"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
5-июлда жарык көргөн “Агым” гезитинде публицист Алым Токтомушев “Жолбүгүн” рубрикасында тарыхый окуялар менен личносттор эки ирет кайталанышы: биринде трагедия, экинчисинде фарс түрүндө болот деп, учурда Кыргызстанда тарыхый окуя фарс түрүндө кайталанып жатканын баяндайт. “Революция- деген коомдун социалдык- экономикалык, саясый түзүлүшүнүн түптамырынан бери өзгөрүшү. Ооба, зордук жолу менен. Кыргызстанда саны жагынан да, сапаты жагынан да эч нерсе өзгөргөн жок. Саясый бийликке чоочун чымын да конбоду. Бийлеп, башкарып жаткандар баягылар” деп жазат Алым Токтомушев.
Наманган шаарында шахмат боюнча өспүрүмдөр арасында Азия чемпионатынын акыл таймашында кыргызстандык Семетей Төлөгөн тегин баш байгенин ээси болуп, өлкөнүн тарыхында алгач ирет Азиянын алтын медалын тагынган. Бир айдан бери Семетейди ийгилиги менен куттуктаган жетекчи болбоду. Ошондой эле 18- июлда Францияда өтө турган дүйнө чемпионатына барууга каражат табылбай, Азия чемпиону Семетейдин ата-энеси убара болуп жүрүшөт.
Жүгөн, нокто - ат жабдыктардын бири. Кыргыздар жүгөн, ноктону түрлөнтүп өрүп, күмүш жалатып, оюу басып, унаанын түрүнө, ыңгайына жараша түргө бөлүп келишкен. Жүгөн менен балдарды бешикке салаарда ырымдап, ооругандарды эмдеп-домдоп да коюшчу.
Парламенттеги кайым- айтышуулар, Аскар Акаевге тиешелүү делген мүлктөрдүн, ишканалардын тизмеси кыргыз маалымат каражаттарында негизги тема болууда.
Өлкөдөгү жумушсуздуктун айынан 500 миңден ашуун кыргызстандыктар Орусия, Казакстанда убактылуу иштеп жүрүшөт. 24-25- июнда Бишкекте алардын көйгөйлөрү талкууланган “Кыргызстандын социалдык- экономикалык өнүгүшүнө чет элдеги кыргызстандыктардын ролу жана мааниси” аттуу конференция өттү. Анда чет жерде жүргөн кыргызстандыктардын көйгөйлөрү, алардын алдыдагы президенттик шайлоого катышаар-катышпасы тууралуу да сөз болду.
Учурда «Мекеним - Кыргызстан» кыймылынын лидери Урматбек Барыктабасов тууралуу коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда. 17- июндагы окуядан кийин Урматбек Барыктабасовго кылмыш иши козголуп, анын жакын туугандарын, досторун куугунтуктоо болуп жатканын анын бир тууган агасы Муратбек Барыктабасов кабарчыбызга телефон аркылуу билдирип, чакан интервью берген.
Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткени өлкөнүн айылдык жаштары чоң спорттон четте калышкан. Ал эми массалык спорт түрлөрү деле колго алынбай калганын адистер айтып жүрүшкөн. Ошондуктан 21- июнда жаштар арасында массалык спорт түрлөрү: волейбол, футбол, күрөш, ордо жана жеңил атлетикалык жарыштар боюнча “Дене тарбия- өмүр булагы” деген ураан астында таймашуулар башталды.
Кыл аркан – кыргыз элинин күндөлүк керектөөчү буюмдарынын бири. Кыргыздар эзелтен бери кыл арканды мал байлоодо, боз үйдүн жабдууларында, ат чылбыры катары гана колдонбостон, жылан, чаяндан сактануу буюму катары да урунуп келишкен.
Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмү, Каракече көмүр кениндеги капсалаң, жер талаш чуусу маалымат каражаттарынын негизги темасы болду .“Кыргыз улуттук илимдер академиясы керекпи же керек эмеспи” деген суроо коюлуп, окумуштуу академиктердин пикир-сунуштары 14-июнда жарык көргөн “Агым” гезитинде чагылдырылды.
10-июнда чак түштө Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, дзю-до күрөшү боюнча спорт чебери Жыргалбек Сурабалдиевди Бишкекте белгисиз бирөөлөр атып кетти. Жыргалбек Сурабалиевди достору, шакирттери, замандаштары эскерип, анын ишмердүүлүгү тууралуу түрдүү пикирлер айтылууда.
Эгемендик алгандан бери кыргызстандык жаш шахматчылар Азия жана дүйнөлүк биринчиликтерге катышып таанылган. 6-июнда Өзбекстандын Наманган шаарында шахмат боюнча өспүрүмдөр арасында Азия биринчилиги жыйынтыкталды. Бул акыл таймашында кыргызстандык өспүрүм Семетей Төлөгөн тегин баш байгенин ээси болду.
22-майдан 4-июнга чейин Вьетнамдын Хошемин шаарында кичи футбол боюнча Азия чемпионаты өткөрүлүп, 24 өлкө таймашкан мелдеште Кыргызстандын командасы үчүнчү орунду ээледи.
Кытайдын Ухань шаарында өткөн грек- рим жана эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар 1 алтын, 1 күмүш жана 4 коло медаль утуп келишти.
Өлкөдөгү саясый, экономикалык абал, тышкы саясат, Аскар Акаевдин мүлкү, балдарды коргоо күнү кыргыз маалымат каражаттарында негизги тема болду.
Совет доорундагы Сталиндик репрессиянын курмандыгы болгондорго Аламүдүн районундагы Чоңташ айылына жакын жерде “Атабейит” мемориалдык эстелик комплекси курулганына 5 жыл болду. Репрессиянын курмандыгы болгон мамлекеттик ишмерлердин уул-кыздары, неберелери менен “Мекеним-Кыргызстан” жаңы муун кыймылынын өкүлдөрү жолугуп, “Атабейит” музей комплесинин оңдоп-түзөө иштерин колго алмак болушту.
Эгемендүү өлкө болгону кыргызстандык спортчулар үч ирет Азия оюндарына катышып, байгелүү орундарга жеткен. Эми кезектеги 15-Азия оюндары келээрки 2006- жылдын декабрь айында Катар өлкөсүнүн борбору Доха шаарында өткөрүлөт. 25- майда Кыргызстанга 15-Азия оюндарын уюштуруу комитетинин өкүлдөрү келишти.
24-майда жарык көргөн “Агым” гезитинде кабарчы Алишер Токсонбаевдин “Карасууда козголоң, а Сузакта качкындар” деген макаласы жарыяланды. Анда Өзбекстандын Анжиян облусундагы Карасуу шаарындагы козголоң, Сузак районундагы Тешикташ аймагындагы өзбекстандык качкындарга эл аралык уюмдар жардам берип жаткандыгы баяндалат.
Камчы-ат жабдыктарынын бири. Кыргыздар эзелтен бери камчыны колдонуучу буюм катары гана урунбастан, көркөм буюм, символ катары колдонуп келишкен. Төмөндө бабалардан мурас болуп келаткан камчы жасоо өнөрүнүн күңгөй-тескейи, өзгөчөлүктөрү жана камчыга байланыштуу ырым- жырымдар тууралуу сөз кылабыз.
Президенттик шайлоо камылгасы, жер талаш чуусу, Анжыяндагы козголоң - кыргыз маалымат каражаттарында негизги тема болду. “Акыйкат” партиясынын лидери Кеңешбек Дүйшөбаевдин “ Учурдагы бийликке оппозиция болобуз, бирок конкреттүү сунуштар менен чыгабыз” деген пикири 20- майда жарык көргөн “Бишкек таймс” гезитинде жарыяланды.
Өзбекстандагы козголоң, өлкөдөгү президенттик шайлоо камылгасы, паспорт чуусу кыргыз маалымат каражаттарында негизги тема болду. Өлкөнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева менен “Жаңы багыт” кыймылынын лидери Муратбек Иманалиевдин тышкы саясат тууралуу пикирлери 17-майда жарык көргөн “Агым” гезитине чыкты.
Дагы жүктөңүз