"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Ирактагы шайлоо аяктаары менен БУУ, Евробиримдик, НАТО өңдүү абройлуу эларалык уюмдар Ирактагы реконструкция иштерине жардамын көбөйтө турганын жарыялашууда. Ал эми Вашингтон менен Лондон Ирак согушунун айынан пайда болгон жарылып-бөлүнүү жоюлуп, дүйнөлүк коомчулук Иракка жабыла көмөк көрсөтөт деген үмүтүн билдиришти. Бирок, коопсуздук жагдайындагы кырдаал Ирактагы саясий жана экономикалык кайра курууга бир топ жолтоо болчудай.
Мындан 60 жыл илгери советтик армия Польшадагы Освенцим лагерин бошоткон. Нацистердин эң ири концентрациялык лагери фашисттик ыраймысздыктын символуна айланып калган. Экинчи дүйнөлүк согушта 6 миллионго жакын жөөт жок кылынган. Алардын бир миллиондон ашууну Освенцимдин газ камераларында кырылып салган. Жөөттөрдү тукум курут кылуу Холокост деп аталып калган. Тарыхчылар Холокосттун кайталанбашы үчүн жаш муунга анын сабактарын үйрөтүш керек деп эскертишет. Бүгүнкү мектеп окуучулар 60 жыл мурун болгон окуялар жөнүндө эмнени билишет?
Өткөн бейшембиде Бразилияда алп-бала төрөлдү... Жакында интернет аукционго Пабло Пикассонун чакан сүрөтү коюлду... Британияда өткөрүлгөн социологиялык изилдөөнүн натыйжасы көргөзгөндөй, аялдар кийим кече, ар кандай аксессуарларга өмүрүндө 100 миң фунт стерлинг коротушат экен...
Шейшембиде Кондолиза Райс сенаттын сынагынан өтмөкчү. Тышкы байланыштар комитети мамлекеттик катчылыкка талапкерге суроо берип, анын келечек пландарын талкуулайт. Кандидатурасы бекитилгенден кийин Кондолиза Райс АКШнын 66 мамакатчысы катары расмий түрдө ишке киришмекчи. Америкалык бир катар гезиттер ушул темага кайрылып, мамлекеттик депаратаменттин жаңы командасынын курамын байма бай талкуулап жатышат.
Эртең (12-январда) Америкада космос кемеси учурулуп, ал ташыган зонд 6 айдан кийин, 4-июлда “Темпель-1” деп аталган комета менен кагылышууга тийиш. Кагылышуудан кометанын кыртышында чоңдугу футбол талаасындай кратер пайда болмокчу. Изилдөөчүлөрдүн ырастоосунда, кемедеги телескоптордун жардамы менен Күн системасы менен бирдей убакытта жаралган деп болжолдонгон кометанын түзүлүшү жөнүндө маалымат алынат.
Жаңы жылдын түнү жомоктогудай окуяларга бай болот эмеспи. Американын Денвер шаарындагы үйсүздөр жаңы жылга аз калганда конолгонун жанына бир жип машине келип токтоп, айдоочу жүз долларлык купюраларды алып чыгып, элге тарата баштаганын айтып беришти...
Өзбек президенти Ислам Каримовтун начар ден соолугу жөнүндөгү имиштер көбөйгөн сайын, анын ордун басууну көздөп жаткан саясатчылардын ортосундагы тымызын күрөш күчөп жатат. Негизги таймаш өлкөнүн ички иштер министри менен Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси ортосунда жүрүүдө. Бул темага арналган макала жакында “Eurasia View” деген сайтта жарык көрдү.
Украинадагы соңку саясий кризисте өлкөнүн географиясы менен тарыхы чоң ролду ойноду. Украинанын батыш аймактары бир кездери Польшанын, Австро-венгриянын жана Чехословакиянын курамына кирсе, чыгыш жана түштүк чөлкөмдөрү болсо Москвага баш ийип келген. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин гана Украина Советтик республика катары азыркы чегараларга ээ болгон. Чыгыш – батышка бөлүнгөнгө карабай, украиндердин келечеги бир, - дешет аналитиктер.
АКШнын республикачыл партиясында коргоо министри Доналд Рамсфелд кызматында кала бериш керекпи же отставкага кетүүгө тийишпи деген талаш-тартыштар уланып жатат. Сенаторлордун айрымдары Рамсфелддин кетиши Ирактагы шайлоого терс таасир тийгизет дешсе, башкалары, министрге ишенбөөчүлүгүн билдиришүүдө.
Шаршембиде Иракта шайлоо өнөктүгү башталды. 30-январда өлкөнүн 275 орундуу улуттук жыйынына (ассамблеясына) добуш берүү өтмөкчү. Ассамблея өз кезегинде жаңы өкмөттү тандап, конституциянын долбоорун иштеп чыгууга тийиш. Шейшембиде болсо Ирактын утурумдук өкмөт башчысы эски режимдин айрым төбөлдөрү эмки жумада соттоло баштайт деп билдирген.
Виктор Ющенко аны украин бийлиги уулантууга аракет жасаганынан күмөн санабайт. Мындай билдирүүнү Ющенко кечээ Венадагы клиникадан кайтып келгенден кийин жарыялады.. Ишембиде австриялык дарыгерлер саясатчынын оорусу диоксин уулу затынан улам келип чыкканын тастыктаган эле. Ющенко эч кимдин ысмын ачык атабаганы менен ууланган күнү Украинанын коопсуздук кызматынын жетекчилери менен чогуу чаран тамактанганын кыйытып кеткен.
Ирактын Борбордук шайлоо комиссиясы кандидаттардын тизмесин тапшыруу мөөнөтүн 15-декабарга чейин узартты. Азырынча 70тей партия менен коалициянын өкүлдөрү 30-январда өтчү добуш берүүгө өз талапкерлигин койду. Шайлоо кампаниясы расмий түрдө келээрки шаршембиде башталат. Козголоңчулар болсо өнөктүктү үзгүлтүккө учуратуу максатында кол салууларын күчөтүп жатат.
БУУда Ирак мунайын азык-түлүккө айырбаштоо программасына байланышкан жаңжал уланууда. Иликтөө тобун жетектеген АКШлык сенатор Норм Колеман баш катчыны кызматынан кетүүгө үндөдү. Аннан көз карандысыз комиссиянын жыйынтыктарын күтүп, отставкага кетпей турганын билдирди. Буш администрациясынын сенатордун комментарияларына кошулбай тургандай түрү бар. Бирок массалык маалымат каражаттары уюмдун абройнуа шек келтирген окуяга абдан чоң көңүл буруп келатышат.
Украинанын Жогорку соту президенттикке талапкер Виктор Ющенконун арызын карай баштады. Оппозиция лидери шайлоонун 21-ноябрда өткөн экинчи айлампасы мыйзам бузуулар менен коштолгонун белгилеп, анын жыйынтыктары жараксыз деп табылсын деген арызын сотко жолдогон эле. Киевдин көчөлөрүндө болсо оппозициянын демонстрациясы уланууда. Дүйшөмбүдө Леонид Кучма кырдаалды жумшартуу үчүн президенттик кайра шайлоо өткөрүлсө жакшы болот эле деген жеке оюн билдирди.
28-ноябрь - Румынияда президенттик жана парламенттик шайлоо күнү. 18 миллиондой шайлоочу он эки талапкердин арасынан өлкөнүн Евробиримдикке кошулуусун ыкчамдатууга кудуреттүү жетекчини тандашмакчы. Добуш берүү бир эле айлампа менен чектелбей турганы азыртадан эле айкын болууда. Андыктан Румыниянын жаңы президентинин ысымы дагы эки жумадан кийин гана белгилүү болот деп болжолдонууда.
400-жылдан бери Голландия диний эркиндиктер урматталган, толеранттуу өлкөнүн үлгүсү катары бааланып келаткан. Бирок мындан 40 жылча мурун Голландияга чет жерлерден, көбүнесе мусулман өлкөлөрүнөн миңдеген жумушчулар алынып келе баштады. Алардын басымдуу бөлүгү эч качан жергиликтүү тилди да үйрөнгөн эмес. Натыйжада өлкөдө 1 миллионго жакын улуттук азчылык пайда болду. Таанымал режиссер Тео ван Хоктун мусулман жигит тарабынан өлтүрүлүшү жана андан кийнки окуялар мусулмандар менен христиандар ортосундагы бөлүнүп жарылуу эбак эле пайда болгонун айкын далилдегенсиди.
Брюсселде Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтүп жатат. Быйылкы жылдык жолугушууда Иран, Жакыңкы Чыгыш маселелери жана шаркеттин Кытай менен алакалары талкууланмакчы. Андан тышкары министрлер Беларустагы кырдаал жана Украинадагы президенттик шайлоого карата өз реакцияларын билдирет деп күтүлүүдө.
Бүгүн (жекшембиде) Украинада президенттик шайлоонун экинчи, чечүүчү айлампасы жүрүп жатат. Жергиликтүү жана чет өлкөлөлүк аналитиктер бүгүнкү добуш берүүнүн натыйжасы Украинанын келечек багытын аныктайт деп эсептешүүдө. Анда азыркы өкмөт башчы, москвачыл Виктор Янукович жеңип чыкса, Украина Москванын орбитасынан чыкпай, Россия, Беларусь сыңары авторитардык жолго түшөт. Ал эми Виктор Ющенконун утушу өлкөнү демократиялык нукка салып, Киевтин Батыш менен жакындашуусуна алып келет, - дешет бир катар саясий эксперттер.
Ак-Үйдөгү айрым булактар мамлекеттик катчы Колин Пауэллдин ордуна Буштун улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондилиза Райс айым келет деп ырасташууда. Кечээ АКШнын тышкы мекемесинин жетекчиси Пауэллдин отставкага кетип жаткандыгы жөнүндө жарыяланган эле. Бир катар байкоочулар Вашингтон администрациясындагы эң байистүү саясатчы делинген Пауэллдин ордун толтуруу кыйын болот дешүүдө.
Ирактагы америкалык аскерий командачылык Фаллужа шаарынын ири бөлүгүндөгү турумдарды ээлегенин жарыя кылды. Шаарды толук көзөмөлдөө үчүн коалиция күчтөрүнө дагы бир нече күн талап кылынат, - деп билдиришти америкалык жогорку офицерлер.
Дагы жүктөңүз