Кыргызстан ишкерлер бирикмесинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков дүйнөлүк финансылык кризиске байланыштуу, анын Кыргызстанга тийгизээр таасири тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.
«Туран» партиясынын лидери Тайырбек Сарпашевдин пикиринде, энергетикада жетекчилик алмашкан менен баары бир энерго барондордун куйругу кесилмейинче бул тармак дегеле оӈолбойт.
29-ноябрдагы оппозиция курултайында бийликти алмаштыруу маселеси курч коюлушу күтүлүүдө. Курултайдын максаты тууралуу Аликбек Жекшенкулов “Азаттыктын” таңкы маегинде кеп салды.
Дүйнөлүк финасылык кризистин Кыргызстанга кандай таасир тийгизип жатканы, ал терендеп кетпеши үчүн тиешелүү чараларды көрүү зарылдыгы тууралуу мурдагы айыл, суу чарба министри, экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев “Азаттыктын” түз обосунда кеп салып берди.
Каржы кризисине каршы натыйжалуу чараларды көрө албаса, өкмөттү кайра түзүүгө туура келет Бул жөнүндө “Ак жол” фракциясынын лидерлеринин бири Ажыбай Калмаматов “Азаттыктагы” маегинде билдирди.
ГЭС куруу жана мунай баалары тууралуу суу-энергетика маселелери боюнча эксперт, Кыргызстан мунай ташуучулар бирикмесинин башчысы Базарбай Мамбетов “Азаттыктын” таңкы маегинде кеп салып берди.
Журналист А. Саиповдун өлүмүндө саясий себептерди жокко чыгарган билдирүү менен ИИМ бир жагынан өзбек бийлигине жүгүнүп, экинчи жагынан оппозицияны коркутуп-үркүтүүгө өттү, деп билдирди “Кылым шамы” уюмунун лидери Азиза Абдрасулова “Азаттыкка”.
Кыргызстан тоо кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеевдин айтымында, Кумтөр боюнча мурунку өкмөт башы А. Атамбаевдин тушунда канадалыктар менен түзүлгөн келишимди жаратпай коюп, Кыргызстан азыркы учурда он эселеген зыян тартып жатат.
"ЭрК" партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу өлкө аймактарында эл менен жолугушууларды өткөрүүдө. Кыдыруунун максаты, элдин ал-абалы тууралуу ал “Азаттыктын” таңы маегинде кеп салып берди.
Өтүп бараткан жумада президент Кыргызстанга кайтып келди. Өкмөт энергетикалык үч ири ишкананы саттыкка койду. Саясатта таймаш уланды. Борбор Азия өлкөлөрү Алматыда суу маселесин талкуулашты.
“Түндүкэлектро”, Бишкек жылуулук борбору жана “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасы бир адамдын колуна 454 миллион долларга сатыла турган болууда.
Кыргызстанда оппозициялык күчтөр тилектештик меморандумга кол коюшуп, АКШда Барак Обама президенттик шайлоодо жеңишке жетишти. “Жаңы Кыргызстан” партиясы өкмөттүн жаңы структурасын сунуштап чыкты.
Партия лидери И. Исаков энергетикалык кризиске, коррупциянын өсүшүнө алып келгени үчүн өкмөттү кызматтан кетирүү талабын койду. Партия ошондой эле өкмөт курамын олуттуу кыскартууну сунуштоодо.
АКШдагы президенттик шайлоодо демократтардын талапкери Барак Обама жеңишке жетишти. Кыргыз саясатчылары бул жеңишти күтүлгөн жеңиш катары баалашууда.
Бүгүн Бишкекте оппозициялык күчтөр өз ара кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.
Өкмөт “Түндүкэлектро”, Бишкек ТЭЦин сатуу чечимин кабыл алды. Европа парламентинин депутаттары Бишкекте оппозицияны канааттандырган, бийликти да таарынтпаган сапар менен болуп кетти.
Өтүп бараткан жумада Кумтөр кенин мамлекетке кайтаруу демилгеси кайра көтөрүлдү. Ал эми оппозиция Москвага сапарынын максатын толук ачпай, ар түркүн түкшүмөлдөрдү пайда кылды. Парламентте “Ак жол” фракциясы энергетика тармагын текшерүү боюнча комиссия түзүүгө каршы чыкты.
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков Кумтөр алтын кенин мамлекетке кайтаруу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Ал ноябрь айында парламенттин кароосуна коюлат. Ал эми канадалыктар менен жаңы келишим түзүү боюнча жыл башында түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын ишинин натыйжасы тууралуу маалымат жок.
20-октябрда Бишкекте “Жыштыктарда тазалык” аттуу эл аралык конференция өттү. Анда Кыргызстанда телерадиокомпаниялар үчүн жыштыктарды бөлүштүрүү маселеси талкууланды. Конференцияда жыштыктарды бөлүштүрүү үч министрликтин жана бири-бирине карама-каршы келген мыйзамдардын ортосунда калып, теле жана радиокомпаниялардын өнүгүүсүнө тоскоол болуп жатканы белгиленди.
Узап бараткан аптада Элдик революциялык кыймыл түзүлдү. Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңештин катчысы кызматына келип, социал-демократтар конституциялык реформа талабын коюшту. Президент Германияга дарыланууга кетер алдында калкка жылдык кайрылуусу менен чыкты. Кыргызстанга келген АКШнын мамлекетти катчысынын жардамчысы президентке эмнени кабарлады?
Дагы жүктөңүз