"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Ооганстандагы президенттик шайлоого 2 апта калган учурда "өнөктүк адилет жана эркин болобу?", "коопсуздукту камсыздоо үчүн жетиштүү чара көрүлүп жатабы?" деген өңдүү суроолор көбүрөөк көтөрүлө баштады. Аны менен бирге айрым байкоочулар өлкөдөгү аял-шайлоочулардын активдүүлүгүнө көңүл бурушат.
Пакистандын маалымат министри билдиргендей, кечээ кечинде өлкөнүн коопсуздук органдары Ал-Каийданын активдүү согушкерлеринин бири Амжад Фарукини жок кылышты. Фаруки америкалык журналист Даниэл Перлди өлтүрүүгө жана президент Мушаррафка болгон ийгиликсиз кол салууга катышкан деп шектелүүдө. Пакистандын күчтөрү өткөргөн рейд учурунда бир нече жоочу колго түшүрүлгөнү маалымдалууда.
Кечээ Ирактын өкмөт башчысынын орун басары Бахрам Салех Ассошейтед пресске берген интервьюсунда Аллавинин администрациясы жалпы элдик шайлоону белгиленген мөөнөттө өткөрүүгө аракеттенип жатканын, бирок коопсуздук кырдаалынан улам добуш берүү өлкөнүн кээ бир чөлкөмдөрүндө болбой да калышы ыктымал деп билдирди. Фаллужа шаарында болсо америкалык аскерлер согушкерлердин шектүү жайларына соккусун улантууда.
Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясы өз ишин улантып жатат. Кечээ Россия Коопсуздук кеңешине качкын макамын бузгандарды өз өлкөлөрүнө өткөрүп берүүнү ыкчамдатуу жөнүндө резолюция долбоорун сунуш этти. Саясий башпаана маселесиндеги пикир келишпестиктерге карабай, Британия Москванын бул долбоорун колдоп чыкты.
Борбор Азияда иштеген чет өлкөлүк бейөкмөт уюмдар көпчүлүк убакытта жергиликтүү бийликтердин бут тосууларына, кас мамилесине кабылышат. Өткөөл процесстердин заманында борборазия жумурияттарынын жетекчилери алардын миссиясына ишенбөөчүлүк менен карашат.
Лондон өкмөтү британиялык Кеннет Биглей аттуу жаранды барымтага алган согушкерлер менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн четке какты. Аны менен чогу кармалган америкалык эки кишини жоочулар камералардын алдында мууздап салышкан. Кечээ Биглей түздөн түз премьер Тони Блэрге кайрылып, аны куткарууну суранган тасма көрсөтүлдү. Башка такталбаган маалыматтарга ылайык, согушкерлердин дагы бир тобу айдын башында уурдалып кеткен италиялык эки кыздын көзүн тазалашкан.
Шаршембини дүйнөнүн 1 миң чакты шаары “автоунаасыз күн” катары өткөрүштү. Мындан 8 жыл илгери Францияда башталган акцияны башка өлкөлөр да колдоп, алардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Бул күнү жеке машиналардын айдоочулары айлана-чөйрөнү кирдетпеген велосипеддерге отуруп, коомдук унааны колдонушат.
Казакстанда 19-сентябрда өткөн парламенттик шайлоонун алгачкы санактарына караганда Назарбаевдин “Отан” партиясы алдыда келатат. Ал эми оппозициячыл эки ири партия – коммунисттер менен "Казакстандын демократиялык тандоо" партиясы парламенттин төмөнкү палатасынан орун албай да калышы ыктымал.
Британиянын тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, падышалыкта иштеген бардык дипломаттардын ичинен ливиялыктар машинасын туура эмес жерге койгондугу үчүн айыппул төлөөдөн качат экен. Жылына тышкы мекеме Лондондогу чет өлкөлүк миссияларга атайын кат менен кайрылып, жол же башка эрежелерди бузганы үчүн айыппулду төлөөнү өтүнөт.
Шаршембиде НАТОнун баш катчысы уюмдун Түштүк Кавказ жана Борбор Азиядагы алгачкы өкүлүн дайындады. Бул кызматты америкалык дипломат Роберт Симмонс аркаламай болду.
Ирактын Абу Грэйб түрмөсүндөгү мыйзам бузуу фактыларын иликтөө улантылып жатат. АКШ армиясынын эки тергөөчүсү - генерал Пол Керн менен Жорж Фэй Конгресске билдиргендей, жүзгө жакын туткунга Кызыл чырым уюмунун инспекторлору менен жолугушууга тыюу салынган. Генерал Керн Америка армиясынын жогорку офицерлерин да жоопко тартуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.
Бесландагы барымта трагедиясынан кийин президент Владимир Путин террористтер менен байланышы бар деп шектелген адамдардын Россияга экстрадицияланышын тездетүү аракети күчөтүлөт деп билдирди. Алардын бири, Масхадовдун кабинетинде жогорку кызматты ээлеп келген Ильяс Ахмадов учурда АКШда башпааналап жүрөт. Америкалык жетекчилик болсо Ак Үй чечен жикчилери менен алака түзүүдө деген кинени жумшартууга аракет кылууда.
Түркмөнстан аймагынын дээрлик 80 процентин чөл түзөт. Суу проблемасын чечүү үчүн Ашгабад эки ири долбоордун үстүнөн иштеп жатат. Атап айтканда, чөлдүн ортосунда Түркмөн көлү курула баштады. Экинчи долбоор боюнча баш калаада 12 километрлик өстөн казылмакчы. Борбор Азияда суу ресурстары чектелүү болгондуктан, Түркмөнбашынын жаңы пландары региондогу кошуналарды тынчсыздандырбай койбойт.
5-сентябрда Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы трагедиянын курмандыктары жерге бериле баштады. Эл аралык коомчулук орус элине өз тилектештигин билдирип, кылмышкерлерди айыптап чыкты. Бирок Евробиримдиктин азыркы төрагасы, Голландиянын тышкы иштер министри жасаган комментарий Москва менен Амстердам ортосундагы дипломатиялык талашка алып келди.
Руандадагы геноцидден 10 жыл өтүп өтпөй, эл аралык укук коргоо уюмдары Суданда да ошондой окуя кайталанып жатат деп камтамачылыгын билдиришүүдө. Дарфур чөлкөмүндөгү гуманитардык кризис жөнүндө көптөн бери айтылып келатканы менен БУУ чечкиндүү акцияларга өтө элек.
Батышта ислам динине болгон мамиле улам начарлап баратат. Өзгөчө 2001-жылдын 11-сентябрындагы жана быйыл Мадридде 11-мартта болгон терракттардан кийин Батыш прессасында ислам мокочо катары көрсөтүлө баштады. Жаңылыш ой-пикирден арылуу үчүн ал жердеги мусулмандар саясий активдүүлүгүн арттырууга тйииш. Ушундай ой мусулман илимпоздорунун Иорданияда үстүбүздөгү жумада өткөн жыйынында айтылды.
Америкалык көз карандысыз комиссия Ирактын Абу Грэйб түрмөсүндөгү укук бузуулар үчүн ал жердеги офицерлер түздөн түз жооптуу деген тыянак чыгарды. Коргоо министрлигиндеги жогорку адамдардын бул зөөкүрдүктөргө кандайдыр бир тиешеси бар экендигин далилдеген фактылар жок. Бирок Пентагондун тапшырмасы менен өткөрүлгөн иликтөө көрсөткөндөй тармактын чечилбей келаткан проблемалары түрмөдөгү мыйзам бузууларга огожо болуп берген.
Пакистандын президенти Первез Мушарраф оогандык кесиптеши Хамид Карзай менен жолугушуу маалында Ооганстандагы президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратыш үчүн жоочулар анын өлкөсүн плацдарм катары пайдалана алышпайт деп ишендирди. Ошол эле мезгилде Кабулдагы бир катар дипломаттар Исламабад Пакистандын аймагында жайгашкан талиптердин машыгуу лагерлерине кайдыгер мамиле жасоодо деп ырасташууда.
Багдадда 3 күндүк конференция өз ишин улантууда. 1 миң 300дөй делегат Убактылуу улуттук ассамблеянын мүчөлөрүн шайлоого тийиш. Жыйындын ачылышы Нажаф шаарындагы куралдуу кармаштын күчөшүнө туш келип отурат. Ансыз да бул маанилүү саясий иш-чара пикир-келишпестик, талаш-тартыш менен коштолууда.
Дагы жүктөңүз