"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.
Кыргызстанда жумушсуздуктун айынан ата-энеси талаалап кетип, ата-эне мээримисиз өсүп жаткан балдардын саны көбөйүп жатат.
25-ноябрь - аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү. Буга карата Кыргызстанда 10 күндүк акция башталды.
Эл аралык валюта корунун божомолунда, Кыргызстандын ички дүң өнүмү жыл соңуна чейин 3,5% азаят.
“Жерүй” алтын кенинин жумушчулары өкмөттүн ишкана лицензиясын жокко чыгаруу токтомуна нааразы болушууда.
Июнда Ош менен Жалал-Абадда орун алган кандуу капсалаң улуттар аралык толеранттуулук маселесинин маани-маңызын бир топ жогорулатып койду.
Жогорку Кеңештин убактылуу төрагасы Ташболот Балтабаев фракциялар коалиция түзүү боюнча бир чечимге келе электигин билдирүүдө.
Кыргызстанда кийинки кезде касапчылык бизнеси өркүндөп баратат. Бүтүндөй үй-бүлө мал союп шугулданып, каражат таап жаткан экен.
Борбор Азиядагы бул чакан өлкө алдыңкы технологиянын ордосу болгон Жапонияга IT-технологиясын экспорттойт дегенге ишенээр белеңиз?
Апрель окуялары боюнча сот 15-ноябрга белгиленди. Сот өтө турган Спорт ордосун тиешелүү шартта жабдуу маселесинен улам бул жараян жылдырылып келген болчу.
Дасторкондун жасалгасын карап, аны сыноо көрүнүшү Кыргызстанда жашаган башка улуттарда да бар.
Бала бакчалардын дээрлигинде китеп маселеси курч турат. Тарбиячылар соңку жылдары балдарга арналган ыр, жомоктор чыкпай жатканын капа болушууда.
БШК дүйшөмбүдө 10-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялап, парламентке беш партия өткөнүн билдирди.
Өлкө жетекчилиги жума соңуна карай шайлоо жыйынтыгы чыгаарын айткан эле, бирок БШК алигиче жыйынтык чыгара элек.
БШК күмөндүү делген дагы тогуз шайлоо бекетинин жыйынтыгын жокко чыгарып, шайлоочулардын саны болжолдуу түрдө 40 миңге көбөйдү.
Бишкек аскер гарнизондук соту Жалал-Абадда май айындагы тополоңдорду уюштуруучу катары шектелип кармалган Санжар Бакиев баштаган беш адамдын ишин карап жатат.
БШК протоколдордун түпнускасы менен көчүрмөлөрүн текшерүү учурунда чет өлкөдөгү төрт участканын добуштарын жараксыз кылды.
Бишкектеги Тарых музейинде “Люстрация жөнүндөгү” мыйзамды ишке ашыруу маселеси жана анын механизмдери талкууга алынды.
БШК төрагасы Акылбек Сариев партиялардан шайлоонун жыйынтыктарын сурап, шаштырбай турууну өтүндү.
Эл аралык уюмдар Кыргызстанга ушул жылдын аягына чейин 245 млн. доллар жардам берүүгө убада кылышты.
Тарыхчы жана социологдордун иликтөөсүнө караганда, Кыргызстанда 120 улуттун өкүлдөрү туруктуу жашайт экен. Эң аз улут делип чукчалар эсептелет.
Дагы жүктөңүз