"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.
Биз начар иштесек отставкага кетебишибиз керек. Мындай пикирин "Азаттыкка" биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.
Азыркы өкмөт башчыны кызматтан алууга бир гана Кумтөр маселеси себеп эмес. Мындай пикирин "Азаттыкка" "Республика" фракциясынан депутат Курманбек Дыйканбаев билдирди.
Кумтөр боюнча орток пикир дагы эле табыла элек. Бул тууралуу "Азаттыкка" парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди.
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 3-февралда “Коргоо жана Куралдуу күчтөр жөнүндөгү” мыйзамга кол койду.
Эрлан Сапарбаев
Бишкекте 30-31-январда кыргыз-тажик өкмөт өкүлдөрүнүн чек арадагы жаңжал боюнча жолугушуусу өттү.
Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев 30-январда Жогорку Кеңеште чек ара маселелери, кырдаал боюнча маалымат берди.
Human Rights Watch эл аралык уюму сексуалдык азчылыктар боюнча кыргыз милициясын айыптап чыкты.
Кыргызстанга 29-январда ЖККУ баш катчысы келээри күтүлүүдө. Николай Бордюжа анын алдында, дүйшөмбү күнү Тажикстанда болгон эле.
Ысык-Көлдүн Ак-Шыйрак чек ара тилкесиндеги окуя боюнча айтылган ар кыл версияларды күч түзүмдөрүнүн биргелешкен ыкчам тобу иликтөөдө.
Атайын кызмат Транспорт жана коммуникация министрлигинде мамлекеттик сатып алууларда коррупцияга жол берилгенин аныктады.
Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексине “мародерчулук” боюнча атайын берене кириши мүмкүн.
Кыргызстандын Аскер прокуратурасы Кант аскер бөлүгүндөгү жоокердин өлүмү менен аскер формалары уурдалган фактынын байланышын иликтеп жатат.
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында 11-январда болгон куралдуу кагылышты ушул тушта эки тарап бирге иликтеп жатат.
Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынан депутат Мамытбай Салымбеков 16-январдагы парламент жыйынында оор кылмыш кылгандарга жазанын оор түрүн колдонуу керектигин айтып чыкты.
Бишкек шаарынын жаңы шайланган башчысы журналисттердин суроолоруна жооп берди. 2004-жылы бизнестен мамлекеттик кызматка өткөнүн, 2007-жылы Алмазбек Атамбаев менен таанышканын айтып берди.
Бишкек шаардык кеңешиндеги "Республика" фракциясынын лидери Мирлан Жээнчороев Бишкек шаарынын мэрлигине жалгыз талапкер Кубанычбек Кулматовго каалоо айтып, акын Байдылда Сарногоевдин биримдик тууралуу ырын окуп берди.
Кулматов бизнесте жүрүп, 2004-жылы мамлекеттик кызматка келгенин, Бажы тармагында 10 жылга жакын иштегенин айтты.
УКМК кримдүйнөнүн анабашы аттыккан Кадыр Досоновду сотко чекисттер коштоп барган деген маалыматты четке какты.
Бишкекте адам өлтүрүү боюнча чуулгандуу эки фактынын бети ачылды.
Дагы жүктөңүз