"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Ак-Талаа районундагы төрт айыл жана Казарман району байланышсыз калды. Анткени бул айылдарга каттаган жолго салынган Казарман Акталчат унаа жолундагы көпүрөнү суу жууп кетти.
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Акталчат – Куртка - Тоголок Молдо - Казарман айылдарын байланыштырган көпүрө чала курулган бойдон бүтпөй турат. Айылдыктар жамгыр жаап, суу киргенден бери эки жакка аркан менен өтүүгө аргасыз.
Дене тарбия мугалими Руслан Жапаңов Нарын шаарынан он чакырым алыс жайгашкан коңшу Кеңеш айылына барып келип иштейт. Алган он миң сом айлыгы жашоосуна өп чап жеткендиктен жумуштан кийин шаардын көчөсүнө чыгып, эл ташыйт.
Нарын шаарында манасчы Жусуп Мамай уулунун 100 жылдык мааракеси белгиленип жатат.
Тарых мугалими окуучуларга жооптору даяр китептер сатылып жатканын айтып чыкты.
Кочкордун Семиз-Бел айылындагы мектеп мугалимдери айлыктын азайганына нааразы.
Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү дыйкандардын техникасын кароодон өткөрүп жатат.
Нарын шаарында "Энелер лигасы" уюштурган 40 жаштан өткөн аялдардын арасында волейбол оюну өттү. Ага Нарын облусунандагы командалардан сырткары Ысык-Көл жана Талас облустарынын үй кожойкелеринен куралган жалпы 12 команда катышты.
Кочкор районунун Туз айылындагы мектепте окуган окуучулардын ата-энелери 2-апрелде балдарын мектепке жиберген жок. Буга өткөн жумада мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти мектептин имаратында окуу мүмкүн эмес деген бүтүм чыгарганы себеп болду.
Кемероводогу өрт Кыргызстандын коомдук жайларындагы коопсуздук маселесин эске салды.
Кыргызстандын аймактарында ичүүчү жана сугат суунун азыркы абалы кандай?
Нарын районундагы Кара-Жылга айылынын фельдшери Салтанат Шейшеева күнүнө кеминде 20 чакырымдай жолду бирде жөө, бирде атчан басып өтүп, айылдыктардын саламаттыгына көз салууда.
Нарын шаарынан жоголгон Азим аттуу бала жети жылдан кийин Жалал-Абад облусунан табылды.
Нооруздун урматына президент элди куттуктап, биримдикте жашоого чакырды.
Нарын районунун Жер-Көчкү айылы деңиз деңгээлинен 3000 мертден ашык биийиктикте жайгашкан. Тоо боорундагы айыл район борборунан 150 чакырым алыс. Айылда таза суу, жол, мектеп маселеси башкы көйгөй. Тургундар бир гана мал чарбачылыгы менен жан сакташат.
Дилбара Дүйшеева Нарын шаарында өтүкчү болуп иштеп жатканына беш жыл болду.
Нарын шаарынын тургуну Улан Мусаев Улуу Ата мекендик согушка барып, дайыны чыкпай калган чоң атасынын изин Калининград облусунун аймагынан тапкан. Эми ал кеч болсо да чоң атасынын сөөгү коюлган жерге барып келүүнү кыялданып жаткан учуру.
Нарын районунун Кара-Чий айылынын тургуну, жети балалуу Баатыр эне Асел Абдылдаева 37 жашта.
Нарын районунун Орто-Нура айылынын тургуну Азатбек Исаков айылына бут кийим чыгаруучу кичи цех ачып, онго жакын айылдашын жумуш менен камсыз кылды. Алар цехте жасалган продукциясын жакында сатыкка чыгарган турат.
8-март Аялдардын эл аралык тилектештик күнүн утурлай “Азаттыктын” жер-жерлердеги кабарчылары эл арасында “Кыргыз коомунда аялдардын орду кандай жана алар өзүн кайсы убакта бактылуу сезет?” деген чакан сурамжылоо жүргүздү. Тургундардын суроого берген жообу ар кандай.
Дагы жүктөңүз