"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
25-июнда Бишкектин «Спартак» стадионунда Москва шаарынын Кыргызстандагы күндөрүнүн алкагында Орусиянын атактуу «Торпедо» футбол командасы менен өлкөнүн жаштар тандалма командасынын ортосунда беттешүү болду.
Шаршембидеги “Аргументы и факты Кыргызстан” басылмасы Чыңгыз Айтматовдун “Кылымга тете бир күн” романынын негизинде жаңы тартылган “Маңкурттун энесинин көз жашы” кино тасмасы жөнүндө баяндады. ”Вечерний Бишкек” басылмасы өлкөнүн 29 бүтүрүүчүсүнө Орусиянын аттестаты тапшырылганын кабарлады.
18-июнда Түндүк Кипрдин олимпиадалык комитетинин делегациясы Бишкекте болуп, Кыргызстандын олимпиадалык комитетинин жетекчилери менен жолугушту.
Шаршембидеги “Аргументы и факты Кыргызстан” басылмасы Ысыккөлдө өткөн “Евразия 21-кылымда” эл аралык конференциясы жөнүндө баяндады. ”Вечерний Бишкек” басылмасы Ташкенде башталган Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги жыйыны тууралуу кабарлады.
15-июнда жарык көргөн “Агым” басылмасында «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмеси барган сайын арымын кенен таштаганы тууралуу жазылды. Мындан тышкары, Курманбек Бакиевдин президенттик күрөшкө аттанганы кабарланды. Ал эми “Аалам” басылмасы өлкөдөгү коррупция тууралуу пикирлерге орун берди.
Шаршембидеги “Аргументы и факты - Кыргызстан” басылмасы өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловдун кызматтан кетишинин себептерин иликтөөгө алат.
25-майда Кыргызстандын 2 миң 40 орто мектебинде бүтүрүүчүлөр үчүн «Акыркы коңгуроо» салтанаты өткөрүлдү. Мектеп уясынан учуп чыккан темир канат жаштар үчүн мындан ары билим алууну улантууга кандай мүмкүнчүлүктөр бар? Адистердин айтымында, өлкө инженердик-техникалык кесиптин ээлерине, информатика жана чет тилдер мугалимдерине муктаж.
25-майда жарык көргөн “Агым” басылмасында жакында түзүлгөн “Адилет шайлоо үчүн” атуулдук кошууну тууралуу пикирлер жарыяланды. Ал эми “Аалам” басылмасы Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын иш бөлмөлөрүнөн табылган тыңшоочу аппараттар боюнча депутаттык комиссиянын талкуусу тууралуу макалага орун берди.
18-майда жарык көргөн “Агым” басылмасында “Ар-намыс” партиясынын абакта жаткан төрагасы Феликс Кулов менен маек жарыяланды. Ал эми “Аалам” басылмасы Ысыккөлдө өткөн эл аралык туристтик жармаңке тууралуу макалага орун берди.
Туристтердин келип эс алуучу жайы Ысыккөл болгондуктан ар жыл сайын «Кыргызстандагы эс алуу жана туризм» аттуу эл аралык жармаңке өткөрүү салтка айланып баратат. Быйылкы ал Бостеридеги «Кыргыз деңизи» санаторийинде болду.
Майып спортчулардын айрымдары эл аралык мелдештерге, Азия оюндарына жана паралимпиадаларга катышып, Кыргызстандын намысын коргоп жүрүшөт. Өлкөдө улуттук паралимпиадалык комитет түзүлгөндөн тартып аларга аз да болсо көңүл бурула баштады.
Шаршембидеги “Аргументы и факты Кыргызстан” басылмасы Ысыккөлдө өтө турган эл аралык туристтик жармаңке жөнүндө баяндады. ”Вечерний Бишкек” басылмасы өлкөнүн жаңы паспорту 28- июлдан баштап бериле баштаарын кабарлады.
Туристтердин келип эс алуучу жайы - Ысыккөл болгондуктан, мамлекеттин туризм мекемелери бул аймакка өзгөчө көңүл бурууда. Ошондуктан ар жыл сайын Чолпонатада эл аралык «Ысыккөл туристтик жармаңкесин» өткөрүү салтка айланып баратат.
11-майда жарык көргөн “Агым” басылмасында өлкөнүн 5 губернаторунун саясый портрети жөнүндө макала жарыяланса, ал эми “Адабий гезит” басылмасы өлкөнүн эл жазуучусу, академик Абдулхай Алдашевдин фронттон жазган каттарына орун берди.
8-майда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда футбол ардагери, Ата мекендик согуштун катышуучусу, академик Кайып Оторбаевдин байгесине арналган футзал мелдеши аяктады.
8-майда Алматыда грек-рим күрөшү боюнча Азиянын чемпионаты башталат. Бул таймашууга кыргызстандык балбандар бүгүн (7-майда) жөнөп кетишти.
Шаршембидеги “Слово Кыргызстана” басылмасы учурунда өлкөнүн Конституциясын кабыл алган "легендарлуу парламенттин" мурдакы төрагасы Медеткан Шеримкуловдун маегин жарыялады. ”Лица” басылмасы өлкөдөгү кадр саясатын сынга алып жана “Пирамида” телерадиокомпаниясы эмне себептен жабылып, кандайча кайра чыга баштаганын иликтеди.
Гандбол боюнча дүйнөнүн жана олимпиаданын чемпиону, кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Талант Дүйшөбаев - азыр Испаниянын атуулу. Ага атуулдук укукту Испаниянын королу өзү тапшырып, ишеним көрсөтүп Испаниянын курама командасына капитан кылып дайындаган. Жакшы шарт түзүп, камкордукка алган. Жакында Талант Кыргызстанга келип, кетти.
4- майда жарык көргөн “Агым” басылмасында өлкөнүн 24 атуулу Кытайда барымтада, Араб өлкөлөрүндө 30 кыз- келин түрмөдө жаткандыгы жөнүндөгү макала жарыяланса, ал эми “Адабий гезит” басылмасы өлкөнүн эл акыны Абдрасул Токтомушевдин чыгармачылыгына арналган макалага орун берди.
Кулатуу күрөшү негизделгенине 14 жыл болду. 1-2 майда Бишкекте цирктин имаратында Кыргызстандын 13-чемпионаты өткөрүлдү.Быйыл жалпы командалык биринчилик Кыргыз дене тарбия институтуна ыйгарылды.
Дагы жүктөңүз