Кыргызстанда кылмыштуу топторго байланыштуу чуулгандуу чатактар байма-бай чыгып келет. Ал топтордун лидерлери көмүскө төбөлдүктөн расмий бийликке умтулган учурлары жакында эле орун алган. Азыркы учурда өлкөдө канча криминалдык топ --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/05/E7EF454C-4DFF-4574-98FC-4C291005B3A5.asp бар жана алардын кайсы бири күчтүү?
Өтүп бараткан апта Кумтөр чатагынын ырбашы, райондук сот тарабынан “Де-факто”, “Алиби” эркин гезиттерине 1 миллион сомдон --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/06/91D274B0-37F3-4B96-B111-006D2FCDE7F0.asp айып пул салышы жана Жаныш Бакиевдин кайрадан бийлик сересине көтөрүлүшү менен коштолду.
Жогорку Кеңеш чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга көчүп келген “кыргыздарга" --> http://www.azattyk.org/rubrics/society/ky/2006/10/1a6cdb5f-90a7-4797-8ef3-f2384336e703.asp жашоого шарт түзүүгө байланыштуу мыйзамга айрым кошумчаларды киргизди. Анда тарыхый мекенине кайтып келген кыргыздарга атуулдук, жер берүүнү жеңилдетүү жана аларды социалдык жактан тейлөө маселелери каралган.
4-июнда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер жана парламенттик кызматташтык комитети Кумтөргө байланыштуу маселени карап, “Центерра голд инк” менен сүйлөшүүнү улантууну өкмөткө тапшырды. Бирок өкмөт мүчөлөрүнүн билдирүүсүнө караганда, канадалыктар кыргыз тараптын сунуштарына ушул кезге чейин жооп бере элек. Алар эки тараптуу талашты эл аралык арбитражда чечүүгө --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/06/B07B153C-52BF-4EDA-A8D1-95EDC4D4BD40.asp бел байласа, кыргыз тарап бир жагынан сүйлөшүүнү улантууну жактап, экинчи жактан 2003-жылдагы “Центерра голд инк” коррупциялык максатта түзүлгөнүн билдирүү менен чабуулга өтүүдө.
Өткөн апта саясий окуяларга, тагыраак айтканда саясий кармаштарга, оюндарга бай болду. Парламентте төрага --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/A9F0E460-4387-4C29-8595-B59942A26EDD.asp алмашып, аткаруу бийлигинде бир катар кадрлар алмашты. Бул жумада кыргыз калкы Кыргыз Эл артисти Дооронбек Садырбаев менен коштошту.
Өтүп бараткан аптада Кыргызстанда бир катар чуулгандуу окуялар болду. Анын ичинде Жогорку Кеңештин төрагасы менен президенттик администрациянын башчысынын айгышкан чатагы --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/FBED0EFF-C877-4D1D-B6A6-9D79CCD9BD56.asp ачыкка чыкты. Ал эми оппозициялык саясатчы Азимбек Бекназаров президентке кол салууга даярданбаганын билдирсе, Коомдук парламент өлкөнүн бийлик системасын өзгөртүү боюнча көз карашын жарыялады.
23-майда Жогорку Кеңеш Камбарата-2 ГЭСинин курулушун жалпы элдик курулуш деп атоо боюнча токтом кабыл алды. Андан сырткары бир катар эл аралык келишимдерди ратификациялады. Төрага Адахан Мадумаровго ишеним көрсөтүү, же көрсөтпөө маселеси “Ак жол” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/76D50049-79B8-496A-9E63-2BD9003AC79D.ASP фракциясында каралып, бирок ал парламенттин күн тартибине алып чыгылган жок.
Кыргызстан Шанхай кызматташуу уюмунун штаб-квартирасы Чолпоната шаарында жайгашкан Парламенттик Ассамблеясын түзүү демилгесин көтөрүп келатат. Кытайдын парламенттик делегациясы менен 20-майда Бишкекте болгон сүйлөшүүлөрдө Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров бул маселени козгоп, ШКУга --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2007/08/6EEAD9B8-A158-4F7F-A6EF-E0823C524EC0.asp кирген КМШ мамлекеттери Кыргызстандын демилгесин колдоп жатканын билдирди. Бирок ошол эле кезде ШКУнун Парламенттик Ассамблеясын Россия жана Казакстан өзүндө жайгаштырууга аракеттенип жатканы маалымдалууда.
19-майда Жогорку Кеңештин отун-энергетика жана жер байлыктарын пайдалануу боюнча комитет «Кумтөр» --> http://azattyk.kg/rubrics/economics/ky/2008/05/7E338020-1FD8-4820-8E5B-5309DD563CF5.asp , “Андаш” алтын кендерине байланыштуу маселелерди карады. Анын соңунда “Андаш” кени боюнча маселени иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлүп, ал жакын арада Таласка бармак болду.
Өтүп бараткан аптада өлкөдө бир катар олуттуу окуялар болду. Бул жумада Кумтөр чатагы соттун аралашуусу менен ого бетер ырбады. Кыргызстан менен Тажикстан президенттери Хожент --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/82DEC02C-239E-4B34-A467-13225553B640.asp шаарында жолугушуп, эң талылуу маселелер боюнча сүйлөшүү өткөрдү. Апта соңунда атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Татарстанда ооруканага түшкөнү, “Ак шумкар” партиясынын саясий майданга кайрадан кайрылып келери кабарланды.
15-майда Жогорку Кеңеш “Айыл” банкын --> http://www.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2006/12/512f6f45-6e9d-4ac7-b48d-de613fa26a20.asp менчиктештирүү концепциясын карап, аны кайра иштеп келүүгө өкмөткө кайтарды. Концепцияга парламенттеги коммунисттер жана социал-демократиялык фракциялары каршы чыгышты. Энергетика тармагын менчиктештирүү маселеси парламентте каралганда жоопкерчиликти алууга даярдыгын билдирген төрага Адахан Мадумаров бул ирет жоопкерчиликти алууга даяр эместигин айтып, документти кайра иштеп келүүнү жактады.
14-майда Бишкектеги кыргыз-славян университетинде “Ислам: окутуу жана иликтөөнүн усулдары” деген конференция болду. Анда медреселерде, теологиялык окуу жайларда диний --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/religion/ky/2008/05/92689F55-341C-45C6-8FDC-FFE06619159C.asp адистерди даярдоо, окутуунун проблемалары талкууланды.
Мындан үч жыл илгери, 2005-жылы 13-майда Өзбекстандын Анжиян шаарында нааразылык акциясына чыккан адамдарды өкмөттүк күчтөр кыргынга алган. Бийликтин расмий маалыматы боюнча андан 187 адам каза таап, 150 кишинин үстүнөн сот иши жүрдү. Анжиян окуясында --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2006/05/8DC73B1F-3F2F-41BC-8BBC-7747C791A452.asp жүздөгөн качкындар Кыргызстан чек арасына агылып, жан сактоого аракеттенген. Азыркы кезде Кыргызстан аймагында өзбек качкындары барбы? Анжиян окуясы үч жылдан кийин кандай бааланууда?
Өтүп бараткан аптада Кыргызстанда Конституция менен улуттук валюта сомдун киргизилгендин 15 жылдыгы белгиленди. Ошондой эле “Тынч митингдерди өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоор тегерек столдо талкууланды. Бишкекте АКШнын “Манас” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/05/10C5D68A-68AD-4987-AE35-147CC3633F1F.ASP аба базасын колдоо акциясы өттү.
Өтүп бараткан аптада Кыргызстанда бир катар олуттуу саясий окуялар болуп өттү. Алардын ичинде “Ак жол” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/9CACFD64-9005-41E8-921A-1378629DB487.asp партиясынын курултайы, “Ар намыс” партиясынын лидери Феликс Куловдун президент менен жолугушуусу, Кыргызстан менен Тажикстандын күч структарларынын жыйналышы жана парламентте азык-түлүк коопсуздугунун талкуулашы негизги окуялардан болду.
Мурунку чакырылыштагы Жогорку Кеңеш сатып алган автоунаалар --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/01/f6f8bc17-c07e-4217-9da5-d043bb49137f.asp боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Эсеп палатасынын текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча козголгон кылмыш иште депутаттар үчүн сатылып алынган “Тойота камри” маркасындагы 75 автоунаанын баасы негизсиз ашырылышы, тендерди өткөрүүдө мыйзам бузуулар себеп болгон.
30-апрелде Жогорку Кеңеште азык-түлүк --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/1F691054-49EF-4E34-87DD-1ED4925AC368.asp маселеси талкууланды. Ага премьер-министр Игорь Чудинов баш болгон өкмөт мүчөлөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана абал жөнүндө маалымат берди. Талкуунун соңунда чечим кабыл алынып, анда дан эгүүгө адистешкен райондорду аныктоо, азык-түлүк коопсуздугу боюнча вице-премьер-министр кызматын киргизүү жана айыл чарба багытындагы жерлерди курулушка пайдаланууга тыюу салуу сунушталды.
Нью-Йоркто жайгашкан Freedom House уюму быйылкы жылдагы дүйнө жүзүндөгү сөз эркиндигинин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/04/D344792D-8A97-4B58-B9D2-5F4F0223A96D.asp абалы боюнча отчетун жарыялады. Анда Кыргызстан 195 өлкөнүн ичинен 156-орунга ээ болуп, сөз эркиндиги жок мамлекеттердин катарына киргизилген. Уюмдун отчетунда Кыргызстанда, Россияда, Грузияда сөз эркиндиги 2007-жылы начарлаганы белгиленген.
Өтүп бараткан жума кыргыз-орус мамилесине байланыштуу эки чырдуу окуя менен башталды. Ал эми Ысыккөлдө жөө жүрүшкө чыгууга аракеттенгендер ар кандай чагымдарга --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/535058FD-86DE-400A-9572-9CFF2F589FE8.asp кабылышты. Жогорку Кеңеш энергетика тармагын парламентсиз менчиктештирүүгө жол ачкан мыйзамды кабыл алды.
25-апрелде Бишкекте Кыргызстан судьяларынын алтынчы курултайы болду. Ага өлкөнүн президенти баш болгон бийлик башчылары, 400дөн ашуун судьялар катышты. Курултайда сот иштери боюнча кеңешти түзүү, сот системасын реформалоодогу жаңы мыйзам долбоорлору жөнүндө сөз болду. Курултайдын соңунда 15 кишиден турган судьялардын кеңеши түзүлдү.
Дагы жүктөңүз