“Азаттыктын” Бишкек бюросунун кызматкери, веб-редактор. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин бүтүрүүчүсү.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетип, анын ордуна Жанарбек Акаев келди. Токторбаев арызды өз эрки менен жазганы кабарланган.
Кыргызстанда жыл сайын рак илдети 6 миңден ашуун кишиден катталса, анын үч миңдейи каза табат. Учурда республика боюнча 34 миңдей киши өсмө менен каттоодо турат. Адистер оору өтүшүп, 3-4-стадияга өткөндө келгендер көп болуп жатканын айтышууда.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө убактылуу чыгып кетти.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков 15- апрелге чейин камалды.
Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев менен 15-февралда жолукканын билдирди.
Кыргызстанда жыл сайын рак илдетине 6 миңден ашуун адам чалдыгат. Анын 60-70% өсмөнүн 3-4-стадиясы менен келет. Дарыгерлер жакынкы жылдары дартты аныктоо, дарылоо ыкмаларын өзгөртүп, жаңы адистерди даярдоо керектигин айтышууда.
Президент Садыр Жапаров 10-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы кызмат ордунан бошотулду.
Эл аралык Human Rights Watch уюму жылдык баяндамасында Кыргызстанда сөз эркиндигине, маалыматка жетүү укугуна олуттуу чектөөлөр киргенин белгилеген. Журналисттерге, көз карандысыз медиаларга жана укук коргоочуларга куугунтук күчөгөнүн, айрымдары камалганын мисал келтирген.
Кыргызстанда алимент төлөбөгөнү үчүн бир адам эки жылга кесилип, сот залынан камакка алынды. Бул ажырашкандан кийин алимент төлөбөгөнү үчүн жазалаган сейрек чаралардын бири болду.
Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов атайын коллегияда Улуттук онкология жана гематология борборунун жетекчилигинин ишин сынга алды. Министр Кыргызстан өсмө ооруларын дарылоодо артта калып жатканын, мындан улам кыргыз жарандары чет өлкөгө барууга аргасыз экенин айтты.
Өтүп бараткан жумада кыргыздын көрүнүктүү дизайнери, этнограф Айдай Асангулова дүйнө салды.
Кыш капортолоп калганда кыргыз адабиятынын бир капшыты эңшерилди. Алтымыш жылдан ашуун өмүрүн “Манас” эпосун изилдөөгө арнаган окумуштуу Раиса Кыдырбаева дүйнө салды. Анын орус тилинде жазган макалалары кыргыздын улуттук мурасынын дүйнөгө таанылышына чоң салым кошкон.
Кыргызстандыктар Жаңы жыл майрамынан кийин он күндөй эс алат. Бул аралыкта айрым окурмандар бош убактысын китеп менен өткөргүсү келиши мүмкүн. Каникулда телефон тиктебей, балам китеп барактасын деген ата-энелер бар. Бирок көбүндө кайсы китепти окуш керек деген суроо турат.
“Ак илбирс” улуттук cыйлыгы 2024-жыл үчүн ыйгарылганын тактай кетели. Ага ылайык, алыстар тобу Руслан Акунду мыкты режиссер деп тапкан. Анын “Бейиш эненин таманында” тасмасында башкы ролду аткарган Анара Назаркуловага мыкты актриса, Эмил Эсеналиевге мыкты актер сыйлыгы ыйгарылды.
Өткөн жумада Кыргызстандын Катардагы элчиси Марат Нуралиев президенттин жарлыгы менен кызматтан алынды. Тышкы иштер министрлиги элчинин отставкасынын себептерин расмий түшүндүргөн жок. Өкмөттөгү айрым булактар элчи жүрүм-турумуна байланыштуу кызматтык иликтөөдөн соң иштен алынганын айтышты.
Министрлер кабинети сунуштаган мыйзам долбоорунда айрым ардак наамдарды мамлекеттик сыйлыктын тутумунан алып салуу сунушталган.
БУУнун Айыл чарба жана азык-түлүк уюму дүйнөнүн бардык аймактарында суу ресурстарын керектөө улам өсүп жатканын белгилеген. 2022-жылы дүйнөдө орточо "суу стрессинин" деңгээли 18 пайызга жеткен.
“Сергек жашоо” подкастында эркектин саламаттыгына байланыштуу бир катар суроолорго уролог-андролог Илияс Эратов жооп бермекчи.
Дагы жүктөңүз