Камбарата ГЭСтеринин курулушунун техникалык экономикалык негиздемесин түзүү боюнча конкурсту Электрик де Франс менен ПрайсВатерХаусКуперс фирмалары жеңип алды. Конкурс декабрь айынын аягында Москвада өткөрүлгөн. Ага жалпысынан үч компания катышкан.
27-декабрда Жогорку Кеңеш премьер-министр Игорь Чудинов сунуштаган «Өкмөттүн структурасын» карап, аны бекитип берди. Структура бекитилгенден кийин түш оой президент өз жардыгы менен өкмөттүн мүчөлөрүн толук дайындады. Өкмөттүн курамынан Социал-демократиялык партиянын мүчөлөрү чыгарылып, алардын ордуна жаңы министрлер келди. Калган министрлер негизинен өз ордуларында калышты.
Премьер-министр Игорь Чудинов өкмөттүн структурасын Жогорку Кеңешке сунуштады. 26-декабрда парламенттин комитеттери өкмөт башчысынын катышуусу менен сунушталган структураны талкуулап, Жогорку Кеңештин жыйынына маселени алып чыгууну чечишти.
«Ак жол» депутаттык фракциясынын сунушу менен президент Курманбек Бакиев Игорь Чудиновду премьер-министрлик кызматка дайындоо боюнча жардыкка кол койду. «Ак жол» партиясы ошондой эле биринчи вице премьер-министрлик кызматка Искендербек Айдаралиевдин талапкерлигин сунуштоодо. Буга чейин өнөр жай жана отун-энергетика министри кызматын аркалап келген Чудинов 25-декабрда парламентке өкмөттүн структурасын сунуштаган жатат.
Өтүп бараткан жыл саясий окуяларга бай болду. 2006-жылдын соңундагы конституциялык реформалардын таасири менен жыл башында Феликс Куловдун өкмөт башчылык кызматтан кетүүсү саясий кырдаалдын курчушуна, андан кийин оппозициянын таасиринин азайышына алып келди. Жыл башында ургаалдуу башталган саясий жараян жыл соңунда парламентти таркатуу, референдум аркылуу жаңы Конституция кабыл алуу жана акыр аягында жаңы парламенттик шайлоо менен жыйынтыкталды.
18-декабрда Жогорку Сот Борбордук шайлоо комиссиясынын 18-ноябрдагы токтомун жокко чыгарды. Ал токтомдо Шайлоо Кодексинин 77- беренесинин 2- бөлүгүнө түшүндүрмө берилип, саясий партиялар 0.5% добушту региондордон жалпы республикалык тизме боюнча алыш керек деп аныкталган. БШКнын токтомун «Ак жол» партиясы сотко берген эле.
18-декабрда Жогорку Сот Борбордук шайлоо комиссиясынын жарым пайыз босогосу боюнча токтомун жокко чыгаруу боюнча “Ак Жол» партиясынын арызын карап, аны канааттандырды. Ишти Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов, анын биринчи орун басары катышкан соттук коллегия карады. Соттун бул чечими менен «Ата мекен» партиясы парламентке келүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү саат үчтөгү маалыматы боюнча «Ак жол» партиясы 48.8 % добушун алуу менен алдыда келатат. Экинчи орунда «Ата мекен» партиясы. Анын топтогон добушу 9% жакын болууда. Бирок «Атамекен» партиясы 0.5% тосмону үч региондон алалган эмес. Ал эми калган 10 партия 5% тосмодон өтө албай турат.
7-декабрда Өкмөт үйүндө Кыргызстандагы кыйноолорго байланыштуу коомдук угуулар болуп өттү. Президент алдындагы адам укуктары боюнча комиссия уюштурган талкууга бийлик, тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү жана укук коргоочулар катышты. Жыйында кыйноолорго каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн БУУнун кыйноолорго каршы конвенциясынын Факультативдик протоколун, Конвенциянын 22 беренесин Кыргызстандын таануусу, кыйноолорго каршы коомдук көзөмөлдү күчөтүү чечимдери кабыл алынды.
«Асаба» партиясы 16-декабрга белгиленген парламенттик шайлоого бойкот жарыялашы мүмкүндүгүн билдирди. Партиянын лидерлери Азимбек Бекназаров жана Жеңишбек Назаралиев мындай кадамга шайлоо өнөктүгүндө административдик ресурсту пайдалануу, үгүт иштерин толук кандуу жүргүзүүгө жол берилбеши менен байланыштырууда. «Асабанын» чакырыгына башка партиялар кандай карайт?
Чет өлкөлөрдөгү кыргыз жарандары үчүн БШК 30 миң даанага жакын бюллетен бөлөт. Добуш берүү элчилик, консулдук кызматтарда уюштурулат. Эгерде байкоочулар, участкалык комиссиянын мүчөлөрүнүн макулдугу болсо Россиядагы курулуш обьектилеринде жана базарларда да добуш берүү уюштурулушу ыктымал.
Шайлоо бюллетендеринин сүрөтүн жарыялап жибергендиги үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы Э.Байсаловду СДПКнын шайлоо тизмесинен чыгарып, 2 миллион 700 миң бюллетенди СДПКнын эсебинен кайра басып чыгарууну чечти.
Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин 15- жыйынында жакынкы жылдары уюмга төрагалык кылуучу өлкөлөр аталды. Ага ылайык 2010-жылы ЕККУга төрагалык кылуу Казакстанга берилди. Кыргызстандык укук коргоочулардын бир тобу муну Батыштын кош стандарттуулук саясатынын дагы бир көрүнүшү катары баалса, башкалары төрагалык кылуу Казакстанда демократиялык жараяндардын күчөшүнө алып келет деген ишеничте.
Кыргызстандын региондорунда саясий партиялар үгүт иштерин активдүү жүргүзүүдө. Өнөктүктө ар бир партия өзүнүн негизги урааны менен чыгып, шайлоочуларды тартууга аракет кылууда. Кайсы партиянын негизги урааны кандай жана лидерлер кайсы региондордо жүрөт?
28-ноябрда Алмазбек Атамбаев кызматтан кетти. Өкмөт жөнүндөгү мыйзамга ылайык өкмөт башчынын милдетин биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Искендер Айдаралиев аткарууга киришти. Парламенттик шайлоо алдындагы мындай кадрдык өзгөрүүлөр саясатчылар арасында ар түрдүү пикирлерди жаратууда.
27-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны болуп, анда шайлоого катышууга укук алган 12 саясий партиянын Улуттук телерадиокомпаниядан бекер үгүт иштерин жүргүзүүсүнүн мезгили, тартиби аныкталды. Ал үчүн саясий партиялардын өкүлдөрү чүчү кулак кармашты. Бирок УТРК менен БШКнын ортосунда үгүт үчүн бөлүнгөн эфир күндөрү боюнча пикир келишпестик чыгууда.
25-ноябрда «Шайлоо» кодексине ылайык партиялардын Жогорку Кеңешке талапкерлеринин тизмесин каттоо соңуна чыкты. 16-декабрга мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо жарыялангандан кийин ага катышууга 50 партия ниетин билдирип, бирок 22 партия тийиштүү документтерин БШКга тапшырды. Борбордук шайлоо комиссиясынын элегинен 12 партия өтүп, 26-ноябрдан тарта үгүт иштерин баштоого мүмкүнчүлүк алды. Бир нече партия БШКнын аларды каттабаган чечимин сотко берип, соттун чечимин күтүүдө.
25-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партияларды каттоону аяктады. Баш-аягы болуп 12 партия БШК элегинен өттү. "Мекен" (Адилет министрлигинен каттоодон өткөн аты "Родина"), «Ак жол» партияларынын талапкерлерин каттоо учурунда БШК мүчөлөрү ортосунда катуу талаш-тартыштар чыкты.
23-ноябрда кечке жуук Борбордук шайлоо комиссиянын жыйыны болуп, анда беш партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоо маселеси каралды. Анын жүрүшүндө «Таза коом», Клара Ажыбекова жетектеген Кыргызстан коммунисттер партиясы, Ооганстан жана жергиликтүү согуштарга катышкандардын партиясынын тизмесин каттоого алуудан Борбордук шайлоо комиссиясы баш тартты.
Ондон ашуун саясий партиянын өкүлдөрү 0.5% маселеси боюнча президент менен жолугушуу ниетин билдирген. Бирок, 22-ноябрда президенттин маалымат кызматынын өкүлү андай жолугушуу болбой турганын ачыктады. Ал эми бийлик түзгөн «Ак жол» партиясы БШКнын чечимин сотко берип, бирок судьяларга басым жасалат деген жүйөө менен кайсы сотко беришкенин ачык айтуудан баш тартууда.
Дагы жүктөңүз