"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Кыргызстандын аскеринде жоокерлер арасындагы зомбулук, уруп-сабоо, суицид, кодулоо сыяктуу көрүнүштөр азайбай жатканын "Кылым шамы" уюму билдирди.
“Тарых жана маданият” жылына карата Ош шаарында жазгы жалпы жеңил атлетикалык чуркоо болуп өттү. Ага окуучулар, карылар, аялдар, саламаттыкты сактоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери катышты. Жеңүүчүлөр мэрия тарабынан сыйланды. “Мен сергек жашоону тандайм” деген ураан менен өткөн спорттук иш-чаранын катышуучулары 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкка чуркашты. Иш-чарага 1500 ашуун адам катышты.
"Кара-Суу" базарында 300дөй соода күркөсү сүрдүрүлүп жатат. Анын ээлери базар жетекчилигин тааныш-билиштик кылып жатат деп айыптап, контейнерлердин ордун дагы башкаларга сатарын айтып чыгышты.
Кыргызстанда бала сатуу кылмыштары жана аларды таштап кеткен учурлар акыркы кезде көп катталууда.
Өзбекстан Ала-Бука районундагы тактала элек аймакка жол салуусун кайрадан жандантканы айтылууда.
Транспорт министри Аргынбек Малабаев тендердеги мыйзам бузуулар боюнча Темир Cариевди айыптап чыкты. Сариев болсо, кайра Малабаевди айыптап, аны жумуштан кетирүү боюнча президентке сунуш берди. Бирок президент аны кабыл алган жок.
Жол кайгуул, күзөт кайгуул кызматтарынан түзүлгөн патрулдук милиция иштей баштаганына беш күн болду. Бул аралыкта аталган кызматтын ишиндеги айрым алешемдиктер ачыкка чыга баштады.
Кыргызстандын аймактарынан «эшек терисин саткандар кармалды, этин соодалагандар колго түштү» деген маалыматтар ушу күндөрү да коомчулукту дүрбөтүп келүүдө.
Адистер кыргыз-өзбек чек арачыларынын макулдашуусунун артында көмүскө келишимдер болушу мүмкүн деп жоромолдошууда.
Оппозиция өкүлдөрү Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров бийликти басып алууга шектелип кармалды.
Өз кызматкерин травматикалык тапанча менен атып салган Базар-Коргон райондук мамкаттоо башкармалыгынын мурдагы жетекчиси жоопко тартылбай калды.
Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды.
Бишкек шаарындагы "Жаш техниктер" окуу борборунун мугалими бачабаздыкка шектелип кармалды. Билим берүү башкармалыгы мугалимдер психологиялык текшерүүдөн өткөрүлүп турат деп ишендирүүдө.
21-март – Нооруз майрамы бүгүн өлкө аймагында түрдүү салтанаттар жана оюн-зооктор менен коштолду.
Оштогу иш сапарынын алкагында президент Алмазбек Атамбаев калкты саясий акцияларга кошулбоого чакырды.
Ошто 206 батир күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине берилди. 2010-жылкы июнь окуясынан жабыр тарткандарга деп курулган турак жай укук коргоо органдарына акысыз тапшырылды. Айрымдар батирлер көбүнчө муктаж эместерге таратылып кеткенин айтышса, кээлери үй берүү 27-март жергиликтүү кеңешти шайлоонун алдында өтүп жатканы үгүт катары баалашууда.
Ошто 206 батир күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине берилди. Күч түзүмдөрүнө деп аталган 206 батир 2010-жылкы июнь окуясынан жабыр тарткандарга деп курулган турак-жайлардан бөлүнүп берилди.
Ошто 206 батир күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине берилди. Бул 206 батир 2010-жылдагы июнь окуясынан жабыр тарткандарга деп курулган турак жайлардан арткан үйлөр.
Кара-Кулжа районунда баланын колунан ок жеген тогуз жаштагы кыздын абалы оор. Аны 1-класстын окуучусу ойноп атып, мылтык менен атып салган.
Дагы жүктөңүз