Бишкекте 11 саясий партиянын лидерлери чогулуп, 0.5% добушту партиялар региондордон жалпы республикалык тизмеден алыш керек деген БШКнын чечимин талкуулашты. Жыйын соңунда президентке кайрылуу кабыл алып, анда БШКнын чечимин жокко чыгаруу талабы коюлган. Президенттик “Ак жол” партиясы да БШКнын чечимин жокко чыгаруу үчүн сотко арыз камдап жатканын билдирди.
Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген тартипке ылайык 15-ноябрда талапкерлерди көрсөтүү соңуна чыкты. Эми партиялар сунуштаган тизмелер 18-ноябрга чейин БШКга берилип, ал жерде текшерилүүгө тийиш.
14-ноябрда Бишкекте «Таза коом», Эркиндик», «Эркин Кыргызстан», Жашылдар жана «Туран» партиясы курултайын өткөрдү. Алардын баарында 16-декабрга белгиленген парламенттик шайлоого катышуу маселеси талкууланып, жүз талапкерден турган тизмелер каралды.
13-ноябрда Бишкекте «Асаба», «Замандаш» партияларынын курултайы болуп өттү. Партиялар анда өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаалды талкуулап, 16-декабрга белгиленген парламенттик шайлоого катышуучу жүздөн талапкерлеринин тизмесин бекитти.
12-ноябрда Бишкекте кыргыз-казак тышкы иштер министрлеринин кеңешинин алгачкы жыйыны болуп өттү. Жыйында Кыргызстан тышкы иштер министри Эднан Карабаев менен Казакстан тышкы иштер министри Марат Тажин эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашып, тышкы иштер министрлеринин кеңешинин иш-аракеттеринин планын бекитти.
10-ноябрда Бишкекте президенттик «Ак жол» элдик партиясынын жана өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев жетектеген Социал-демократиялык партиянын курултайы болуп өттү. Анын экөөндө тең 16-декабрга белгиленген парламенттик шайлоого 100дөн талапкерлер көрсөтүлдү.
16-декабрга белгиленген парламенттик шайлоого карай партиялардын даярдык көрүүсү күч алды. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышуучу партиялардын ишенимдүү адамдарын, партиянын документтерин каттоого ала баштады. 25-октябрга карай документтерин тапшырган партиялардын саны 22 жетти. Каттоо иши жума күнү соңуна чыгат.
21-октябрда референдумда кабыл алынган Конституция күчүнө киргенден кийин президент өз жардыгы менен Алмазбек Атамбаевдин өкмөтүн кызматтан кетирди. Бирок жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин өкмөттүн милдетин аткаруу кайрадан Атамбаевдин өкмөтүнө жүктөлдү. Ал эми жаңы өкмөт парламенттик шайлоодо жеңип келген партия тарабынан түзүлөт.
22-октябрда президенттин жардыгы менен Жогорку Кеңеш таркатылды. Мындай чечим Жогорку Кеңеш менен Конституциялык соттун ортосундагы келишкис карама-каршылыкка байланыштуу кабыл алынганы жарыяланды. Айрым депутаттар жардыкты кескин сынга алды. Бирок парламент тароо чечимин кабыл алды. Эми декабрь айында жаңы парламенттик шайлоо белгиленери күтүлүүдө.
Жалпы элдик референдумга саналуу күндөр калды. 21-октябрда конституция кабыл алынса өкмөт кызматтан кетет. Бирок саясатчылар жаңы өкмөттү түзүү эмес, жаңы парламенттик шайлоого даярдыкты ургалдуу жүргүзүүдө. А чындыгында парламенттин тарашы мүмкүнбү? Депутаттар арасында тароо маанайы барбы?
21-октябрда референдумга Конституциянын долбоору менен кошо Шайлоо кодекси да коюлууда. Конституциянын жана Кодекстин талаптарына ылайык шайлоого катышкан саясий партиялар жалпы өлкө боюнча тизмедеги шайлоочулардын 5% добушун жана региондордогу шайлоочулардын 0.5% добушун алса гана Жогорку Кеңешке келүүгө мүмкүнчүлүк алат.
Кыргызстанда саясий партиялардын активдешүүсү күч алууда.Оппозициялык партиялар биригүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантса, премьер-министр жетектеген Социал-демократиялык партия региондордо кеңселерин ачууда.
15-октябрда президенттик партия түзүлдү. Бирок анын катарында ыңкылап учурундагы президенттин негизги пикирлештери жана алардын партиялары жок. Бул арада оппозициялык партиялар биригүү аракетин көрүп жатат.
«Ак шумкар» партиясынын Бишкек шаардык кеңешинин конференциясында өлкөдөгү саясий кырдаал жана партиянын уюштуруу иштери талкууланды. Конференцияда айкын болгондой «Ак шумкар» партиясы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого даярдык көрүүгө киришет.
20-сентябрда маалымат каражаттарында 21-октябрда референдумга коюла турган Конституциянын жаңы долбоору жарыяланды. Долбоордо күчтүү президенттик бийлик сакталып, парламент партиялык тизме менен шайланган 90 депутаттан тураары белгиленген. Оппозициялык саясатчылар президенттин айрым ыйгарым-укуктары көбөйтүлгөнүн, өкмөттүн Жогорку Кеңеш жана президент алдында «көк бөрү» абалында калганын белгилешүүдө.
19-сентябрда президент Курманбек Бакиев Жогорку Кеңешке жана элге кайрылуу менен чыкты. Анда конституция боюнча 21-февралда референдум болоору жарыяланды. Президент кайрылуусунда социалдык-экономикалык кырдаалга токтолуу менен келечектеги Конституциянын негизги өзгөчөлүктөрү тууралуу да айта кетти.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Өкмөт үйүндө алгач президенттер тар чөйрөдө, андан кийин кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Сүйлөшүүлөр жыйынтыгы боюнча президенттер биргелешкен билдирүүгө, андан сырткары бир катар министрликтер ортосунда кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлду.
Кыргызстан кайрадан 2003-жылкы Конституция менен жашап калды. Эми бийлик органдары мына ошол башкы мыйзамда каралган тартипке ылайык түзүлүш керек. Ошол эле мезгилде коомчулук 19-сентябрга белгиленген калкка кайрылуусунда президент конституциялык реформа боюнча кандай ойду айтат деген күтүүдө турат.
Конституциялык сот 14-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Кабай Карабеков жана Мелис Эшимкановдун арыздарын карайт. Депутаттар арызында 2006-жылдын ноябрь жана декабрь айларында кабыл алынган конституцияларды жокко чыгарууну талап кылууда.
Мындан алты жыл илгери, 2001-жылы 11-сентябрда АКШга бир катар террордук чабуулдар жасалган. Мына ошондон кийин террорго каршы согуш жарыялаган АКШ Кыргызстандын "Манас" аба майданында аскерий базаны жайгаштырууга уруксат сураган. Ал өтүнүч расмий Бишкек тарабынан канааттандырылган. Бирок акыркы кезде базаны чыгаруу талаптары коюула баштады. Мына ушундай кырдаалда коргоо министри Исмаил Исаковго базаны жайгаштыруунун зарылчылыгы, анын Кыргызстанга тийгизген пайда-зыяны тууралуу бир катар суроолор менен кабарчыбыз Айданбек Акмат уулу кайрылган.
Дагы жүктөңүз