"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.
Быйыл жайында Бишкекте жок кылынган террорчул топко тиешеси бар деп шектелген Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Максат Кунакуновдун кылмыш иши боюнча тергөө аяктай элек.
Кыргыз өкмөтү өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кириши менен ишкерлерге бир топ жаңы мүмкүнчүлүк ачылат деп ишендирип келген.
Кыргызстанда жарандык активисттер шайлоого бараткан партияларды депутаттарга берилген жеңилдик-артыкчылыктан баш тартууга макулдугун билдирген декларацияга кол коюуга чакырып жатышат.
Шайлоого аттанган партиялардын штабдарында саясий технологдор - түрдүү айла-амалдарды ойлоп тапкан жоон топ адам иштеп жатат.
Премьер-министр Темир Сариев Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерди куруу үчүн бериле турган жерлер маселесин чечүүнү ылдамдатууну тапшырды.
“Аю” холдингинин вице-президенти Балбак Түлөбаев июнь коогасынын уюштуруучусу деп айыпталып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган Иномжан Абдурасуловдун мүлктөрүнө аталган ишкананын тиешеси боюнча “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
БШК депутаттыкка талапкерлерди жоопко тартууга уруксат берүү тууралуу Башкы прокуратуранын сунушун качан карары белгисиз.
Июнь коогасын уюштургандардын бири деген айып менен сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган, издөөдө жүргөн Иномжан Абдурасуловдун бир да мүлкү конфискацияланбаганы аныкталды.
Бүгүн, 4-сентябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү расмий башталды. Бардык жерде партиялардын ураандары, убадалары жайнап, жалпыга маалымдоо каражаттарынан жарнамалары байма-бай чыга баштады.
Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышы жайкы тыныгуудан кийин ишин баштаганы турат. Бирок 2-сентябрда депутаттар отурумга келбей коюп, сессия болбой калды. Азыркы 120 депутаттын 90у кайра шайлоого аттанууда.
Коргоо министрлигине таандык тик учактардын Угандага ижарага берилишин иликтөө үчүн мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү.
Кыргыз өкмөтү Жогорку Кеңеш депутаты Карганбек Самаков сатып алган жерге байланыштуу бир чечимге келе албай жатат.
Өкмөт башчы Темир Сариевдин буйругу менен Райымбек Матраимов 25-августта Бажы кызматынын жетекчи орун басары болуп дайындалды.
Социал-демократтар партиясынын курултайында бекиген тизме эки адамга кыскарды. Тизмеде 16-орунда турган билим берүү министри Элвира Сариева шайлоого баруудан баш тартты.
Аттуу-баштуу эле партияларда кайсы бир чуулгандуу окуяга, кылмыш топторго байланыштуу аты айтылган, бирок ысымын өзгөртүп алгандар бар экени белгилүү болууда.
Шайлоого аттанган партиялар талапкерлерди тизмеге кошуунун эле эмес, аларды кийин зарылчылык болсо кайра чыгаруунун да амалдарын издөөдө.
Июль айынын соңунда Ташкенттеги кыргыз-өзбек жолугушуусу өзбек тараптын айынан үзгүлтүккө учураган. 18-августта Маматалиев Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов менен жолуккан эле.
Шайлоого барчу партиялардын тизмесинде аты чыгып-чыкпаган, мурда-кийин уюшма кылмыш топтун мүчөсү же катыштыгы бар деп милициянын каттоосунда турган, соттолгон адамдар да бар экени белгилүү болду.
13-августта президент Алмазбек Атамбаев “Ата-Бейит” көрүстөнүндө Үркүндө курман болгондорго арналган мемориалдык комплекс куруу тууралуу жарлыкка кол койду.
Дагы жүктөңүз