23-апрелде Жогорку Кеңеште энергетика тармагына байланыштуу парламенттик угуу өттү. Анда өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/1B92CD8C-1929-4577-BDC0-6C51222EFE98.asp энергетика тармагында кырдаал, аны өнүктүрүү программасын ортого салды. Парламенттик угууда өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнө министрге суроо берүүгө уруксат берилгени менен чыгып сөз сүйлөөсүнө мүмкүнчүлүк берилген эмес. Бул өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катуу нааразылыгын пайда кылды.
Бишкек шаардык прокуратурасы “Акыйкат үчүн” кыймылдын лидерлерине эскертүү жасады. Прокуратура мындай чараны оппозициянын 12-апрелде элдик курултайда кабыл алган чечимдерине байланыштуу жасады. “Акыйкат үчүн” кыймылдын координациялык кеңешинин төрагасы Аликбек Жекшенкулов прокуратуранын эскертүүсүнө карабай кыймыл 26-апрелге белгиленген жөө жүрүшкө --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/C663C715-04F8-4584-BAF7-F66BC5110CD1.asp катышаарын билдирди.
Өтүп бараткан аптада президент Курманбек Бакиев Казакстанга --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/04B7C584-7E69-4DA8-871D-B4DDC68BB243.asp расмий сапар жасады. Ал эми парламент менчиктештирүүнү өкмөттүн колуна өткөрүп берди. Ошону менен катар электр энергиясын товар катары тааныган мыйзам кабыл алды.
Өтүп бараткан аптада өлкөдө бир катар олуттуу, керек болсо тарыхый окуялар болуп өттү. Парламент 2001-жылы президенттер кол койгон кыргыз-казак чегара --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/08070746-8EDB-4D33-8F2A-32143B8BA3FA.asp макулдашуусун ратификациялап, Ысыккөлдөгү төрт пансионатты Астанага өткөрүп берүү маселесин чечти. Ал эми кечээ, ишемби күнү “Акыйкат үчүн” кыймыл алгачкы элдик курултайын өткөрдү.
11-апрелде Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү 2001-жылы президенттер кол койгон келишимди ратификациялады. Парламенттеги социал-демократиялык жана коммунисттик фракциялар келишимге каршы добуш беришти. Бирок “Ак жол” фракциясынын добуштары жетиштүү болуп, алар 66 добуш менен келишимди бекитти.
10-апрелде Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде белгилүү мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин 75 жылдыгына карата салтанаттуу жыйын болду. Ага маркумдун шакирттери, саясатчылар жана өкмөт мүчөлөрү катышты. Жыйында айкын болгондой Абсамат Масалиев атындагы фонд Бишкекте Абсамат Масалиевдин үй-музейин уюштурууну жана эскерүү китебин чыгарууга аракет жасоодо.
Кыргызстанда “Стратегиялык объектилер жөнүндө” мыйзам долбоору иштелип чыгып, парламентке жолдонду. Долбоордо стратегиялык обьектердин тизмесин Коопсуздук Кеңеши аныктаары белгиленген. Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбековдун айтымында, бул мыйзам “Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө статусу жөнүндөгү” мыйзамдын ордуна келатат. Ал эми стратегиялык обьектердин тизмесине кайсы ишканалар кириши мүмкүн?
Өтүп бараткан аптада энергетика тармагын менчиктештирүү үчүн өкмөт тарабынан реалдуу кадамдар жасалды. Бул кадамдар дүйшөмбү күнү, 31-марттагы кеңешмеде --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/0E9BAF0E-F548-422E-A5B2-D4705A73693C.asp президент тарабынан өкмөт сынга алынып, энергетика тармагын менчиктештирүү, Ысыккөлдүн жээгиндеги төрт пансионатты 49 жылга Казакстанга ижарага берүүнү алдыга жылдыруу, алардын маани-маңызын элге түшүндүрүүнү мамлекет башчысы талап кылгандан кийин жасалды. Өкмөт менчиктештирүүгө чырлуу Жогорку Кеңешти жакындатпаш үчүн “Энергетика” жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү жана кошумча киргизүүнү, ошондой эле “Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө статусу жөнүндөгү” мыйзамды жокко чыгарууну сунуштаган мыйзам долбоорлорун парламентке жолдоду. Апта ичиндеги урунтуу окуяларды Айданбек Акмат уулу даярдады.
Кыргызстанда энергетика --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/03/0809A6D2-86B4-4AEE-A48F-19EDB9261117.asp тармагы ири реформанын алдында турат. Өкмөт Бишкек ТЭЦи, “Түндүкэлектро” жана “Бишкекжылуулук” тармагын менчиктештирүү боюнча мыйзам долбоорун парламентке жолдоду. Ушул эле мыйзам аркылуу өкмөт мындан ары отун-энергетика тармагын менчиктештирүүгө Жогорку Кеңешти аралаштырбоону чечүүдө. Өкмөт андан сырткары “Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө статусу жөнүндөгү” мыйзамды жокко чыгарууну парламентке сунуштады.
2-апрелде Игорь Чудиновдун премьер-министр --> http://azattyk.kg/rubrics/politics/ky/2007/12/C92F66F6-1368-41A6-869A-9268351CC8C7.asp кызматына дайындалганына жүз күн болду. Бул күнү өкмөт башчы өкмөттүн азыркы кезде жасап жаткан иштери жана энергетика тармагындагы саясаты тууралуу журналисттер менен ой бөлүштү. Саясатчылар жаңы өкмөт башчынын жүз күндөгү ишине кандай баа берет?
Өтүп бараткан жумада Кыргызстанда бир топ олуттуу саясий окуялар болду. Жума башында өлкө биринчи жолу Элдик ыңкылап күнүн улуттук майрам катары белгиледи. Ага Германияда эмгек өргүүсүндө жүргөн президент Курманбек Бакиев катышкан жок. Бул президенттин ден соолугуна байланыштуу ушак-айыңды ого бетер күчөттү. Мурунку өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин президенттин саламаттыгы мыкты экени тууралуу билдирүүсү гана ушак-айыңды токтотуп, ал 28-мартта кечинде президенттин Бишкекке келиши менен тастыкталды. Өткөн жумада борборду Ошко көчүрүү демилгесин депутат Мурат Жураев кайрадан көтөрүп чыкты.
Коргоо министри Исмаил Исаков 2005-жылдагы март ыңкылабына активдүү катышкан лидерлердин бири. Ал ыңкылаптын башында турган “Кыргызстан элдик кыймылынын” башаты болгон «Акаевге отставка-элге реформа» кыймылын убагында жетектеп турган. Исмаил Исаков март ыңкылабынын үч негизги талабы аткарылып, эми экономиканы көтөрүп, элдин турмушун оңдоо калды деп эсептейт.
20-мартта Жогорку Кеңеште өкмөттүк саат болуп, анда жазгы талаа --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/03/FCB867B4-3263-4F01-AF92-3A568E8AEA5B.asp жумуштарынын жүрүшү, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселеси каралды. Депутаттарга бул маселелер боюнча биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев баш болгон тийиштүү министрлер жооп берди. Депутаттар Айыл чарба министрлигин тезинен реформалоону сунуштап, «Айыл банкын» менчиктештирүүгө негизинен каршы болушту.
Жогорку Кеңештин коргонуу, коопсуздук, тартип жана соттук-укуктук реформа боюнча комитети Кыргызстан аймагында орус аскер базаларын пайдалануу тартиби боюнча келишимди ратификациялады. Коргоо министри Исмаил Исаковдун маалыматы боюнча, азыркы кезде Россиянын Кыргызстанда үч аскерий базасы бар. Ал эми Канттагы аскерий базаны алардын катарына кошууга болбойт.
Бишкектеги Ататүрк паркынын айланасындагы үйлөр боюнча Октябрь райондук акимчилигинин арызын 18-мартта Жогорку Сот карап, ишти кайрадан териштирүүнү Октябрь райондук сотуна жөнөттү. Мурунку жана азыркы бийлик тушундагы министрлер, ири чиновниктер курган үйлөрдүн тагдыры өткөн жумада президенттик администрациянын жыйынында да каралып, бирок бир жактуу чечим кабыл алынган эмес.
2005-жылы март окуясынын чыгуусуна мурунку президент Аскар Акаевдин жанындагы генералдардын канчалык тиешеси бар. Коомдук тартипти сактап калууга алардын чамасы эмне себептен жеткен жок? Азыркы кезде ал генералдар кайда жана эмне иш менен алек болуп жүрөт?
11-мартта Бишкектеги “Ак кеме” мейманканасында миграция --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/02/70445A1A-8BA5-4025-B28F-25CD9DC92863.asp маселесине байланыштуу эл аралык жыйын башталды. Эки күнгө созула турган жыйынга Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын өкмөтү, парламентинин өкүлдөрү катышууда. Жыйын Миграция боюнча Эл аралык уюм тарабынан уюштурулуп, негизги максат катары эмгек миграциясына байланыштуу мыйзамдарды бир калыпка салууну көздөөдө.
Президент Курманбек Бакиев мөөнөтүнөн мурун шайлоого барышы ыктымал. Анда президент 7 жылга шайланат деген каңшаар кеп гезит беттерине акыркы кезде байма-бай чыга баштады. Оппозициянын айрым өкүлдөрү бийлик андай кадамга быйыл күзүндө барат, ал үчүн тийиштүү даярдыктар өткөн жылы эле көрүлгөн деген пикирди билдирүүдө. Чындыгында мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоо үчүн реалдуу даярдык, мүмкүнчүлүк жана зарылдык барбы?
Экономикалык өнүктүрүү жана соода министри Акылбек Жапаров Кумтөр --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/02/CEB73800-02FE-42EF-AEB9-40240827C57B.asp боюнча канадалыктар менен сүйлөшүү «нөлдүк» деңгээлде турганын билдирди. Канадалык «Центерра Голд инк» компаниясы болсо сүйлөшүүлөрдү аяктоого 30-апрелге чейин мөөнөт койгон. Депутаттар Кубанычбек Исабеков менен Алишер Сабиров болсо Кумтөрдү толук мамлекетке кайтарууну караштырган мыйзам долбоорун парламентке алып чыгышаарын билдирүүдө.
Өлкөдө чоң менчиктештирүүнүн эпкини башталды. Анын алдында өкмөт «Кыргызтелеком», «Түндүкэлектро», «Бишкекжылуулуктармактар» ишканаларынын баасын аныктоо үчүн тендер жарыялады. Ага катышуучу баалоочу компаниялар «Кыргызтелекомдун» 77.84% акциясы, «Түндүкэлектро» жана «Бишкекжылуулуктармактар» акционердик коомдорунун 80.49% акциясы канча тураарын аныкташ керек.
Дагы жүктөңүз