"Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.
Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоорун референдумга коюу жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Документ парламентте депутаттардын кызыл чеке талашын жаратты. Айрым депутаттар долбоордун демилгечиси болуудан баш тартты.
Жогорку Кеңеште 17-февралда Баш мыйзамдын жаңы долбоорун сунуштаган депутаттар менен аны иштеп чыккан Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн жыйыны өттү. Анда Конституциялык кеңешменин иши жыйынтыкталганы, мындан ары долбоорду өзгөртүү маселеси парламенттин колунда экени айтылды.
“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын коногу - октябрдагы элдик толкундоолордон кийин Кыргызстандын баш прокурору болуп дайындалган Курманкул Зулушев.
Коомчулукта жаңы өкмөттүн курамы, азыркы кыйын кырдаалдан чыгаруу дарамети, даярдыгы жана ага 6-октябрдагы окуялардын активдүү катышуучуларынын кирбей калганы талкууланып жатат. Кыргызстан кандай премьерге жана өкмөткө муктаж? Жаңы өкмөт батыл реформаларга барып, азыркы кризисти жеңилдете алабы?
Аялдарга карата зомбулук фактыларынын көбөйүшүнө эмне себеп болууда? Зомбулукка каршы күрөшүү аракети эмнеге натыйжа бербей жатат? "Эксперттер талдайт" берүүсүндө кыргыз коомундагы үй-бүлөлүк зомбулук жана аны кантип токтотуу керек деген суроого жооп издейбиз.
10-январь күнү Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум өтөт.
Кыргызстанда 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт. Мамлекет башчылык кызматка 18 талапкер ат салышууда. Жаңы президенттин алдында кандай маселелер турат? Ал элдин ишенимин актоо үчүн кандай олуттуу кадамдарга барып, реформаларды жасашы керек?
Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев менен конституциялык реформанын мааниси жана кеңешменин ишмердиги тууралуу талкууладык.
Кыргыз өкмөтү 6-ноябрдагы №551 токтому менен мамлекеттик кызматкерлердин санын азайтып, алардын ишин оптималдаштырууну, артынан мамлекеттик кызматкерлерди конкурстук негизде кайра тандап алууну пландап жатат.
Жогорку Кеңештин 80ден ашык депутаты демилгечи болуп көрсөтүлгөн Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламенттин расмий сайтына 17-ноябрда жарыяланды. Документ коомчулукта бир нааразычылык жаратты.
“Республика” партиясынын лидери, саясий ишмер Өмүрбек Бабанов Кыргызстандагы акыркы саясий окуялар, референдум, парламенттик жана президенттик шайлоолор тууралуу маектештик.
Жогорку Кеңештин бүгүн Садыр Жапаровду Кыргызстандын өкмөт башчылыгына бир добуштан шайлап, өкмөттүн сунушталган курамы жана түзүмүн жактырды.
Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева шайлоодон кийинки кырдаал, бүгүнкү түзүлгөн саясий кризистен чыгуу жолдору тууралуу "Азаттыкка" маек курду.
“Эксперттер талдайт” талкуусуна конституциялык укук боюнча эксперт Сания Токтогазиева, тарыхчы Кыяс Молдокасымов, саясий серепчилер Алмазбек Акматалиев жана Эмил Жураев катышты.
"Эксперттер талдайт" берүүсүнө бул жолу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, профессор Каныбек Осмоналиев, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун, БШКнын мурдагы мүчөсү Абдымомун Мамараимов, эркин журналисттер Семетей Талас уулу жана Москва шаарынан түз байланышта журналист Кудрет Тайчабаров катышты.
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиеванын сөөгү 7-июлда Бишкектин «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилди. Маркум менен коштошуу зыйнатына туугандары, кесиптештери жана коомчулук өкүлдөрү катышты. Чыгаан журналист, чыныгы устат, илимпоз, саясат таануучу, саясий илимд
Депутат Исхак Масалиев депутаттык мандатынан баш тартты. Ал парламенттин жана өкмөттүн кадамдарына нааразы экендигин билдирүүдө. Парламентарийдин кадамы чын эле эрдикпи же шайлоо алдындагы саясий популизмби? Бул көрүнүштүн өзү бийлик бутактарындагы терең саясий кризистин көрсөткүчүбү?
Бишкектеги №8 үй-бүлөлүк медицина борборунун инфекционист-дарыгери Алтын Токтокожоева дарыгерлердин иштөө шарты, оорулууларды аныктоо, анализ алуу аракеттери, алар туш болгон кыйынчылыктар тууралуу “Азаттык” менен маектешти.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда саясий партиялардын парламентке өтүү босого чеги жети пайыз болушу керек экенин ишарат кылды.
Студиянын коноктору – юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев жана Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын Коопсуздук жана коргоо секторунун башчысы Рысбек Абдысатаров.
Дагы жүктөңүз