Бүгүн президент Курманбек Бакиев парламентке жана калкка кайрылуу менен чыкты. Өкмөт үйүндө жасалган кайрылууга депутаттар, өкмөт, жергиликтүү бийлик башчылары жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Президент кайрылуусунда мамлекет алдында турган үч негизги маселени аткарууга көңүл бөлдү. Энергетика тармагын райондук деңгээлде менчиктештирүү, айыл чарбасында ири чарбаларды түзүү жолун сунуштады
Өтүп бараткан жума Кыргызстандын саясий турмушунда өтө маанилүү окуяларга бай болду. Бишкекке Россиянын президенти Дмитрий Медведев расмий сапар менен келди. КМШ саммити алгачкы ирет Кыргызстанда өттү. Мына ушундай эл аралык деңгээлдеги маанилүү окуяларга аралаш өлкөнүн ички саясатында да өзгөрүү болуп, Коопсуздук кеңештин катчысы Исмаил Исаков президенттин кадрдык, ички жана тышкы саясатына макул эместиктен кызматтан кетерин билдирди. Катуу жер титирөөдөн үйлөрү кыйрап калган Нура айлынын тургундары үчүн суук түшкүчөктү жеңил үйлөр курулууга тийиш.
10-октябрда Коопсуздук Кеңештин катчысы Исмаил Исаков кызматтан бошотуу арызы менен президентке кайрылды. Исмаил Исаков өзүнүн мындай кадамга баруу себептери тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы менен ат жалында болгон маегинде билдирди.
Өтүп бараткан жумада Ноокат акимиятын таш бараңга --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/religion/ky/2008/10/62E8D6E9-9C52-4901-B3D2-3C6DDF14CA3B.asp алуу, Клара Кабилованын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/09/1618C9FC-D423-4B1E-BDB3-BF13F29DB35A.asp кайрылуусу боюнча козголгон кылмыш ишти тергөөнүн уланышы жана Социал-демократиялык фракциянын депутаты Руслан Шабатоевдин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/10/76372EF7-7272-4670-8CEC-9970A66EA811.asp дайынсыз жоголушу коомчулуктун көңүлүн имерген орчундуу окуялардан болду. Келерки жумада Бишкекте КМШ саммити жана орус президенти Дмитрий Медведевдин Кыргызстанга расмий сапары күтүлүүдө.
БШКнын мурунку төрайымы Клара Кабилованын видеокайрылуусу боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө иштери уланууда. Дүйшөмбү күнү “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бул окуя боюнча күбө катары суракка чакырылды. Ал эми президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркуловду тергөөгө чакыруунун убактысы аныктала элек.
1-октябрда Ноокат райондук администрациясынын имараты таш бараңга алынды. Мындай иш райондук администрациянын алдында Орозо айт күнү тамак-аш таратууга жана лотерея ойнотууга уруксат берилбегени үчүн жасалганы айтылууда. Жергиликтүү бийлик таш бараңга алууну тыю салынган “Хизб-ут Тахрир” партиясы уюштурганын билдирди. Кыргызстан муфтийи Мураталы ажы Жуманов Ноокат окуясына тиешеси барларды ислам динине каршы иштеген, динди жаманатты кылууну көздөгөндөр деп атады.
Өтүп бараткан жума Борбордук шайлоо комиссиясынын эми мурунку төрайымы Клара Кабилованын жаңжал менен кызматтан кетүүсү, коррупциянын деңгээли боюнча Кыргызстандын артка кетишинин жарыяланышы жана парламентте өкмөттүн энергетика, кышка даярдык боюнча маалыматы менен коштолду.
БШКнын төрайымы Клара Кабилова жаңжалдуу кырдаалда кызматтан кетти. Айрым талдоочулар бул окуя, эми БШКнын мурдагы төрайымы болуп калган Кабилованын видеокайрылуусу Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкаруу өкүм сүрүп турат деген оппозициянын билдирүүлөрүн тастыктагандай болгонун айтышууда. Президенттин уулу Максим Бакиев болсо өзүнө карата Кабилова тараптан айтылган айыптоолорду четке какты.
Өтүп бараткан жумада кыргыз бийлиги Түркмөнстандан газ, электр кубатын алууга аракеттенди, революциялык комитет бийликти конституциялык жол менен алмаштыруу баракчаларын таратты, шайлоо бийлиги оппозиционерлер Бабырбек Жээнбеков жана Ишенбай Кадырбековдун жергиликтүү шайлоого талапкер катары катышуу укугун камсыздоо багытында оң кадамдарды жасады.
16-сентябрда өкмөт башчы Игорь Чудинов Москвада жумуш сапар менен болуп, орус өкмөт башчысы Владимир Путин, “Газпромдун” жетекчиси Алексей Миллер менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууларды өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Сапардын максатында ошондой эле октябрь айына белгиленип жаткан орус президенти Дмитирий Медведевдин Кыргызстандагы сапарына даярдык көрүү экени да маалымдалды.
Күзгү саясий мезгилдин башталышына удаа бийлик менен оппозициянын эле эмес, бийлик ичиндеги топтордун таймашуусу күч алып, анын жаңырыгы маалымат каражаттарына чыгып кетти. Айыгышкан кармаштын себеби президентке жакын туруу, ошого жараша кадр, менчиктештирүү, ресурстарга көзөмөл жүргүзүүгө таасир этүү экени байкалып турат.
Өткөн жуманын башында “Акыйкат үчүн” кыймыл менен Социал-демократиялык партия биргелешип аракеттенүүнү макулдашты, Өзбекстан Нарын-Сыр-Дарыяга улуттар аралык дарыя статусун берүү талабын көтөрүп чыкты, Бишкек шаарынын мэри Бишкек ТЭЦин шаардын балансына алуу жана Бишкекэлектро ишканасын түзүү демилгеси менен чыкты. Бул өкмөттүн “Түндүкэлекторо” баш болгон бир катар энергетикалык ишканаларды сатуу демилгесине туура келе бербейт.
Жума башында Алма-Ата шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетика министрлери жыйын куруп, кыш мезгилинде өз ара кызматташуу маселесин талкуулашкан. Бирок өзбек тарап сунушталган документке кол коюудан баш тартып, Нарын-Сыр-Дарыяны улут аралык дарыя катары таануу тууралуу маселесин койгон. Сүйлөшүүлөр келерки жумада дагы улантылат. Адистер Нарын-Сыр-Дарыяга улуттар аралык дарыя статусун берүүдөн Кыргызстандын өтө катуу зыян тартып калыш мүмкүндүгүн айтышууда.
9-сентябрда кечке жуук “Алиби” гезитинин мурунку башкы редактору Бабырбек Жээнбеков Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан кармалып, тергөө абагына камалды. Оппозиция Жээнбековдун камакка алынышын кескин айыптап, аны сөз эркиндигин муунтуу жана коркутуу катары мүнөздөдү. Ал эми бийлик Жээнбеков тергөө ишине тоскоол жасайт, ошондуктан кармалды деген пикирди айтууда.
Өтүп бараткан апта Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Адахан Мадумаровдун депутаттык мандатты тапшыруусу, оппозициянын саясий күрөшкө камынуусу, парламент сессиясынын башталышы жана Жамааттык коопсуздук уюмунун алкагында бир катар жыйындар (анын ичинде Орусия ордо шаарындагы саммит) менен коштолду.
Өтүп бараткан жума кыргызстандыктардын эсинде Боинг-737 учагынын кырсыкка учурашы менен калып, Шанхай кызматташуу уюмунун Дүйшөмбү саммити, бийликтин энергетикалык кризистин себептерин түшүндүрүү аракеттери менен коштолду.
28-августа Тажикстанда Шанхай кызматташуу уюмунун саммити болду. Саммитте Москва Түштүк Осетия жана Абхазияны таануу боюнча саясатына колдоо таба алган жок. Кыргызстан президенти суу-энергетика, транспорт жана коммуникация багытында кызматташууларды өнүктүрүүгө чакырды. Бул арада Бишкекте АКШнын Улуттук гвардиясынын командачысы Стивен Блумдун келгени кабарланды.
“Итек эйр” (ITEK Air) компаниясына таандык Боинг-737 учагы кырсыкка учурагандан кийин бул компаниянын кожоюну ким деген суроо пайда болду. Жогорку Кенештин депутаты Бегалы Наргозуев “Итек эйрдин” чыныгы кожоюну Социалдык фонддун төрагасы Марат Султанов экендигин айтса, Марат Султанов өзү аны төгүнгө чыгарууда.
24-августта кечинде Бишкекте болгон аба кырсыгын иликтөө үчүн мамлекеттик комиссия түзүлүп, 26-август аза күтүү күнү деп жарыяланды. Ичинде 90 кишиси менен кырсыкка учураган Боинг-737 учагы Кыргызстандын “Итек эйр” компаниясына таандык болуп, аны ирандык “Ассеман айр” компаниясы ижарага алып пайдаланып турган. Учак бул күнү Тегеранга багыт алган эле.
Өтүп бараткан жума оппозициялык саясий партиялардын копшолуусу, Ишенбай Кадырбековдун тарапкерлеринин ачкачылык акциясын токтотуусу, Бишкекке электр энергиясын берүү чектелерин маалымдалуусу менен коштолду.
Дагы жүктөңүз