16-19-майда Украинада орто кылымдардагы салгылашуу боюнча эл аралык турнир өттү. Ага миңден ашуун соот-чопкут кийинген катышуучу келип, 30дай өлкөнүн өкүлдөрү орто кылымдардагы Европа салгылашууларынын элесин беришти.
Кыргыз улуттук академиялык драма театр быйылкы сезонун Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытаар бир күн” спектакли менен жапты. Бул спектаклди театр таануучулар, көрүүчүлөр мактап, кыргыз театрынын акыркы жылдардагы эң чоң ийгилиги катары баалап жатышат.
Быйыл Имадеддин Насиминин 650 жылдыгы ТҮРКСОЙ маданий уюму аркылуу белгиленип жатат.
Жалал-Абад шаарына караштуу Тайгараев айылындагы мектепти мындан 20 жыл мурда бүтүргөн классташтар айылдагы майып үй-бүлөгө өз каражатына турак жай салып берип жатат. Командир Мамаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн дээрлик баарынын мүмкүнчүлүгү чектелүү.
Акын жана жазуучу Олжобай Шакир поэзия сүйүүчүлөрдү 22-майда опера жана балет театрына чогултту.
Бул жолу кыргыз эл жазуучусу Элүүбай Отунчиевдин «Жеңижок» үчилтик романы тууралуу кеп кылабыз.
Ош шаарында өткөн поэзия кечеси Азербайжан эл акыны Имадеддин Насиминин 650 жылдыгына карата, Түрксой уюмунун алкагында өткөрүлдү.
Оштогу Бабур атындагы өзбек музыкалык драма театрынын жаш артисти Илхом Ахмаддын таланты көптөрдү тамшандырып, өзү чыгарган жана аткарган ырлары Кыргызстан, Өзбекстан, Азербайжандагы ышкыбоздорго жакшы таанымал.
1916-жылдагы алааматта Омор Жумаев атасынан ажырап, жерине келгенден кийин бирөөлөрдүн кызматын кылып күн өткөрөт.
Эльвира Маречек. Байбиченин чоң атасы 1930-жылдары Кыргызстанда көзгө басар ишканаларды курган “Интергельпонун” уюштуруучусу Рудольф Маречек, атасы жана апасы республикада белгилүү альпинисттер.
Тель-Авивде өткөн эл аралык Eurovision-2019 ыр таймашында Нидерланддардан катышкан Дункан Лоуренс жеңүүчү болду.
Эльвира Маречек. Байбиченин чоң атасы 1930-жылдары Кыргызстанда көзгө басар ишканаларды курган “Интергельпонун” уюштуруучусу Рудольф Маречек; атасы жана апасы республикада белгилүү альпинисттер.
Дагы жүктөңүз