"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында ишемби күнү кайрадан чыр чыгып, жол буулду. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн соң кечке жуук абал жөнгө салынып, жол ачылды.
Баткендин өрүгүн “Нимекс Измир” өрүктү кайра иштетүүчү компаниясы дүйнөлүк базарга алып чыгуу ишин баштады. Учурда Баткенде 1150 кишини жумуш менен камсыздап, элден өрүктү сатып алуу иши жүрүүдө. Баткенде бир жылда 10 миң тоннадай өрүк кургатылат. Түшкөн киреше 3 млрд. сомдун айланасында болот.
Баткенде чек арадагы чатактан улам тажик айылдарын айланып өтчү Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушун улантуу дагы эки жумага жылдырылды.
Кыргыз-тажик расмийлери Тамдыктагы окуяны биргелешип иликтөө тууралуу макулдашты. Эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин 11-июлда Ак-Сай-Баткен, Ворух-Исфара жолу ачылганы белгилүү болду.
Чек арачылар күчөтүлөн тартипте иштеп жатат.
Чек арадагы Тамдык аймагынан Тажикстандын Ворух анклавына жана Кыргызстандын Ак-Сай айылына жол каттамдары буулуп турат. Окуя болгон жерге жакын Жеке-Өрүк участогундагы көрүнүш. (10-июль, 2014-жыл)
Акыркы 2 жылда чек араларда жаңжалдар арбыганы Ички иштер министрлиги коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн Баткендеги чек арага жакын айылдарда милициянын беш бөлүмчөсүн ачып, кошумча 50 кызматтык штат бөлдү.
Баткенде “Эркин эл” саясий партиясынын облустук драма театрга белгиленген жыйыны болбой калды.
Баткен: ачык асман астындагы жыйын
Баткендин өрүк комузу
7-июнда Көк-Таш – Aк-Сай – Tамдык – Кишемиш айланма жолунунун курулушун баштоо үчүн барган 5 техниканын бир күндөн кийин кетип калышы элди бушайман кылууда.
Салиева: канаттууларыма бакча курам
Өзбекстандын Сох анклавына кирип-чыгуу 1-июлдан тарта биометрикалык паспорт менен жүргүзүлөт. Чек арада пайда болгон мындай эскертмелер анклавды аралап өткөн Баткен районунун тургундарын түйшөлтүүдө.
өзгөчө абал жаралганда жабыркагандарга жардам берүү боюнча машыгуу
Баткендин ичиндеги Ворух тажик анклавына кыргыз айылдарын аралабай өтчү жаңы жол курула турган болду.
Баткен шаарынын борбордук аянтына чогулгандар өлкө бийлигинен чек ара маселесин тезинен чечүүнү жана облус жетекчилигине мурдагы губернатор Мамат Айбалаевди дайындоону талап кылышты.
Баткен шаарынын борбордук аянтында чек ара маселесин чечип берүүнү талап кылган митинг өтүүдө.
Баткен: митингге чогулгандар облус жетекчисине сес көрсөттү
Баткенде эл вице-премьерди бошотпой жатат
Кыргыз-тажик чегиндеги кырдаал толук жөнгө салына элек. 8-майда эл менен жолукканы барган вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевди жергиликтүү тургундар талаптарын аткаруу талабы менен бошотпой жатат. Шаршембинин кечинде Баткендин Көк-Таш айылына жакын жердеги чек арада кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыгып, кырдаал кескин курчуп кеткен эле.
Дагы жүктөңүз