Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:53

Борбор Азия

Тажикстанда өткөн ЖККУнун аскердик машыгуусу. 2021-жыл.
Тажикстанда өткөн ЖККУнун аскердик машыгуусу. 2021-жыл.

Жогорку Кеңеш 7-январдагы кезексиз жыйынында кыргыз “бейпилдик күчтөрүн” Казакстанга жөнөтүү чечимин 69 добуш менен колдоду. Баш мыйзамдын 11-беренесине ылайык, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн өлкө аймагынан тышкары жиберүүнүн ар бир учуру Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Чечимге ылайык, Кыргызстандан 150 аскер сегиз брондолгон техника жана 11 унаа менен барат. Парламентте Казакстанга жоокер жиберүү мамлекеттер аралык жамааттык келишимге жана кыргыз мыйзамдарына дал келээр-келбеси талкуунун негизги темасы болду.

“ЖККУнун келишиминин 4-беренесинин 2-абзацында так аныкталган. “Уюмга мүчө мамлекетке агрессия жасалган учурда, ошол мамлекеттин суроо-талабы менен калган мүчө мамлекеттер зарыл болгон жардамды токтоосуз көрсөтүшү керек. Ошондой эле, Бириккен Улуттар Уюмунун уставынын 51-беренесинин негизинде жамааттык коргонуу укугун аткаруу иретинде колунда бар каражаттар менен колдоо көрсөтөт” деп жазылган. Биз дефиницияны жакшы билебиз, бул жакта кандай агрессия болгону маселе туудуруп жатат”, - деген оюн айтты депутат Чынгыз Айдарбеков.

Мындай суроолорго Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев “бейпилдик күчтөрүн” жөнөтүү чечими казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусунун негизинде уюмдун Жамааттык коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынганын билдирди.

“Ички агрессия болгондугу аныкталган. Ошондуктан Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бизге кайрылды. Албетте, баарыбыз эле көрүп тургандай, сырттан агрессия жок”.

Парламентте жыйын жүрүп жаткан учурда Ак үйдүн алдында жарандык активисттер митингге чыгып, “бейпилдик күчтөрүн” жиберүүдөн баш тартууга чакырып турушту.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкы катчысы Станислав Зась "РИА-Новости" маалымат агенттигине курган маегинде уюмдун “бейпилдик күчтөрү” Казакстандагы стратегиялык объектилерди кайтаруу менен бирге укук тартибин камсыздоого да тартылаарын билдирди.

“Жумушчу тартипте бардык өлкөлөр өз күчтөрү даяр экенин билдиришти. “Бейпилдик күчтөрүнүн” алдына эки шарттуу милдет коюлган. Биринчиси, мамлекеттик маанилүү стратегиялык объектилерди кайтаруу. Экинчи милдет - адамдар өздөрүн коопсуз сезиши үчүн укук тартибин камсыздоого көмөктөшүү”.

Атайын кызматтын мурунку жетекчиси Феликс Кулов Казакстанга карата тышкы агрессия болгондугу талаштуу экенин айтат. Саясатчынын пикиринде, уюмдун бейпилдикти орнотуучу күчтөрү мамлекеттик стратегиялык жайларды коргоо менен гана чектелиши керек.

“Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында биз эл аралык куралдуу агрессия болгон учурда жардам беребиз. Бул жерде агрессия барбы же жокпу деген суроо турат. Мен мурунку кесиптештерим менен сүйлөштүм. Менимче агрессия бар. Бирок, бул агрессия каяктан? ЖККУнун алкагындагы биздин бейпилдикти орнотуучу күчтөрүбүз эч качан мамлекеттик мекемелерди, бийликти коргобошу керек. Эл өзү бийлиги менен сүйлөшүп алсын. Космодром, аба майдандары, темир жол сыяктуу стратегиялык объектилерди коргошу керек”.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун тарыхында мүчө-мамлекеттердин аймагындагы куралдуу кагылышууларды токтотууга жардам берүү өтүнүчү буга чейин да болгон. 2010-жылдагы июнь коогалаңында Кыргызстандын Убактылуу өкмөтү уюмга кайрылып, “бейпилдик күчтөрүн” өлкөгө киргизүүнү өтүнгөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурунку жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев Кыргызстандагы Июнь коогалаңы учурунда Убактылуу өкмөт Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кайрылганын жана уюм уставга негиздеп баш тартканын айтат.

“Ошондо Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү акылдашып туруп, окуя дагы терендеп кетпесин деп, ЖККУ уюмуна расмий кайрылганбыз. Анда дагы биз “жаңжалга катышпай эле, ГЭСтерди, аба майдандарын, темир жол түйүндөрүн жана башка стратегиялык маанидеги объектилерди кайтарганга жардам бергиле, биз бошогон күчтөрдү туруктуулукту орнотконго жумшайбыз” деп так айтканбыз. Ошол кезде ЖККУнун жетекчилиги жана биринчи кезекте Орусия “бул силердин ички маселеңер, устав боюнча мындай ишке кийлигишкенге укугубуз жок” деп так кесе жооп берип, жардам берүүдөн баш тартышкан”.

Кыргызстандын кайрылуусуна Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму реакция кылып, 52 полициядан турган миссияны жөнөткөн. Миссия абалды турукташтыруу боюнча жергиликтүү күч органдарына кеңеш берүү менен алектенген.

Саясат талдоочу Шерадил Бактыгулов казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин союздаштарынан жардам сурап кайрылган чечими мыйзамдуу деп эсептейт. Кыргызстандагы Апрель-июнь окуяларынан соң 2010-жылы ноябрь айында келишимге өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, тышкы душман эле эмес, ички деструктивдүү күчтөр да конституциялык түзүлүшкө доо кетирген кадамдарга барса, ЖККУнун жардамын сурап кайрылса болоору айтылган.

“2010-жылга чейин келишимде тышкы агрессияга каршы туруу боюнча жобо бар эле. Кыргызстанда 2010-жылдагы Апрель, Ош окуялары болгондо бизде дагы “керекпи, кереги жокпу, кимдерди киргизебиз?” деген талкуулар болгон. Ошонун негизинде ЖККУнун уставына өзгөртүүлөр киргизилген. Мындан 12 жыл мурда эле уюмдун күчтөрүн жалгыз эле сырткы агрессияда эмес, ички агрессия болгон учурда деле колдонсо болот деген процедуралык маселе киргизилген”.

1992-жылы 15-майда Жамааттык коопсуздук келишими уюму түзүлгөн. Алгач мамлекеттер аралык келишим иретинде уюшулуп, ага Орусия, Армения, Беларус, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстан кол койгон. Келишимге 1993-жылы Грузия менен Азербайжан дагы кошулган. Бирок 1999-жылы Өзбекстан келишимдеги мүчөлүгүн убактылуу токтотсо, Грузия менен Азербайжан кайра чыгып кеткен.

2002-жылы 7-октябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюму толук кандуу уюм катары түзүлүп, Кишинёв шаарында уставы бекитилген.

Кыргызстандын Кант шаарындагы аба майданында жайгашкан Орусиянын авиабазасы ЖККУнун Борбор Азиядагы ыкчам авиациялык бөлүгү болуп эсептелет.

Феликс Кулов, мурдагы премьер-министр.
Феликс Кулов, мурдагы премьер-министр.

ЖККУнун чечимине ылайык Кыргызстандын аскер күчтөрүн Казакстанга киргизүүгө макулдук берүү үчүн Жогорку Кеңеш кошуна өлкөнүн келтирген аргументтерин жакшылап териштирип чыгышы керек. Мындай пикирин мурдагы премьер-министр Феликс Кулов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

- Жамааттык коопсуздук келишим уюмунунун (ЖККУ) күчтөрүнүн Казакстанга кирүү чечимине кандай баа берип жатасыз?

- ЖККУнун алкагында биз кол койгон келишимде мүчө мамлекетке каршы куралдуу агрессия болсо, башка мүчө өлкөлөр ага тиешелүү жардам, анын ичинде зарыл болсо аскерий жардам көрсөтүү боюнча дароо чараларды көрүшү керек деп жазылган. Ошондой эле келишимде буга байланышкан чечимди ар бир өлкөнүн мамлекет башчысы, башкача айтканда, президенти кабыл алары көрсөтүлгөн. Мындай келишим 1992-жылы кабыл алынып, менимче 2010-жылы өзгөртүлгөн. Бирок, биздин Конституцияда аскер күчтөрүн Кыргызстандан тышкары жакка чыгаруу боюнча конкреттүү ар бир жолку чечим парламенттин үчтөн эки бөлүгүнүн колдоосу менен кабыл алынат деп турат. Башкача айтканда, президенттин чечими парламенттен колдоо таппаса жараксыз болуп калат. Анткени Конституция бузулат.

- Мындай учурда парламент эмне кылышы керек?

- ЖККУнун келишиминде кайсы бир өлкө коопсуздукка, стабилдүүлүккө, аймактык бүтүндүккө жана эгемендикке коркунуч келтире турган агрессияга, куралдуу чабуулга туш келсе, ал ЖККУга мүчө мамлекеттердин бардык өлкөлөргө коркунуч келтире турган агрессия катары каралат. Агрессия болуп жатканын кантип далилдөө керек? Азырынча Казакстандын презденти Токаевдин гана билдирүүсү бар. Ал Казакстандагы агрессияны тааныганга ЖККУга негиз болуп бере алабы деген суроо пайда болот. Казакстандын эл шайлаган парламенти эмне дейт? Биздин парламент негиздүү чечим кабыл алыш үчүн тиги тараптын каалоосун так билиши керек.

Токаев “агрессия, жардам бергиле” деп атат. Бул көчөдөгү мушташ эмес да. Жөнөкөй жарандардын кызыкчылыктарын козгой турган мамлекеттик деңгээлдеги маселе. Биз кандай жардам керек экенинин билишибиз керек. космодромду, аэропортторду, аскер бөлүктөрүн, артиллериялык кампаларды коргош керекпи?

Шаарды тартипке келтирүүгө күч жетпей жатат. Бирок, биз алар менен бирге элди тынчытканга аралашпайбыз. Анда биз аргасыз эл менен кагылышып калабыз. Бул өздөрүнүн, атайын кызматтарынын иши. Биз кайтарууга гана катыша алабыз. Кыргызстанга тиешелүү экинчи маселе, биз транзит жагынан Казакстанга абдан көз карандыбыз. Бул жагынан “келгиле, ушул трассаны айдоочулар жайбаракат каттагыдай, талап-тоноого жол бербегидей кайтаралы” деп айтсак болот . Себеби, биздин экономика жабыркаган атпайбы.

Мен мындай вариантты биздин тажиктер жардам сураганда сунуш кылгамын. Мен ал жакка сегиз ирет тынчтык орнотуучу миссия менен баргам. Биздин парламент ал жакка жиберүүдөн баш тарткан.

- ЖККУга мүчө мамлекеттердин бири, маселен, Кыргызстан баш тарта алабы?

- Келишимде көрсөтүлгөн боюнча токтоосуз жардам көрсөтүүгө биз милдеттүүбүз. Баш тартуу келишимди бузуу болуп саналат. Бизге "төө куш саясаты" эмес, жеке кызыкчылыктарга таянган рационалдуу саясат керек.

- Саясат таануучулар Казакстан куралдуу күчтөрү жетиштүү, кубаттуу өлкө болуп туруп, ЖККУдан жардам сураганын ар кандай чечмелеп жатышат. Эмне үчүн өз күчүн пайдаланган жок?

- Күч түзүмдөрү тарабынан өтө чоң ката кетти. Бизде деле күч түзүмдөрү туура эмес, акыл калчабай пайдаланылганын мисал келтирсек болот. Милиция бейтарап позицияда турушу керек эле. “Коомдук тартипти бузбай, кыйкырып, желиңерди чыгаргыла. Митинг өткөрө бергиле” деш керек эле. Камап, кубалап, басмырлоо туура эмес болгон. Ошон үчүн элде нааразылык көбөйдү.

- Казакстандын бийлиги элдин социалдык талаптары менен башталган акциялардын башаламандыкка айланышын агрессиянын, тышкы күчтөрдүн таасири катары баалап жатат. Сиз ишенип жатасызбы?

- Токаев "эл аралык террорчул куралчан агрессорлор кайсы бир жолдор аркылуу аймакка кирген" деп атат. Булар, балким, кайсы бир учурду пайдаланып башын көтөргөн “уйкудагы уюмдар” чыгаар. Бир нече бандиттин чабуулунан мынчалык коркпосо керек деп ойлойм. Демек, кандайдыр бир белгилер, чагымчылар болгон. Ага жараша ушундай кадамга барган. Токаевде элге расмий ачыктабаганы менен, аргументи бар го. Атайын кызматтар убагында маани бербей, жагдай курчуганда кайсы окуянын артында ким турганын көрсөтүп берген. Азыр бир нерсе деп айтууга болбойт. Анткени маалымат өтө аз. Бирок, өлкөдөгү башаламандыкты кимдир бирөө пайдаланган деген тыянак чыгарса болот.

- Казакстандагы башаламандыкка эмне себеп болду?

- Көйгөйлөр он жылдап чогулган. Дагы бир маанилүү учур - коомчулук ар кандай маалымат алууга ачык. Интернет аркылуу маалымат кеңири таратылат. Бул өз кезегинде нааразылыктарды, ишенбөөчүлүктү жарата турган атмосфераны түзүп, ал жыйнала берет да, бир учурда шампандай атылып кетиши мүмкүн. Эл жөн эле чыкпайт, социалдык тармактарды пайдалануу “араб жазынан” байкалган. Ирандагы бензинге баанын көтөрүлүшүнө каршы жарым жылдай мурун 2 млн. киши чыккан. Аны эч ким уюштурган жок. Ошол сыякту эле Жаңы-Өзөндө деле, Атырауда деле лидер болгон жок да. Мисалы, Аблязов отуруп алып бир нерсе айтымыш болуп атат, аны ким угат? Анын баркы жок. Кожагелдинде деле андай кадыр жок. Алар чет өлкөлөрдө отурушат.

Казакстандын Алматы шаары. 5-январь 2022-жыл.
Казакстандын Алматы шаары. 5-январь 2022-жыл.

- Ошол эле сиз айткан мурдагы премьер-министр Кожагелдин казак бийлиги ЖККУну чакырып, чоң ката кетирди деп билдирди. ЖККУнун кириши эгемен өлкөнүн келечегине кандай таасир этиши мүмкүн?

- Балким, мен жаңылып жатам. Бирок, Токаев жана анын жакындары ЖККУну коркуп кетип чакыра калды деп айтууга болбойт. ЖККУнун катчылыгы деле кандайдыр бир маалыматы жок туруп келишим боюнча жардам көрсөтүүгө бармак эмес. Демек, кандайдыр бир коркунуч бар. Ошол коркунучтун жайылып кетишинен булар коркуп атышат. Балким, Казакстанда, Алматыда дестабилдештиргиси келген салафиттер, башка агымдар пайда болгондур, демократияны өнүктүрүү шылтоосу менен кандайдыр бир азык берилип жактандыр. Бандиттер да пайда көргүсү келет. Эл аны билбей туруп, пайдаланып коюшу мүмкүн.

- Талдоочулар Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен стабилдүү өнүгүп жатканы айтылган Казакстандагы кырдаалды күтүүсүз жерден чыкты деп жатышат. Чын эле эмне үчүн Казакстанда чыкты?

- Бир мисал, 2005-жылы ыңкылап болгондо бир аксакалдан “ыңкылап болобу дагы” деп сураса “кан төгүлбөсө болот” деп айткан экен. Кийин 2010-жылы кан төгүлгөндөн кийин “эми көпкө чейин башаламандык болбойт” деп айтканы тууралуу кеп жүрөт. Тажикстан деле ошондой. Ал жак менен көп байланышым бар. Жарандык согушта ар кандай булактардын маалыматы боюнча 100 миңден 150 миңге чейин жай тургундар өлгөн. Адамдар коркот, бизге согуш эмес, тынчтык керек дешет.

Казакстанда Жаңы-Өзөндөн башка мындай окуя бир да жолу болгон эмес. Ал борбордон алыс болгон, аны өтө катуу басышкан, маалымат чыгарышкан эмес. Ал окуя анча алыс эмес болсо да муундардын эстутумунан өчүп калган. Азыр болсо көп факторлор роль ойноп коюушу мүмкүн. Мындайга жол берилбеши үчүн баарын өздөрүнүн, башкалардын тажрыйбасында териштирип чыгышы керек. Тынчтыкты камсыз кылуу керек. Ооганстандан кийин Борбор Азияны “жаруу" кимдир-бирөө үчүн пайдалуу болушу мүмкүн.

Алматы шаары, Казакстан. 5-январь 2022-жыл.
Алматы шаары, Казакстан. 5-январь 2022-жыл.

-Жогорку Кеңеш маселени кароону 7-январга калтырды. Кандай чечим күтүп жатасыз?

-Парламент саясий жактан жетиктигин, юридикалык даярдыгын ушунда көрсөтүшү керек. Алар өз жүзүн көрсөтүшөт. Эл кандай өкүлдөрүн шайлаганын көрөт. Эгер алар президентке шилтеме жасаса, ал олуттуу мамиле болбой калат. Анткени парламент аскердик күчтөрдү жиберер-жибербесин Конституцияга ылайык жеке өзү ачык добуш аркылуу аныкташы керек.

-Бул жерде Конституция биринчи турабы же ЖККУнун уставыбы?

-Эгер ЖККУнун уставы Конституцияга каршы келбесе, Жогорку Кеңеште ал ратификацияланса, ал аткарылышы керек. Аны парламент бышыктоо шарты бар.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG