"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Украинадагы президенттик шайлоонун соңку айлампасына бир апта убакыт калды. Биринчи турдун жыйынтыктары көргөзгөндөй, негизги эки талапкер дээрлик бирдей сандагы добуш чогулта алышкан. Эми россиячыл Виктор Янукович менен батышчыл Виктор Ющенко калган кандидаттардын колдоосун алууга аракеттенишүүдө. Дүйшөмбүдө өтө турган теледебаттар бир чечимге келе элек шайлоочуларга чоң таасир эте турчу фактор катары бааланууда.
Өзбекстандык журналист Руслан Шарипов былтыр түрмөгө кесилип, эларалык укук коргоочу уюмдардын кысымы астында коё берилип, жакында өлкөдөн чыгып кетүүгө уруксат алды. Ушу тапта АКШнын Калифорния штатында жашап жаткан журналист менен кабарчыбыз Брюс Паннье телефон акрылуу байланышып, бир нече суроо салды.
Бул айдын башталышы Нидерландыда улуттар аралык араздашуулар менен өзгөчөлөндү. Адегенде таанымал режиссер Тейо Ван Хок киши колдуу болду. Бул кылмыш үчүн теги марокколук жигит шектелип, камакка алынды. Көп узабай өлкөдө мусулман объектилерине бир нече кол салуу катталды. Голландиянын өкмөтү элди толеранттуулукка чакыра баштады. Падышалык - илгертеден эле иммиграция жаатындагы либералдуу мыйзамдары менен белгилүү болуп келген. Андыктан Голландиянын коомчулугу арасында “ошол ашыкча сабырдуулук улуттар аралык мамилелерге залакасын тийгизип жүрбөсүн” деген суроо пайда болууда.
Палестин лидери Ясир Арафаттын абалы оор бойдон калууда. Бүгүн Париждеги ал жаткан ооруканага палестиналык динаятчы Шейх Таисир Дауд Тамими барып кетти. Молдонун айтымында, “президенттин абалы өтө начар, бирок ал тирүү”. Арафаттын саламаттыгына байланыштуу “ал көз жумгандан кийин эмне болот? Палестиндердин, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процессин эмне күтүүдө? - деген суроолор көбөйүүдө.
Атомдук энергетика боюнча эларалык агенттиктин жетекчиси Мухамед Эл Барадеи Иран менен Евробиримдиктин 3 өлкөсү ортосунда Тегерандын өзөктүк программасына байланыштуу келишимге жетишилгенин оптимисттик түрдө кабыл алганын билдирип, бул маалымат тастыкталууга тийиш деп кошумчалады. Агенттик 25-ноябрга дейре Иран уран байытууну токтотуп, өзүнүн атомдук программасы тууралуу толук маалымат бербесе, өлкөгө каршы санкция киргизүү сунушталат деп эскерткен эле.
Жекшембиде Бириккен улуттар уюмунун Ооганстандагы миссиясынын басма сөз өкүлү барымтада жаткан кесиптештеринин саламаттыгы начарлап кеткенин билдирди. Кечээ болсо Кабулда Пакистан менен Ооганстандын мамлекет башчылары эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүштү. Бул – Хамид Карзайдын 9-октябр күнкү шайлоону утуп чыккандан кийинки алгачкы ырасмий жолугушуусу болду. Пакистан президенти Первез Мушарраф Карзайды жеңиши менен куттуктап, кошуна өлкөдөгү жалпы улуттук шайлоонун ийгилигин бүтүндөй аймак үчүн жакшы жышаана катары баалады.
Алгачкы маалыматтар көргөзгөндөй Украинадагы президенттик шайлоого катышкандардын 84% добуштары саналып бүттү. Азыркы премьер Виктор Янукович ал добуштардын 41%, ал эми оппозициянын лидери Виктор Ющенко 39% алганы айтылууда. Талдоочулар шайлоонун экинчи айлампасы өтүшү ыктымал дешүүдө. Анткени талапкерлердин бири дагы шайлоочулардын 50%тен көп добушун ала алышпайт шекилдүү.
«Ал-Кайида» Ирактагы «Жихад үчүн» деген уюм 50 чакты ирактык жоокердин көзүн тазалагандыгын мойнуна алды. Ал-Заркавинин тобу ислам веб баракчасы аркылуу тараткан билдирүүсүндө ишемби күнкү массалык кыргын үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Талдоочулар болсо козголоңчулар жергиликтүү аскер, полициячыларга кол салуулары менен убактылуу өкмөттүн абройуна шек келтирүүнү көздөп жатышат дешүүдө.
23-октябрда Жапонияда болгон жер титирөөдөн курман болгондордун саны 21 кишиге жетти. Тогуз жылдан берки эң катуу зилзаладан кеминде 2 миң адам жарадар болуп, дагы миңдеген киши үйсүз калды. Өткөн аптада болсо Жапон аралдарындагы тайфун 80ге жакын кишинин өмүрүн алып кеткен.
Бир нече күндөн кийин америкалыктар өлкөнүн 44-президентин тандашат. Бирок чыныгы шайлоо бир айдан кийин, шайлоогерлер коллегиясы добуш бергенде болот. Адатта жеңүүчүнүн ысымы биринчи эле баскычтан кийин аталышы мүмкүн. Арийне АКШнын тарыхында 3 ирет 19-кылымда эки жолу жана кечээ жакында эле 2000-жылы элдин эң көп добушун алган талапкер Ак үйдү ээлебей калган. Мындан улам айрым эксперт-адистер шайлоогерлер коллегиясын жоюу же аны өзгөртүүнү сунуш этишүүдө.
Беларустар бүгүн президент Лукашенконун үчүнчү мөөнөт үчүн ат салышуу мүмкүнчүлүгү боюнча добуш берип жатышат. Референдум менен кошо Улуттук жыйын же парламенттин төмөнкү палатасына шайлоо өтүүдө. АКШ менен Евробиримдик бул добуш берүү демократиялык стандарттарга дал келбейт деген күмөн саноолорун күн мурунтан эле айтып чыгышкан эле.
Рамазан айынын башталышы менен дүйнө жүзүндөгү мусулмандар орозо кармап, беш парзынын бирин аткарышат. Ал эми мусулмандар азчылыкты түзгөн Батыш мамлекеттеринде ислам дини менен жакындан таанышууга, анын маани-мазмунун билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бир нече жыл мурун Кошмо Штаттары менен Британияда мусулман эмес студенттер арасында бир күн болсо да орозо кармап, соопчулукка акча чогултуу демилгеси башталган.
Кошмо Штаттардын БУУдагы элчисинин орун басары Эн Паттерсон Вашингтон МАГАТЭнин отчётуна байланыштуу иликтөө жүргүзүүгө даяр деп ырастады. 12-октябрда Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик Ирактын өзөктүк программасынын айрым компонеттери жоголуп кеткендигин айтып, камтамачылыгын билдирген эле. БУУнун Курал инспекциясы да химиялык, биологиялык же баллистикалык курал-жарак чыгарууда колдонулчу жабдыктардын жайылып кетиши өтө коркунучтуу деп эсептейт.
Дем алыш күнү жетишилген тынчтык келишимине ылайык, шийи согушкерлерине курал-жарактарын тапшырууга 5 күн берилет. Бул жөнүндө Ирактын Улуттук коопсуздук боюнча министри Касым Дауд билдирди. Аллавинин утурумдук өкмөтү радикал шийилердин лидери Муктада Садр менен жетишилген макулдашуу башка козолоңчулар менен да тил табышууга жол ачат деп үмүттөнөт.
Евробиримдикке кирген айрым мамлекеттер имигранттарды ылгоо борборлорун ачуу планын ыкчамдатууну көздөп жатышат. Дээрлик күн сайын жүздөгөн качкындар өмүрүн тобокелге салып Жер ортолук деңизи аркылуу Европа континентине агылат. Андыктан бул кадам бозгундардын коопсуздугу үчүн жасалып жатат деп түшүндүрлүүдө. Шаркеттин башка бир мүчөлөрү жана БУУ мындай демилгеге каршы болууда.
5-октябрда Чеченстандын жаңы президенти Алу Алханов ант берди. Грозныйдагы инаугурация коопсуздук органдарынын катуу көзөмөлү алдында өттү. Быйыл майда жумурияттын башчысы Ахмад Кадыров терракттан мерт кеткеден кийин кезексиз шайлоо жарыяланып, Кремлдин колдоосуна ээ болгон Алханов жеңип чыккан эле. Ант берип жатып, Алханов Чеченстанда стабилдүүлүк орнотом деп убада берди.
Жөөт армиясы Газа тилкесиндеги аскерий рейдин улантып жатат. Бейшемби күнү башталган операциядан 60тан ашуун киши окко учту. БУУнун баш катчысы Коффи Аннан Тель-Авивти Газадагы жортуулун токтотууга чакырды. Араб лигасы болсо бул маселени Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында жана Коопсуздук кеңешинде козгогону жатат.
Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон Газа тилкесиндеги аскерий операция улантылат деп жарыялады. Бул масштабдуу рейд шаршембиде палестин тараптан атылган ракетадан эки жөөт бала каза тапкандан кийин башталган. Ошондон бери 50гө жакын палестин адамы окко учту.
Ооганстандагы президенттик шайлоонун тынч өтүшү үчүн эл аралык контингент, жергиликтүү армия жана уруу башчылары биргелешип аракеттенишет. Региондордогу коопсуздукту камсыздоо ооган полициясы менен аскерлерге жүктөлмөкчү. Керек болгон учурларда аларга бейпилдик күчтөрү жардам беришет. Бул жөнүндө БУУнун бейпилдик күчтөрү боюнча жооптуу өкүлү Жан Мари Гуэнно шейшембиде коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө билдирди.
Дагы жүктөңүз