"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
Жакында Вашингтондо эл аралык укук боюнча «Филип Жессапа” кубогу үчүн мелдеш болуп өттү. Анда дүйнөнүн 103 өлкөсүнүн командасынан кыргызстандык студенттер 9- орунду ээледи.
Жогорку соттун алдындагы пикет, президенттик шайлоого камылга, Жеңиш майрамы - маалымат каражаттарында негизги тема болуп атат. Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаеванын Кытайга ырасмий сапары 10-майда жарык көргөн “Агым” гезитинде чагылдырылды. Орусия менен Казакстанда жүргөн миңдеген миңгранттардын президенттик шайлоого катышуусунун күнгөй- тескейлерин “Замандаш” журналы чагылдырууда.
9-майда Бишкекте Улуу жеңиштин 60 жылдыгына карата бир катар мелдештер өткөрүлдү. Советтер Союзунун баатыры Иван Панфиловдун элесине арналган грек- рим күрөшү боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Согуштун баатыры Самат Садыковдун байгесине арналып, дайыма өтүп келген Лейлек күрөшү жана жеңил атлетикалык жарыштар да болду.
6-майда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда Ата Мекендик согуштун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Салтка айланган бул мелдеште Германия, Малайзия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын тандалган 128 спортчусу күч сынашты.
3-май – Бүткүл дүйнөлүк эркин басма сөз күнү. Ал эми Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы боюнча түрдүү көз караштар, пикирлер арбын.
Коррупцияга каршы күрөш, Жогорку сот алдындагы пикет, президенттик шайлоо камылгасы кыргыз маалымат каражаттарында негизги тема боюнча калууда. Өлкөнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаеванын Казакстанга расмий сапарын 3-майда жарык көргөн “Агым” гезити чагылдырды. Өлкөнүн башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаровдун Аскар Акевдин паракорлугу жана ага тийешелүү деп болжолдогон ишканалардын тизмеси тууралуу “Жаңы ордо” гезити да жазды.
1- майда Бишкектеги Алатоо аянтында эларалык тилектештик күнүнө карата жеңил атлетикалык “Тынчтык жарыштары” болду.
26-апрелдеги “Агым” гезити өлкөнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаеванын Өзбекстанга расмий сапары, өлкөнүн башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров учурдагы иш-аракеттери тууралуу жазды. Ал эми 26-апрелдеги “Аалам” гезити элдик ыңкылаптын бир айлыгы жана Аскар Акаевдин каталыктары тууралуу макалаларга орун берди.
19-апрелдеги “ Агым” гезити убактылуу өкмөттүн кадр саясаты, учурдагы кырдаал жана Бишкектин айланасындагы жер талашуулар тууралуу жазды. Ал эми 19-апрелдеги “Аалам” гезити Кыргызстан элдеринин курултайын чакыруунун зарылдыгын, Аскар Акаевдин каталыктары тууралуу макалаларга орун берди.
12-апрелдеги “ Агым” гезити “Чубактын кунундай чубалган” Аскар Акаевдин отставкасы, убактылуу өкмөттүн иш-аракеттери, Бишкектин айланасындагы жер талаш тууралуу жазды. Ал эми 12-апрелдеги “Аалам” гезити учурдагы кырдаал, экономикалык абал, алдыдагы президенттик шайлоо тууралуу макалаларга орун берди.
8-апрелде Сауд Арабияда Ислам өлкөлөрүнүн биринчи оюндары башталды. Бул спорттук таймашууларга Кыргызстандык спортчулар да катышууда.
Былтыр декабрда өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетине президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев жетекчи болуп шайланган. 30-мартта кайрадан чукул жыйын болуп, Айдар Акаев 4 айдан бери иштеген жок дешип, кызматтан бошотулуп, Эшим Кутманалиев кайрадан Улуттук олимпиада комитетине президент болуп шайланган. Ушул чукул чакырылган конференция олимпиадалык хартияны бузуу менен өткөрүлгөн деген пикир менен комитеттин айрым мүчөлөрү демилге көтөрүп, 5-апрелде Кыргызстанда дагы бир Улуттук олимпиада комитетин түзүштү.
29-марттагы “Аалам”, “Агым” гезиттери эски жана жаңы парламентеги талаш-тартыштар, жаңы өкмөттүн курамы, Бишкектин дүкөндөрүн тоноолор тууралуу жазды.
24-мартта өкмөт үйүн тартып алуу маалында бир топ мамлекеттик кызматкерлер токмок жешкен. Алардын 30га жакынына медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Учурда эл арасында «24-марттагы Алатоо аянтындагы толкуган элге ак шапкечен спортчулар каршы туруп, мушташ чыгарды» өңдүү пикирлер айтылууда. Мунун чын-бышыгын иликтөөгө алдык.
Апта соңундагы гезиттер парламенттик шайлоо, акимчиликтерди ээлеп алуу жана Нооруз майрамынын мааниси тууралуу жазышты.
15-марттагы “Аалам”, “ Агым” гезиттери парламенттик шайлоонун экинчи айлампасынын алгачкы жыйынтыктары тууралуу жазды. 15-марттагы “Агым” гезити жаңы парламенттин курамы тууралуу иликтөө жүргүзгөн.
Бир катар эл аралык уюмдардын мүчөсү, медицина илимдеринин доктору, профессор Жеңишбек Назаралиевдин «МСН» гезитине жарыяланган бийликти сындаган каттарынан кийин, ага жана үй-бүлөөсүнө бийлик тарабынан куугунтук башталды.
8-марттагы “Аалам” жана “ Агым” гезиттери парламенттик шайлоонун экинчи айлампасына даярдыктар, Жалалабаттагы митинг, кыз-келиндердин жаз майрамы тууралуу макалаларга орун берди.
Москвада феврал айынын соңунда өткөн инновациялардын жана инвестициялардын эл аралык көргөзмөсүндө кыргызстандык ойлоп табуучуларга 1 алтын жана 2 коло медал ыйгарылып, ойлп табылган жаңы машина менен жабдууларга жогору баа берилген.
Дагы жүктөңүз