Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:48

Нарын: медреседеги ашпоздук сабактары


Ашпозчулукту үйрөнгөн Нарындагы медресе окуучулары.

Нарын облустук казыятына караштуу балдар медресесинде окугандар жайкы каникул учурунда ашпозчулукту жана англис тилин үйрөнүп жатышат.

Бул окууну Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы менен эл аралык “Авеп” фонду уюштурган. Учурда окуучулар тамак жасаганды өздөштүрүп, англис тилинде сүйлөп калышты.

Медресенин ашканасында ондон ашык бала казанды айланчыктап, мугалими үйрөткөн тамакты жасоо менен алек. Үйдөн апасына жардам бермек тургай, ашканага баш бакпаган балдар ашпозчулукту бир топ эле өздөштүрүп калыптыр. Торттун сыртын жасалгалап жаткан 1-курста окуган Азамат Талантбеков тамак жасоо түйшүгүн бүгүн жон териси менен сезип жатканын айтты:

- Апам жасаган тамагын жеп эле жардамдашпасам, дегеле ашканага басып барчу эмесмин. Эми минтип тамак жасаганды үйрөндүм. Эми дагы өркүндөтсөм деп турам. Анткени кийин жаныбызды багып кеткенге өзүбүзгө жакшы. Бул кесипти биз өзүбүздүн негизги кесибибиздин бирден бир канаты катары алып кетүүгө далалат кылып жатабыз. Окуудан каникулга чыккан убакта иштеп, өзүбүзгө кошумча каражат таап алсак да болот. Эгер колубуздан келсе... Бирок бул кесипти мындан ары да алып кетебиз го деген ишеничте турабыз. Азыр биздин оюбуз бир гана окуп, илим алуу болуп турат. Ашпозчулук кесипти болсо бош убактыбызда пайдаланабыз. Өркүндөтүп кетсе эмнеге болбосун? Азыр бизге жогорку деңгээлдеги сертификат бербесе да орто деңгээлдеги сертификатка ээ болобуз.

Медресе окуучуларын ашпозчулукка үйрөтүү учуру.
Медресе окуучуларын ашпозчулукка үйрөтүү учуру.

Бул медреседе окуган балдар ислам илимдери менен кесипти шайкеш алып кетүүгө дилгир экенин билдиришти. "Куран жаттап, мечитте молдолук кызмат кылуудан тышкары ар тараптуу кесиптин ээси болсок, келечекте турмушубузга тың болобуз" дейт медресенин дагы бир курсанты Самат Билал уулу:

- Жигит деген миң кырдуу, бир сырдуу болушу керек. Азыр ашпозчулукту үйрөнүп жатабыз, анткени адамга таттуу тамак берип сыйласак бирден-бир жакшы иш кылганыбыз болот. Мисалы, эки кишинин башын бириктирип, өзүбүз эле “чый-пый” кыла калсак сонун да! Биз ушуну менен эле токтоп калбайбыз. Келечекте дагы көптөгөн кесиптерди окуйбуз деген тилектебиз.

Ашпозчулукту Нарын шаарындагы №87 кесиптик лицейдин мугалимдери окутуп жатышат. Бул кесипти окутуу программасы он айга ылайыкташтырылган. Бирок медресенин жетекчилигинин суранычы менен бир айлык программа атайын иштелип чыккан. "Убакыттын тартыштыгы бир аз ыңгайсыздыкты жаратты, бирок ошентсе да колдон келишибизче үйрөткөнгө аракет кылдык" дейт сөз болуп жаткан лицейдин мугалими Таалайкүл Асакеева.

- Медреседеги балдарды окутуш бир жагынан жеңил болсо, бир чети кыйыныраак болуп калды. Кыйын дегенибиздин себеби - убакыт аз болуп калды. Ошол кыска убакыттын ичинде тамактын түрлөрүн үйрөтүүгө үлгүрүш керек болду. Бирок ошентсе да медресенин балдары бат кабыл алат экен. Бизге ошонусу жеңил болду, - деди ал.

Медресе окуучулары үчүн өткөрүлгөн англис тили сабагы учурунда.
Медресе окуучулары үчүн өткөрүлгөн англис тили сабагы учурунда.

​Ашпозчулукту учурда медреседе билим алгандардын 15и үйрөнүп жатат.

Мындан тышкары, Агахан фондунун мугалимдери медреседеги 13 балага англис тилине үйрөтүүдө. Бул окуу курстары тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы демилге көтөрүп, "Авеп" аттуу коомдук фонд каржылаган. Нарын облустук казыятынын басма сөз катчысы Тойчубек Сагындыков көпчүлүк балдардын каалоосу менен ушул курстар тандалганын айтты:

- Негизи “Авеп” коомдук фонду бизге "каалаган курсуңарды окутсаңар, чыгымын биз төлөп беребиз" деп сунуш кылышты. Анан медреседе окуган балдардан сурамжыладык. Алардын көпчүлүгү "ашпозчулукту окуйбуз" дешти. "Ширетүүчү же башка кесиптерди да үйрөнсөңөр болот" деп түшүндүрдүк.

Нарын шаарындагы бул медреседе 16 жаштан 22 жашка чейин 65 эркек бала билим алат. Алар Куран жаттап, араб тилин үйрөнүшөт.

Кесипке маани берген медреселер
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:08 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Мирлан Кадыров

    "Азаттыктын" Нарын облусундагы кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин англис тили жана адабияты адистиги боюнча аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG