Кыргыз, казак, орус жана башка улуттагы композиторлор Чыңгыз Айтматовдун сахналаштырылган оюндарына, экрандаштырылган көркөм фильмдерине ар кандай жанрдагы музыкаларды жазышты жана жазышууда. Ошондой эле кыргыз, казак обончулары да залкар жазуучунун чыгармаларынын баш каарамандарынын тагдырларына, автордун өзүнө арнап обондорду жаратышууда. Алсак, көрүнүктүү обончу, эл артисти Калыйбек Тагаев Айтматовдун “Гүлсарат” аттуу повестинин каарманына жана авторго арнап “Жаныбарым Гүлсарым” аттуу обонду чыгарган.