"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.
Кризистик борборлор ассоциациясынын иликтөөсү боюнча, өлкөдө ар бир экинчи аял күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылат.
Кытайдын Үрүмчү калаасында үч-төрт жылдан бери мекенине кайта албай, көрүнгөн эшикти каккылап жүргөн кыргызстандык жарандар бар.
Кыргызстандын жаңы өкмөтү энергетикадагы каатчылыктан чыгуунун жаңы жолдорун сунуштоодо.
Акыйкатчы институту менен Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги алдамчылардын торуна илинген мигранттардын тагдырын иликтөөдө.
Кыргызстандын 7 абак жайында ачкачылык акциясы жүрүүдө. Түрмөлөрдөгү нааразылыктардын саясий себептери барбы?
БУУнун кыйноолор боюнча атайын баяндамачысы Хуан Мендес Бишкектеги маалымат жыйынында кыйноо Кыргызстанда кеңири тараган көрүнүш деп баалады.
Казакстан менен Тажикстанда экстремизмдин жандануусу Кыргызстанга да таасири тийээри кооптондурууда.
Келечектеги өкмөттүн 100 күнү жана "Жаңы багыт" программасы коомчулукка сунушталды.
Кыргыз адабиятындагы өтө сейрек таланттардын бири, айтылуу кара сөз чебери Кубатбек Жусубалиев 70ке чыкты. Жазуучунун мааракеси Бишкекте чакан чөйрөдө белгиленди.
Түркияга иштейм деп барып, сексуалдык зомбулукка кабылган Роза атуу айым "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүгө макул болгон.
Кыргызстанда 2012-жылды кыз ала качуу жана зордук-зомбулуктун бардык түрүнө каршы күрөшүү жылы деп жарыялоо демилгеси көтөрүлдү.
"Кыргыз рухунун” ээси Арстанбек Дүйшенбиевдин камакка алынганы айтылууда. ИИМдин кабарында ал маңзат ташууга шектелип кармалганы белгиленет.
Президент Роза Отунбаева коомчулукту кыз ала качууну токтотууга, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан оолак болууга үндөдү.
Балдар маселелери боюнча адис Гүлзат Шамсутдин өспүрүмдөр арасындагы терс көрүнүштөрдү коомдогу көрүнүштөрдүн түздөн-түз чагылдырылышы катары баалайт.
"Журтташтар" рубрикасына Италияда жашаган 2 кыргыз кыз кат жазып, Асел аттуу аялдан кордук көргөнүн баяндаган эле. 24-ноябрда өзүн "Мен Аселмин" деп тааныштырган аял "Азаттыктын" Бишкек студиясына келди.
Эксперттер Кыргызстанда абанын температурасы тез жогорулап, ар кандай оорулардын көбөйүшү ыктымалдыгын айтып жатышат. Буга байланыштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун башчысы Гүлмира Айтмурзаева “Азаттыкка” маек курду.
Кыргызстан калың жааган кардан кыйналууда. Жалал-Абад облусунун алыскы Чаткал районундагы абал туурасында аким Акматбек Таласбай уулу "Азаттыкка" маек курду.
Кыргызстанда экономикалык дипломатияны өнүктүрүү демилгеси көтөрүлүүдө.
Сотторду тандоо кеңешинин айланасындагы талаштар туурасында Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин мүчөсү Рита Карасартова "Азаттыкка" маек курду.
Өлкө түштүгүндө шайлоонун жыйынтыгына ишеним аздыгын изилдөө көрсөттү. "Адам укуктары жана демократия" борборунун жетекчиси Идирис Кубатбеков "Азаттыкка" маек курду.
Дагы жүктөңүз