арыз бергендер тарабынан Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков сөз сүйлөп, кыргыз-кытай чек ара макулдашуулары менен Кыргызстандын чек арасы өзгөрүүдө, демек ал депутаттардын 3/2 добушу менен ратификацияланышы керек эле» дешсе, экинчи тараптын өкүлдөрү Абдыганы Эркебаев, Саламат Аламанов, Зайнидин Курманов кыргыз-кытай чек ара макулдашуусу менен чек ара өзгөргөн жок, демек ал макулдашуу депутаттардын жөнөкөй көпчүлүгү менен ратификацияланышы керек эле, парламент мына ошону жасады деп жооп беришти.

Маселен, сотто депутат Исмаил Исаков өз төрагасы А. Эркебаевге: «Кыргызстандын бул келишим менен чек арасы жылабы же жылбайбы, өзгөрөбү же өзгөрбөйбү?» деген суроо менен кайрылды. Төраганын жообу мындай болду:

- Урматтуу Конституциялык Соттун судьялары, урматтуу Исмаил Исакович! Үзөңгүкууш, Эркечтам жана башкалар талаштуу жер болуп келген. Аны чечиш үчүн келишим кабыл алынган. Ага чейин ошол чек араларды Кытай да, биз да өзүбүзчө түшүнүп келгенбиз. Эми мына кол коюлгандан кийин чек арабыз өзгөрбөйт.

Сот мына ушундай жүйөлөрдү келтирүү менен уланып, кечки саат 6да тыныгуу жарыялады. Сот маселени кароону жума күнү улантат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG