27-февралда өкмөттүн жыйыны болуп, анда быйылкы жылы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана мугалимдердин эмгек стажына жараша берилчү акчаны төлөө маселеси каралды. Жыйында мугалимдерге 2003-жылдан бери жыйналып келген карызды 2010-жылга чейин төлөп берүү боюнча токтом кабыл алынды. Бирок дыйкандардын түшүмүн алдын-ала сатып алууга акча бюджетке кошумча каражат түшсө гана бөлүнө турган болду.
Өкмөт башчы Игорь Чудиновдун айланасында коррупциялык чатак чыга баштады. «Кыргызгаздын» мурунку башкы инженери Керимбек Сарбашев «БЭК» аттуу ортомчу фирма «Кыргызгаздан» алган газды өлкөдөгү ири ишканаларга сатып, ортодон 25 миллион доллар пайда көргөн деп чыкты. Сарбашевдин билдирүүсүнө караганда, «БЭК» фирмасына азыркы өкмөт башчы Чудиновдун тиешеси бар. Премьер-министр өз кезегинде мындай айыптоолорду четке кагууда.
Чет өлкөгө тыңчылык кылды деп өткөн жылы кармалган Жогорку Кеңештин кызматкери Жыпар Арыковага --> http://www.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2007/07/A69123F3-479E-4EF2-A23D-D70CA4609C98.asp байланыштуу сот өткөн жумада болуп, анда ал жарым-жартылай акталган. Ал эми анын өнөктөшү деп эсептелген кытай жараны Исмаил Үсөк 12 жылга кесилди. Исмаил Үсөктүн адвокаты Айжан Касымалиеванын пикиринде, Исмаил Үсөккө карата сот өкүмү өтө эле катаал болуп калды. Ошондуктан ал апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылууга даярдык көрүүдө. Ал эми Жыпара Арыкованын адвокаты Нина Зотова апелляциялык арыз менен кайрылууну чече элек.
Бүгүн Кыргызстанга Ирандын тышкы иштер министри Манучехр Моттаки расмий сапар менен келет. Ал Бишкекте Кыргызстан тышкы иштер министри Эднан Карабаев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуулар боюнча сүйлөшүүлөр өткөрөт. Иран министрин кыргыз жетекчилиги да кабыл алмакчы.
20-февралда Бишкекте Коомдук парламенттин иши башталат. 50 мүчөдөн турган бул коомдук уюм алгачкы отурумунда уюштуруу иштерин жана энергетика тармагын менчиктештирүү маселесин талкуулоону белгиледи. Ал эми расмий бийлик Коомдук парламентти да, анын ишин да мыйзамсыз деп атады.
Бул күндөрү Кыргызстан тышкы иштер министри Эднан Карабаев Казакстанда расмий сапар менен жүрөт. Астанада ал кыргыз-казак тышкы иштер министрлеринин кеңешинин экинчи жыйынына катышат. Ал эми март айында кыргыз-казак мамлекеттер аралык Жогорку Кеңештин экинчи жыйынын өткөрүү белгиленүүдө. Эки тарап жогорку деңгээлде кызматташуу ниетин билдирип жаткан менен чек ара, пансионаттар маселеси оңойчулук менен чечилбей келатат.
Жыл башында Орусиянын аймагында Кыргызстандын беш атуулунун өлтүрүлүшү өлкөдө олуттуу тынчсызданууну пайда кылды. Коомдук уюмдар билдирүү менен чыгып, орус бийлигине күнөөлүүлөрдү жазалоо талабын койду. Расмий бийлик да кайдыгер калган жок. 14-февралда Коопсуздук кеңештин катчысы Токон Мамытов Орусиянын ички иштер министри Рашид Нургалиев, Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу Валентин Соболев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кыргыз жарандарын коргоо маселесин койду.
Өкмөт башчы Игорь Чудинов 7-февралда маалымат жыйынын өткөрүп, анда өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Чудинов ошондой эле “Кумтөр” кени боюнча келишим, Орусияда кыргыз атуулдарынын өлтүрүлүшүнө байланыштуу суроолорго да жооп берди.
6-февралда кечке жуук өкмөт үйүндө Азык-түлүк коопсуздугу Кеңешинин жыйыны болду. Анда өлкөнү дан жана башка негизги азык-түлүк менен камсыздоо маселеси каралды. Жыйында айкын болгондой бул максатка жетишүү үчүн каражат жетишпейт.
Азыркы кезде Кыргызстан менен АКШ «Миң жылдыктын көйгөйлөрү» программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул программанын алкагында тартип коргоо органдарын реформалоого Вашингтон 16 миллион доллар грант бөлүүнү караштырган. Бирок Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдар өлкө демократиядан тайып баратат деп, программаны токтото туруу өтүнүчү менен АКШга кайрылды.
Кумтөр алтын кенине байланыштуу жаңы келишим Жогорку Кеңештин январь айындагы күн тартибине киргизилген. Бирок өткөн айда маселе каралбай калып, февраль айына которулду. Азыркы мезгилде парламенттин комитеттери жана фракциялары келишимди карап, ага карата өз пикирлерин билдирүүдө.
Эл аралык укук коргоочу Хьюман Райтс Уотч уюму өткөн жыл ичиндеги дүйнө жүзүндөгү адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасын жарыялады. 31-январда жарыяланган баяндамада Кыргызстанда 2007-жылы демократия алсырап, саясий куугунтуктоолор күч алганы белгиленген. Кыргыз бийлиги жана адам укугун коргоочулар буга кандай карайт?
1-февралда Жогорку Кеңеш быйылкы жылга бюджет долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Парламентте Социал-демократиялык фракциянын депутаттары гана долбоорду кабыл алуу эртелик кылат, ал кайрадан иштелип чыгууга тийиш деген пикирлерин билдирди. Бирок көпчүлүк депутаттар долбоорго добушун берди. Эми ал экинчи окууда бир жумадан кийин каралат.
29-январда Жогорку Кеңештин отун-энергетика жана жер байлыктарын пайдалануу боюнча комитетинде бир катар мыйзамдарга президенттин каршы пикири каралды. Президенттик вето «Энергетика», «Электр жана почта байланышы» жана «Суу ресурстарын пайдалануу режими» жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамдарга коюлган. Бул мыйзамдарда тариф жана сууу ресурстарын пайдалануу маселеси каралган эле.
Өткөн жумада Москвада Евразия экономикалык шериктештигинин жыйыны болду. Ага катышуу учурунда премьер-министр Игорь Чудинов жетектеген делегация орус өкмөт башчысы Виктор Зубков, «Газпромдун» башчысы Алексей Миллер менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ал сүйлөшүүлөрдө Кыргызстандагы «Дастан» ишканасынын 37% акциясын тышкы карыздын эсебинен орустарга берүү, «Газпромдун» Жалалабад облусунда газ, мунай кендерин чалгындоо маселелери козголгон.
Мурунку президент Аскар Акаевдин саясатындагы эң ири кемчиликтердин бири кадр саясатындагы алешемдиктер аталчу. Азыркы президент Курманбек Бакиевдин кадр саясаты ошол мезгилди эске салып жатканы кеңири айтылып келатат. Анын акыркы мисалдары катары, министрлик ишке киришүү алдында парламентте ант бергенден кийин жума узабай ички иштер министри Болотбек Ногойбаевдин кызматтан алынышы, Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун шашылыш кызматтан четтетилиши аталууда.
Январь айынын соңунда «Ата мекен» партиясынын лидерлери АКШда болушат. Американын Кыргызстандагы элчилигинен алынган маалыматка караганда, Өмүрбек Текебаев баш болгон атамекенчилер АКШ президенти жыл сайын уюштуруучу «сый тамакка» катышат. Оппозициялык саясатчылардын АКШнын таасирлүү саясатчылары менен жолугушуусу да белгиленүүдө.
Каржы министри Тажикан Калимбетова өткөн жылы бюджеттен 468 миллион сом учак сатып алуу үчүн бөлүнгөнүн 14-январда билдирди. Ал учакты «Кыргызстан» авиакомпаниясы сатып алганын кошумчалады. Бирок авикомпаниянын вице-президенти Николай Лиманский учак сатып алуу тууралуу эч кандай маалыматы жок экенин «Азаттыкка» билдирди.
14-январда Жогорку Кеңеш үч деңгээлдүү бюджетке өтүү жөнүндө мыйзам кабыл алды. Парламент ошондой эле өткөн жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө каржы министри сунуштаган мыйзам долбоорун жактырды. Ал эми быйылкы жылдын бюджетин өкмөт 19-январда карай турган болууда.
Өткөн жылы референдумда жаңы конституциянын кабыл алынышы менен Кыргызстанда кандай бийлик системасы түзүлдү. Ал системада бийлик бутактарынын тең салмактуулугу сакталдыбы?
Дагы жүктөңүз