"Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Бишкекте төртүнчү Элдик курултайга 700дөй делегат катышууда. Бул жолу көйгөйлөрдү айткандар менен кошо бийликтин дарегине мактоо жолдогондор басымдуу болууда. Курултайда президент Садыр Жапаров сүйлөп, аялдар менен балдарды коргоо маселесине токтолду.
Бишкекте күйөөсүнүн колунан дагы бир аял каза тапкан окуя коомчулукту кайрадан нес кылды. Жубайлар ажырашкандан кийин күйөөсү аялын тапанча менен атып салган деп шектелүүдө. Укук коргоочулар өлкөдө аялдарга зордук-зомбулук токтобой жатканын айтып, бийликти көңүл бурууга чакырууда.
21-декабрдан бери “Манас” аэропортунда туманга байланыштуу ички жана эл аралык аба каттамдар кармалып, сааттап уча албай турат. Кечээ күнү Бишкекке учуп келген эл аралык каттамдардын айрымдары Ташкент жана Тамчы аэропортторуна конгон.
Акыйкатчы жабык жайларда аялдардын укугу тебеленип, алар басым-кысымга кабылып жатканын айтты. Жаза аткаруу мекемеси андай фактылар жок экенин билдирди. Укук коргоочулар мындай жоопту "өз үйүн өзү текшергенде, албетте, кынтык табылбайт" деп, жабык жайлардагы көп окуя ачыкка чыкпай каларын айтууда.
Кыргызстандын Акыйкатчы институту жабык жайлардагы аялдардын укугу тебеленип, басым-кысымга кабылганын билдирди. Жаза аткаруу мекемеси болсо басым-кысымга кабылган жагдайлар жок экенин айткан.
Орусияда Ички иштер министрлигинин "көзөмөл реестрине" кирген кыргызстандык мигранттар 128 миңге жетти. Алардын 30 миңи балдар. Өткөн айда орус президенти Владимир Путиндин Бишкек сапарында мигранттар көйгөйү тууралуу да сөз болгону айтылган.
Жаңы шайланган Жогорку Кеңештин төрагасы баш болгон жетекчилик кызматтарга “альтернативасыз” шайлоо талкуу жаратты. Бул маселе парламенттин өзүндө көтөрүлүп, спикер “төрага, вице-спикерлер орду алдын ала эле сүйлөшүлүп, чечилген” деген сындарды четке какты.
Жаңы шайланган Жогорку Кеңештин төрагасы баш болгон жетекчилик кызматтарга “альтернативасыз” шайлоо талкуу жаратты. Бул маселе парламенттин өзүндө көтөрүлдү. Парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу “жетекчилик кызматтарга алдын ала пландап коюп жатасыңар” деген сындарды четке какты.
Кара-Суу районунун Талдык айылында алты, үч жана бир жаштагы балдар иске ууланып чарчап калды. Үйдүн кожейкеси жана анын сегиз жаштагы кызы оор абалда ооруканага түшкөн. Жүрөк ооруткан кейиштүү окуя 10-декабрда болгон.
Оштун мэри Жеңишбек Токторбаевдин калаадагы лөлүлөр жашаган кварталды жакшыртуу, көп кабаттуу үй салуу сунушу айрым тургундардын каршылыгына туш болду.
Акцияга катышкан 20 чакты адам аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Cуунун Кыргыз-Чек айылындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарышына нааразылыгын билдиришти.
Алардын бири Айгүл Карабекова БШКны сотко берерин билдирди.
"Азаттык" аймактардагы элге микрофон сунуп, Жогорку Кеңешка кандай депутаттар келиши керек деген суроо узатты.
Алайда окуучу баланын өмүрү кыйылган жол кырсыгынан кийин Ош–Эркечтам унаа жолунда атайын рейд өттү. Өткөндө бул жолдо эки күндө он чакты адам набыт болгондо жол коопсуздугу башкармалыгынын жетекчиси кызматынан кеткен. Жергиликтүү тургундар оор жүк ташууга көзөмөлдү күчөтүү талабын айтууда.
Кыргызстанды Кытай менен байланыштырган Ош–Эркечтам жолундагы кырсыкта эки киши каза болду. Өткөн аптада ушул эле жолдогу удаа болгон каргашада 10 кишинин өмүрү кыйылган. Жергиликтүү тургундар кооптонуп, Алай районунда жол кыймылын катуу көзөмөлдөөнү талап кылып жатышат.
Ош аймагында көмүрдүн тоннасы ушу тапта 8 миң сомдон 11 миң сомго чейинки баада сатылууда.
Кыргызстанда суук түшүшү менен көмүргө болгон талап өстү. Ош аймагында көмүрдүн тоннасы ушу тапта 8 миң сомдон 11 миң сомго чейинки баада сатылууда. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бааны көзөмөлдөгөнгө аракет кылганы менен базарда бирдей баа жок.
Күйөөсүнүн колунан ажал тапкан Айзирек Эралиеванын өлүмүнө байланыштуу иш Ош облустук сотунда карала баштады. Экинчи инстанциядагы соттук кароого маркумдун жакындары жана мамлекеттик айыптоочунун райондук соттун чечимине макул эместиги себеп болгон.
Күйөөсүнүн огунан өлгөн Айзирек Эралиеванын жакындары айыпталуучуну өмүр бою абакка кесүүнү сурап жатышат. Иш Ош облустук сотто каралууда.
4-ноябрда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков кызматтан алынды. Өткөн аптада Ош облусунун Алай районунда эки күн ичинде удаа каталып, кеминде он адамдын өмүрүн алган эки жол кырсыгынан соң оор жүк ташууга көзөмөлдү күчөтүү талабы айтылууда.
Дагы жүктөңүз