"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Бүгүн Шанхай кызматташтык уюмунун саммити алкагында Екатеринбургда Кыргызстан президенти Курманбек Бакиев Ооган мамлекет башчысы Хамид Карзай менен жолугушту. Карзай өлкөсүндөгү тынчтык орнотуу иштерине кошуп келаткан салымы үчүн Кыргызстанга ыраазычылыгын билдирип, мындан аркы кызматташууга үмүттөнөөрүн айтты. Уюмга мүчө-мамлекеттер бийик жолугушуунун жыйынтыктары боюнча биилдирүү кабыл алып, терроризмге каршы конвенцияга кол коюшту.
Ирандын ички иштер министри Садык Махсули Махмуд Ахмадинежад добуштардын 62,6 пайызын алып, президенттик шайлоону жеңди деп расмий жарыялады. Бирок учурдагы президенттин негизги эки атаандашы мындай жыйынтыкты жокко чыгарууну талап кылууда. Бул арада расмий жыйынтыкка нааразы тараптар көчөгө чыгып, Тегеранда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
Ирандын шайлоо комиссиясы президент Махмуд Ахмадинежад президенттик шайлоодо жеңишке жакындаганын жарыялады. Бирок Ахмадинежаддын негизги атаандашы, реформачыл талапкер Мир Хоссейин Мусави өкмөт чыгарган жыйынтыктарды таануудан баш тартууда. Ал шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгонун катуу сындады.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму чочко тумоосунун коркунуч деңгээлин 6-тепкичке көтөрүп, пандемияны расмий жарыялады. Эми өкмөттөр илдеттин мындан аркы жайылышын алдын алуу чараларын күч алдырып, H1N1 вирусуна каршы вакцинаны чыгаруу иштери ыкчамдатылууга тийиш.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (WHO) H1N1 вирусунун жайылышына байланыштуу пандемия жарыялоону караштырууда. Уюмдун чукул комитети бүгүн сасык тумоо боюнча эксперттер менен жыйын өткөрүп жатат. Пандемия жарыяланса, илдетке каршы вакцинаны өндүрүү ыкчамдатылып, бир катар чектөөлөр киргизилиши мүмкүн.
Парижде Франция жана Белгиядагы кыргыздардын курултайы өттү. Кабарчыбыз Айнура Жекше кызы ушул курултайга катышып, Франциядагы кыргыз диаспора тобунун жетекчиси Азамат Кадыралиев менен маектешкен эле.
Экономикалык рецессиядан эң көп жабыркаган Латвияда финансылык кризис тереңдөөдө. Былтыр бул балтикалык өлкө Эларалык валюта корунан бир нече миллиард доллар жардам сураган. Эми Латвия улуттук валютасын – латты девалвациялашы мүмкүн деген айың кептер айтыла баштады. Өлкө бийлиги андай имиштерди четке какканы менен, адистер латтын девалвациясы региондогу башка өлкөлөргө терс таасир тийгизет деп ырасташууда.
АКШ президенти 4-июнда Каирде мусулман дүйнөсүнө кайрылуу жасаган кезде көптөрү Барак Обаманын Израиль-Палестина жаңжалын жөнгө салуу боюнча ойлору менен бөлүшөт деп күтүшөөрү калетсиз. АКШ менен мусулман дүйнөсү ортосундагы мамилелерде Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянынын ролу канчалык?
General Motorsтун (GM) банкрот деп жарыяланышы дүйнөлүк автомобиль өнөр жайын солкулдатканы менен, америкалык автоөндүрүш кайра жаралып, япониялык ири компаниялар менен атаандаша алат деген үмүт жок эмес. Кечээ дүйнөдөгү эң ири корпорацияларынын бири банкроттугун жарыялаган эле.
Пентагондон баштап БУУнун маңзаттарын көзөмөлдөө боюнча агенттигине чейин Ооганстандагы наркозаттарга каршы стратегия натыйжа алып келбегенин, ооган дыйкандарына жардам берүүнүн ордуна апийимди жок кылууга көбүрөөк көңүл бурулганын моюнга алышууда. Алар кубаттуу наркокөпөстөргө жана коррупцияга каршы чечкиндүү чара көрүү керектигин белгилешүүдө.
Грузия 26-майда эгемендүүлүк күнүн белгилөөдө. Бирок майрамдык маанайга Москванын чек арага жакын аймактарга аскерлерин топтоп жатышы көлөккө түшүрүүдө. Грузин жетекчилери менен катар Батыштын кээ бир дипломаттары Россия кол салууга даярданууда деген кооптонууларын билдиришүүдө.
Австриялык режиссер Михаэл Ханекенин “Ак тасма” аттуу драмасы 62-Канн кинофестивалынын баш байгесин жеңди. “Алтын пальма” сыйлыгы үчүн 20 чакты тасма ат салышты. Конкурстук программага Ларс фон Триер, Квентин Тарантино, Пабло Алмодовар өңдүү белгилүү режиссерлордун фильмдери да камтылган.
Казакстандын башкы прокуратурасы президент Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиевдин “Кесеп кайын ата” (Крестный тесть) деген китебинин жарык көрүшүнө байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Алматы шаарынын прокурор орун басарына шилтеме жасап, КазТАГ агенттиги маалымдады.
Анда 30га жакын адам жараат алганы, алардын көбү демонстранттар экени кабарланууда. Оппозициянын тарапкерлери баш калаадагы полиция бөлүмүндө кармалган санаалаштарын чыгарып кетүү аракетин көрүшкөн. Ошол эле күнү Грузияда НАТОнун аскерий машыгуулары башталган.
5-майда Россиянын жана Грузиянын Улуттар уюмундагы элчилери бири-бирин Түштүк Кавказдагы аскерий кырдаалды курчутуп жатат деп айыпташты. Мындай кайым айтышуу грузин бийлиги аскерий кутумдун бети ачылганын жарыялаган жана НАТОнун Грузиядагы машыгуулары башталып жаткан учурга дал келди.
Пакистандын Сват өрөөнүндө шариятты орнотуу кыймылынын лидери Суфи Мухаммад өкмөт менен сүйлөшүүлөрдү убактылуу токтотту. Дем алыш күндөрү сөз болгон чөлкөмдө өкмөттүк күчтөр операция жүргүзүп, көп сандагы талип жоочуларын жок кылышкан.
Шейшембиде Тажикстандын эгемендүүлүк жөнүндөгү алгачкы декларациясынын автору Тохир Абдужаббор 63 жашында рактан көз жумду. Абдужаббор 1980-жылдардын аягында “Растохез” (Кайра жаралуу) кыймылын негиздеген. Тажик парламентиндеги биринчи коммунист эмес депутаттын партиясына кийин жүздөгөн адам кошулган. Абдужаббор жарандык согуш учурунда Иранда жана Кыргызстанда жашап келген.
Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстанда түрк лицейлери пантүркизм жана диний идеяларды жайылтып жатышат деген күмөн саноолор пайда болду. Айрымдардын пикиринде мындай кырдаал болочокто аймактагы секуляризмге залака тийгизиши ыктымал. Түрк мектептеринин билим берүүдөн тышкары башка максаттары барбы?
Ирандын сот бийликтеринин билдиргенине караганда, журналист Роксана Сабери апелляция менен кайрылды. Теги ирандык америкалык журналист АКШнын пайдасына тыңчылык кылган деген айып менен ишембиде Иран соту тарабынан 8 жылга түрмөгө кесилген.
Дагы жүктөңүз