"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Бишкектин Мурас-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушу бүтпөй турат. Долборлоо иштери 2015-жылы башталган. План боюнча пайдаланууга 2019-жылы берилмек. Бирок ушул тапта 550 орундуу мектептин каркасы гана турат. Качан бүтөрү белгисиз.
Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин ысымы Жалал-Абаддагы көчөлөрдүн бирине берилгени коомчулуктун сынына кабылды. Мындай токтомду Ноокен айылдык кеңешинин депутаттары чыгарган.
Президент Cооронбай Жээнбеков милициядагы коррупцияны жоюу зарыл экенин билдирди. Ал кадрлардын сапатын жакшыртуу жаатында олуттуу кадамдар зарылдыгын эскертти. Мындай маселе акыркы убакта ишкерлердин коопсуздугуна байланышкан окуялардан улам көтөрүлүп жатат.
Президент Сооронбай Жээнбеков ишкерлер милиция кызматкерлеринен жардам таба албай жатканын билдирди.
Ички иштер министрлигинин жаңы түзүлгөн патрулдук кызматы Бишкекте 31-октябрдан тарта ишке кирди. Борбор калаанын Свердлов жана Биринчи Май райондорунун көчөлөрүндө адамдын жүзүн тааный турган 60 камера орнотулду.
Нарын шаарында “Дени сак улут-күз деми” деп аталган марафон эл арасына спортту жайылтуу жана ага ар бир адамдын көңүлүн буруу үчүн уюштурулду.
Уран калдыктары сакталган Миң-Куш айылынын Туюк-Суу конушундагы 23 үй-бүлөнүн маселеси чечилбей жатат.
Эрмек Муканбетов туристтерге Нарын шаарын кол эмгеги аркылуу тааныткысы келет. Учурда анын колунан жаралган сувенирлер чакан дүкөндө сатылып жатат. Келечекте ал устаканасын чоңойтуп, өзгөчө боз үй жасоо кыялы менен жүрөт.
Айрым депутаттар бул мыйзам долбоорун 2023-жылга чейин карабай турууну сунуштап жатышат.
Жаңы программа Бишкек жана Ош шаарларынан башка аймактарда жашагандар үчүн иштейт.
Өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров эл аралык коомчулукка ачык кайрылуу жолдоду. Ал №19 абактын жетекчисинин аракеттерине нааразылыгын билдирип, өзүнүн жана камакта жаткан башкалардын укуктары бузулуп жатканын айтты.
Кыргыз коомунда атеисттерди, марксчыларды, коммунисттерди да соттоо керекпи деген пикирлер айтыла баштады.
Кыргызстанда оорулуунун жанына арачы болгон анестезиологдор тартыш. Эреже боюнча бир анестезиолог алты бейтапты гана кароого милдеттүү болгону менен, иш жүзүндө кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн бардык оорукчандарды дарылоого мажбур.
Айылдагы жаштар менен шаардагы студенттердин башын бириктирген “Агартуу саякаты” ишин Жумгал районунун Миң-Куш айылынан баштады. Долбоордун эрежеси боюнча, окууда жана билим берүү тармагында ийгиликке жетишкен жаштар айылга барып, ал жердеги окуучулар менен ой бөлүшөт.
Экологдор Кыргызстанга сырттан ташылган күйүчү майдын сапатына кабатыр.
Апта темасы бул ирет кыздардын эл аралык күнүнө арналат. Бириккен Улуттар Уюму 11-октябрды кыздар күнү деп 2012-жылы жарыялаган. Кыргыз коомундагы кыздарга болгон мамиленин айрым өңүттөрүнө аймактардагы кабарчыларыбыз көз салып көрүштү.
Бишкекте «Франчайзинг жана соода-сатык ЭКСПО» деген аталышта эл аралык көргөзмө өтүп жатат. Аны АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен Жаш ишкерлер ассоциациясы уюштурууда. Иш чарада Америка жана Европа өлкөлөрүнөн келген дүйнөлүк компаниядар кыргызстандык ишкерлерге өз өндурүмдөрүн тарту
Кышта үшүбөй чыгуу үчүн Кыргызстан бир жылда кеминде 2,5 млн. тонна көмүр жагат. Анын көбү Кара-Кече кенинен казылат. Азыр анын жарымына жетпегени гана даяр болду. Калганын өкмөт жазга чейин казып бүтүрүүнү мерчемдеп жатат.
Мурдагы спикерлер шайлоо боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн сунуштарды беришти.
"Нарын суу канал" ишканасынын жумушчусу иш учурунда топурак басып калып каза тапты. Анын жанындагы дагы бир жумушчу жеңил жараат алып, ооруканага түштү.
Дагы жүктөңүз