"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
АКШ президенти Барак Обама менен Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху Ирандын өзөктүк программасын камтыган макулдашуу боюнча карама-каршы пикирлерин билдиришти.
Үч ири эл аралык телекоммуникациялык компаниянын Өзбекстандын ички рыногуна кирүү үчүн өлкө бийлигине пара бергени боюнча бир нече өлкөдө ачылган кылмыш ишке америкалык тергөөчүлөр да кызыкты.
25 жаштагы Акыл Төлөмүшов АКШдагы Чикаго институтуна караштуу искусство мектебинде окуйт. Эки жылдан бери жергиликтүү салондо кийим иллюстратору болуп эмгектенет. Акыл өзүнүн Чикагодогу ишмердүүлүгү, окуусу, кыялдары тууралуу “Азаттыкка” курган маегинде айтып берди.
Йемендеги окуяларга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги ал жактагы кыргыз жарандарын чыгарып кетүү аракеттерин көрө баштады.
Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы өткөн жумада президентикке талапкерлерди каттоо аяктаганын жарыялады. 26-марттан тарта талапкерлер шайлоо өнөктүгүн башташты.
Ооганстанда жаалданган топтун тепкисинен көз жумган 27 жаштагы Фархунданын өлүмү ооган коомчулугун өзгөрткөндөй болду.
Франциянын түштүгүндө кырсыкка кабылган учактын ичиндеги 144 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү мерт кетти.
Тажик бийликтери жакын туугандардын баш кошуусунан төрөлгөн балдарды каттоого киришти.
16-мартта Крым Орусия тарабынан аннексияланышына жол ачкан референдумга бир жыл толду.
Түркмөнстанда митинг өткөрүүгө биринчи жолу расмий уруксат берилди. Тиешелүү мыйзамга өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов кол койду.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 26-апрелде өтө турган мөөнөтсүз президенттик шайлоого катышат. Бул жөнүндө ал бүгүн өзү төрагалык кылган, бийликтеги “Нур Отан” партиясынын курултайында жарыялады.
1-мартта Тажикстанда өткөн парламенттик шайлоодо бийликтеги Элдик-демократиялык партия шайлоочулардын 65,2% добушуна ээ болуп, алдыга чыкты.
Amnesty International уюму 2014-жыл боюнча жарыялаган докладында дүйнөдөгү өкмөттөрдү кризистик окуяларга бөгөт коюу ишине чечкиндүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө чакырды.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы, 53 жаштагы Рахат Алиев Австриядагы түрмөдө өлгөнү кабарланды.
Нина Соловенко 2006-жылы Кыргызстанда мектепти бүтүрүп, ал кездеги студенттерди алмашуу программасы боюнча Киевге окуганы барган.
Журтташыбыз Кайрат Калыгулованын Дубайдагы Fly Dubai авикомпаниясында стюардесса болуп иштегенине жакында бир жыл болот. 2012-жылы Дубайга соода борборлорунун бирине иштегени барган Кайрат кантип стюардесса болуп калганы, жаңы кесибинин оош-кыйыштары тууралуу "Азаттыкка" курган маегинде айтып берди.
Өткөн жылы Йемендин түндүк-чыгышындагы Мариб шаарында барымтага алынган тажикстандык медайым Гүлрухсор Рофиева 10-февралда бошотулду. Гүлрухсорду 2014-жылы 29-октябрда жумушка бараткан учурда белгисиз адамдар уурдап кетишкен.
Ишембиде Чехиянын баш калаасы Прагада Түрк тилдүү элдердин концерти өттү. Ага Чехиядагы кыргыз, казак, татар, азербайжан, түрк диаспораларынын өнөрпоздору катышты. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын башкы максаты Чехиядагы түрк тилдүү элдердин ынтымагын күчөтүү.
Айзада Марат кызы АКШдагы Гарвард университетинде магистратурада билим алып жатат. Ал өткөн жылы кыргызстандыктар Гарвард, Оксфорд же башка белгилүү окуу жайларга өтүшү кыйын же мүмкүн эмес деген стереотиптерди сындырып, бул окуу жайга өз күчү менен өткөн.
Январь айынын башында өз тууганы мыкаачылык менен ыдык көрсөткөн эки жашар наристе оор абалда ооруканага түшүп, али да эсине келе элек.
Дагы жүктөңүз