Чыңгыз Айтматов --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/culture/ky/2008/02/DA2934D6-3B89-4A5A-9495-E10AE6C24332.asp учурда Германиянын Нюрнберг клиникасында дарыланууда. Москвалык дарыгерлер Чыңгыз Айтматовдун оорусуна септикалык шок же кандын инфекцияланышы, эки тараптуу пневмония жана бөйрөктүн чукул начарлашы деген диагноз коюшкан.
Бүгүн улуттук консерваторияда хормейстр, кыргыз эл артисти Султан Юсуповдун 90 жылдыган арналган хор музыкасынын кечеси өтөт. Кече 21-майда улуттук опера жана балет театрында эскерүү жөрөлгөсү менен уланат.
Бул жумада Бишкекте бир катар кыргыз өнөрпоздорунун концерттери өттү. Алардын катарында куудул Санжар Бердибеков да бар. “Атамды көргөн өлбөсүн” деген аталыштагы концерт Санжар мырзанын атасы, белгилүү куудул Манас Бердибековдун жаркын элесине арналды.
“Талант тагдыры” аттуу түрмөктүн бүгүнкү жаңы саны көрүнүктүү обончу, аткаруучу, комузчу, киноактер, Республиканын эмгек сиңирген артисти Мукан Рыскулбековдун туулган күнүнүн 65 жылдыгына, жаркын элесине жана ар тараптуу чыгармачылыгына арналды.
Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театры түрк элинин улуу акыны, драматург Назим Хикметтин “Унутулган адам” аттуу пьесасын саханалаштырууда.
Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Кечээ кино ишмерлер Кыргыз кино улуттук концерн Маданият министрлигинин карамагына өткөрбөө өтүнүчү менен президентке кайрылды. Мына ушул маселенин тегерегинде Кыргыз фильм киностудиясынын директору Бакыт Карагулов “Азаттыкка” маек куруп берди.
Эртең 16-майда кечки саат 5де кыргыз телерадиосунун концерттик залында акын жана жазуучу Жыпар Исабаеванын “Ыр угуңуз Сизге арналып жазылган” аттуу поэзия кечеси өтөт.
Бүгүн (14-майда) кечки саат 6да Кожомкул атындагы Спорт сарайында ырчы жана куудул, маркум Манас Бердибековдун уулу Санжар Бердибековдун “Атамды көргөн өлбөсүн” аттуу концерти болмокчу. Концертке “Аралаштын”, “Бешиликтин” куудулдары жана белгилүү ырчылар катышат.
Кыргыздын залкар композиторлору Айтматовдун --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/culture/ky/2008/05/29B0F59C-0E67-48A7-A696-F26155B20AFC.asp чыгармаларынын негизинде балеттерди да жазышты. Айтылуу композитор, дирижер, Социалисттик эмгектин баатыры, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, эл артисти Калый Молдобасанов кыргыз композиторлорунун ичинен биринчилерден “Саманчынын жолу” аттуу повестинин өзөгүндө “Саманчынын жолу” аттуу балет-ораторияны жазат.
Кыргыз Эл акыны, Токтогул мамлекеттик сыйлыгынын жана III даражадагы "Манас" орденинин ээси Майрамкан Абылкасымова Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Алтын медалы менен сыйланды. Акындын пикиринде ойлоп табуучулар мамлекеттик камкордукка алынышы керек.
“Азаттыктын чыгармачылык кечесинде” бул сапар көрүнүктүү эстрада ырчысы Айчүрөк Иманалиева Роза Рымбаевага акы төлөп бере албай кыйналгандыгы, Кыргызстандын бийлик өкүлдөрүнүн эстрада ырчыларын алакчылоосу тууралу ачык cөз кылат.
13-14-майда Бишкектеги Спорт сарайында кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти маркум Манас Бердибековдун уулу Санжар Бердибековдун “Атамды көргөн өлбөсүн” аттуу концерти өтөт. Концертке белгилүү куудулдар жана ырчылар катышат.
Дагы жүктөңүз