"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.
Үркүндүн 100 жылдык мааракесин утурлай анын айланасында маалымат тиреши күчөдү.
Бишкек шаарында жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдө эки курулушчунун өлүмү менен аяктаган кырсыкты Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция иликтеп жатат.
Мындан 20 жылдай мурун Жусуп Баласагын атындагы улуттук университет менен Алмазбек Исманкуловдун “Көздүн микрохирургиясы” ооруканасы биргелешип түзгөн “Интергоспиталь” медициналык борбору боюнча кылмыш иш козголду.
Мамлекеттик миграция кызматынын бөлүм башчысы Майрамбек Бейшенов бул мекеменин жетекчи орун басары менен статс-катчысы экөөлөп аны оозго алгыс сөздөр менен жемелеп, кол да көтөрүшкөнүн айтып чыкты.
Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация департаментинде дагы тиреш жаралды.
Кыргызстанда стратегиялык мааниси бар жолдордун салынышы, оңдолушуна байланыштуу сын күчөдү. Байкоочулар региондордо курулуп жаткан жолдордун сапаты мындан да начар экенин, адатта колдонуп-колдоно электе эле бузула баштарын белгилешет.
Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын мурунку жетекчиси, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов телевидениедеги автордук берүүлөрү чектелгенин айтып чыкты.
Борбордук шайлоо комиссиясы 8-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Саматовдун мандатын алды. Буга Орусиянын Башкы прокуратурасынын Саматовдун орус жарандыгын алгандыгын ырастаган документтери негиз болду.
Өкмөт башчы Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп жаңы кызматка киришкен Данияр Сыдыковго эки өлкө ортосундагы мамилени жакшыртууга байланыштуу бир катар тапшырмаларды берди.
Казакстан өзүнүн түштүк аймактарына кошумча сугат сууну мындан ары Кыргызстандан эмес, Тажикстандан алуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп жатканы маалым болду.
Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар боюнча департамент тендер өткөрүүдө тамгаларды чаташтыруу аркылуу колдонулуп келген коррупциялык айла-амалга бөгөт коюлганын билдирди.
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамы ишке кирди. 27-июнда БШКнын жетекчиси болуп Нуржан Шайлдабекова шайланды.
Жогорку Кеңеш ушул аптада жалпы жыйында “Референдум жөнүндөгү” мыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорду караганы жатат.
Кыргыз өкмөтү менен Жогорку Кеңеш социалдык төлөм боюнча орток пикир таба албай жатат. 24-июнда парламентте фракциялар шашылыш жалпы жыйынга чогулуп өкмөт сунуштаган жана депутаттар тобу даярдаган эки мыйзам долбоорду талкуулады.
Кыргыз өкмөтү менен Жогорку Кеңеш социалдык төлөм боюнча орток пикир таба албай жатат. 24-июнда парламенттеги фракциялар шашылыш жыйынга чогулуп өкмөт сунуштаган жана депутаттар тобу даярдаган эки мыйзам долбоорду талкуулады. Өкмөт Социалдык фондго төлөнүүчү камсыздандыруу төлөмдү орточо айлык акын
Кыргызстанда айрым коомдук-саясий жана маданий ишмерлер, интеллигенция өкүлдөрү Дастан Сарыгуловду ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарууну өтүнүп, өлкө жетекчилерине кайрылуу жолдоду.
Кыргызстандын Жогорку Соту укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши жаңы жагдайларга байланыштуу 11-июлда кайра каралып башталарын билдирди.
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети 21-июнда өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү сунушун жактырды.
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ат-Чабар айылынын имамы 10 жашар баланы зордуктап жүргөн деген шек менен камакка алынды.
БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов добуш сатып алгандарга жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоору күзүндө Жогорку Кеңешке жөнөтүлөрүн “Азаттыкка” билдирди.
Дагы жүктөңүз