"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.
Өзбекстандын Ички иштер министрлиги Үңкүр-Тоону өздөрүнүкү деп эсептей турганын жарыялады.
Президент Алмазбек Атамбаев Үңкүр-Тоого байланыштуу чырлуу жагдайга мурунку бийлик күнөөлүү экенин кыйытты.
Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен тандем түзөт деген сөздөрдү саясий жоромол деп атады.
Жалал-Абаддагы Ала-Бука райондук соту Орто-Токой суу сактагычында суу бөлүштүрчү жерде куралчан кармалган өзбек милиция кызматкерин бошотту.
Талас районуна караштуу Бекмолдо айыл өкмөтүндө Жерүйдүн акчасы боюнча чатак ырбады.
Риодогу Олимпиадада коло медалды жеңген Иззат Артыков допинг колдонгон деген айыпты четке кагып жатат. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик бул окуяга байланыштуу комиссия түздү.
Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын мурунку депутаты Турсунтай Салимовго таандык “Мадина-текстиль” ишканасы контрабанда боюнча айыпталып жатат.
Бишкектеги Тарых музейиндеги өрттүн себебин жана зыянын иликтөө үчүн өкмөт мекемелер аралык комиссия түздү.
Борбордук шайлоо комиссиясы 300 миллиондой сомго кошумча электрондук үкөк сатып алганы жатат.
Ошто 24-июндан бери дайынсыз жок болуп жаткан кытайлык уйгур ишкер Кытайда экени аныкталды.
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын мурунку жетекчиси Чубак ажы Жалилов “ахмадийлер” тууралуу айткандары боюнча Ошко милицияга чакырылды.
Кыргызстандан башка өлкөгө баратканда бирөөнүн паспортун, жасалма документтерди колдонууга аракет жасаган адамдар көбөйдү.
“Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик борборунан калган бир топ мүлктүн дайыны чыкпай жатканы маалым болду.
Президент Алмазбек Атамбаев Балыкчы-Корумду жолунун курулушуна байланыштуу талаштуу жагдайды диверсия деп атады. Ал жолду салууну мурунку өкмөт башчы Темир Сариев баштаганы белгилүү.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Элдик парламент” коомдук уюмунун дагы бир мүчөсү Тойгонбек Калматовду камакка алды.
Өкмөткө караштуу Материалдык резервдер фондундагы жаңжал ачыкка чыкты. Мекеменин Коомдук байкоочу кеңешинин айрым мүчөлөрү фонддун жетекчиси боюнча арызданып коомчулукка кайрылуу жолдоду.
Жогорку Кеңештеги төрт фракция Конституцияны өзгөртүү үчүн ушул күздө референдум өткөрүү боюнча демилге көтөрдү.
Кыргызстандын Бажы кызматы Андрей Бельянинов Кытайдан Кыргызстан аркылуу Орусияга аткезчилик жол менен ташылган жүктү калкалап келген болушу ыктымал деген маалымат териштирилерин билдирди.
ИИМдин алдындагы “Шумкар” деп аталган атайын багыттагы бөлүк менен ыкчам чара көрүү атайын отрядынын бириктирилиши боюнча нааразылык жаралды.
Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Кыргызстандагы түрк мектептерине байланышкан билдирүүсү боюнча Тышкы иштер министрлиги өз жообун таратты.
Дагы жүктөңүз