Муса Мураталиев, Москва Москва жазуучулар союзунун биринчи катчысы, белгилүү орус акыны Римма Казакова кечээ дүйнөдөн кайтты. Акындын «Чыгыш жеринде жолугабыз» деген биринчи китеби 1958-жылы жарык көргөн. Римма Казакова котормочулук өнөрүнө да көңүл бурган, анын кыйла ырларына обон чыгарылып, эл арасында ырдалып калган. Ал Севастополь шаарында, 1932-жылы 27-январда аскер кызматчынын үйбүлөсүндө туулган. Балалык чагы Беларусияда өткөн. Мектепти Ленинградда бүтүрүп, ошол эле шаарда Мамлекеттик университеттин тарых факультетин бүтүргөн.