"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
29-сентябрда жарык көргөн “Республикада” “Кыргызстандын элдик кыймылы” бирикмесинин билдирүүсү жарыяланды. Ал эми “Адабий гезит” болсо Ысыккөлдө өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн маданият кызматкерлеринин “3- Ысыккөл форуму” тууралуу макалага орун берди.
27-сентябрь - Бүткүл дүйнөлүк туризм күнү. Ушул майрам быйыл 25-ирет белгиленип, туризм - дүйнө элинин экономикасына гана салым кошпостон, социалдык- маданий турмуш деңгээлинин жогорулашына жана достуктун чыңдалышына өбөлгө болуп келүүдө. Эл аралык соода байланышы да, айлана - чөйрөнү, жаратылышты коргоо, биотүрдүүлүктү сактоо, маданий мурастарды баалоо туризмге байланыштуу. Ошондуктан быйыл Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюм - Бириккен улуттар уюмунун курамына кирди.
24-сентябрда жарык көргөн “Агым” басылмасында журналист Бермет Букашеванын "Акаев доорунун ”ак тактары”" деген болочок китебинин уландылары жарыяланса, ал эми “Аалам” басылмасы Ош-Алайкуу жолундагы кырсыктын чыгыш себептери тууралуу ой- пикирлерге орун берди.
22-сентябрда жарык көргөн “Республика” басылмасында Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахан Мадумаров менен жергиликтүү кеңештерге шайлоо тууралуу маек жарыяланды, ал эми “Адабий гезит” басылмасы залкар комузчу, төкмө акын Токтогул Сатылганов тууралуу макалага орун берди.
20-сентябрда Койташ айылындагы аскердик бөлүктө Улуу жеңиштин 60 жылдыгына карата өспүрүмдөр арасында «Жеңиш» аскердик-спорт оюндары жыйынтыкталды.
Майып спортчулардын паралимпиадалык 12-оюндары 17-сентябрда Грекиянын борбору Афинада башталды. Ушул мөрөй талашууга кыргызстандык үч майып спортчу да катышууда.
16-сентябрда Эл аралык футбол федерациясынын президенти Йозеф Блаттер менен Азия футбол конфедерациясынын президенти Мухамед бен Хаммам Кыргызстанда болуп, Бишкектеги жасалма кыртыштуу футбол комплексинин ачылыш аземине катышты.
15-сентябрда жарык көргөн “Республика” гезитинде “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы коомдук бирикмесинин жетекчиси Эдил Байсаловдун учурдагы оппозициялык күчтөр, алардын алдыдагы шайлоого көргөн камылгалары жөнүндөгү маеги жарыяланды. Ал эми “Адабий гезит” басылмасы акындар Бактыгүл Чотурова менен Алик Акималиевдин чыгармачылыгы тууралуу макалага орун берди.
Дүйнө жүзүндө туризм - көп пайда берчү бизнес тармагына айланып баратат. Ошондой эле Кыргызстандын экономикасынын өсүп-өнүгүшүнө туризм келечекте зор түрткү берет деген ишеним 7-8 жылдан бери айтылып келет.
14-сентябрда жарык көргөн “Агым” басылмасында журналист Бермет Букашеванын Акаев доорунун ”ак тактары” деген болочок китебинин үзүндүлөрү жарыяланса, ал эми “Аалам” гезити мамлекеттик тилдин көйгөйлөрү тууралуу тарыхчы Баяс Туралдын ой-пикирлерине орун берди.
Саналуу күндөрдөн кийин башталчу Афина олимпиадасында бокс боюнча Кыргызстандын намысын Айбек Абдымомунов менен Асылбек Таласбаев коргойт.
Дүйнөнүн 200дөн ашык мамлекеттери Афина олимпиадасына кызуу даярдык көрүп, спортчуларын акыркы сыноодон өткөрүп жатышат. Кыргызстандык айрым олимпиадачылар Афинага аттанып кетишсе, өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча олимпиадалык командасы Ысыккөлдө машыгууда. Алар Афинага 18-августта барышат.
Дүйнөлүк коомчулук күткөн Афина олимпиадасынын оту бир айдан кийин жанат. Дүйнөнүн 200дөн ашык мамлекеттери олимпиадага кызуу даярдык көрүп жатышат. Өлкөнүн президенти Аскар Акаев 13-июлда Афина олимпиадасында Кыргызстандын намысын коргой турган спортчулар менен жолугушту.
Шейшембидеги “Агым” басылмасы өлкөнүн коопсуздук кызматынын төрагасы Калык Иманкуловдун маегине орун берди. ”Вечерний Бишкек” басылмасы Ирандын Казвин аймагынын товар өндүрүүчүлөрдүн көргөзмөсү ачылаарын кабарлады.
«Арнамыс» партиясы мындан 5 жыл мурда 9-июлда өзүнүн уюштуруу курултайын өткөрүп, сунуш-пикир, алымча-кошумчалардын негизинде устав-программасын талкуулап, аны кабыл алган.
Польшада өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык мелдештен кыргызстандык балбандар жеңиш менен кайтып келишти. Катар мамлекетинде өткөн Азия олимпиадалык кеңешинин башкы ассамблеясына өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин президенти Эшим Кутманалиев катышып келди.
Футбол боюнча Европа чемпионаты аяктаарына саналуу гана күн калды. Кыргызстандык футбол күйөрмандары жарым финалдык беттешүүлөрдү көрүп, Европа чемпионатынын оюндары тууралуу түрдүү пикирлерди айтышууда.
2-июлда жарык көргөн “Агым” басылмасында саясатчы Бегиш Ааматовдун өлкөдөгү саясый абал, коррупция, келаткан шайлоолор, чегара, миграция жөнүндөгү маеги жарыяланды. Ал эми “Аалам” басылмасы өлкөдөгү сот системасынын күңгөй- тескейи тууралуу макалага орун берди.
29-июнда жарык көргөн “Агым” басылмасында «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмесинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаевдин башка саясий блоктор менен мамилеси, келаткан шайлоолор жана Мисир Ашыркулов жөнүндө берген интервьюсу жарыяланды. Ал эми “Аалам” басылмасы армиядан качып, жоокердик милдетин аткарбагандар тууралуу макалага орун берди.
26-июнда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда кикбоксинг боюнча Москванын спорт клубдарынын тандалма командасы менен Кыргызстандын «Гермес-Профи» клубунун мүчөлөрүнүн достук беттешүүсү болду.
Дагы жүктөңүз