1937-жылы Кыргыз эл акыны Аалы Токомбаев камакка алынып, эки жылга чукул түрмө азабын башынан кечирген.
Талас шаарында 11-майда "Маданият сенден башталат" деп аталган балдардын искусство фестивалы өттү. Борбордук аянтка 19 боз үй, 30га чукул чатыр тигилип, адистер алардын ичинде кол өнөрчүлүк, шахмат, сүрөт тартуу өңдүү өнөрүн башкаларга үйрөтүштү.
"Азаттыктын" апта түрмөгүндө Экинчи дүйнөлүк согуштун каармандарына кайрылдык.
Элмира Ажыканова жаңы кыргыз прозасынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. Анын “Ностальгия” аңгемеси адеп-ыймандык маселеге бир үй-бүлө ортосундагы мамиле-катнашка арналган.
Манас жана Айтматов академиясы тиешелүү каражат, атайын имарат бөлүнгөнүнө карабай өз ишин баштай албай жатат.
Жеке, жесек, жекейбоз... Кыргыздын унутта калган бул сөздөрү кандай маанини билдирет?
Тыл ардагери Сурма Ызакулова паспорту боюнча быйыл 106 жашка толду. Бирок өзү экинчи дүйнөлүк согуш башталган жылы 14-15 жаштагы тестиер кыз болгом деп эскерет.
Бишкекте 9-май Жеңиш күнүнүн 74 жылдыгына арналган салтанат акыркы жылдары салткай айланып бара жаткан «Өлбөс полктун» жүрүшү менен коштолду. Бул жүрүштүн башында чоң атасынын сүрөтүн көтөргөн президет Сооронбай Жээнбеков турду. Ушул эле жүрүшкө экс-президент Алмазбек Атамбаев атасынын сүрөтүн көтөр
"Өлбөс полк" акциясы Кыргызстандын жети дубанда өттү.
Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон Сузак районунун тургуну, ардагер Кошойкан Жакаевдин сөөгү 76 жылдан кийин Орусиянын аймагынан табылды.
Согуш ардагерлеринин бүгүнкү сөзү - эртеңки тарых. Жалал-Абад облустунун Сузак районунда Ата Мекендик согуштун сегиз гана ардагери калды. Алардын үчөө өз алдынча баса алса, калганы төшөктө. Катары суюлуп бараткан ардагерлер согуш талаасындагы оор жылдарды үшкүрүксүз эскере алышпайт.
18 жашында Ата Мекендик согушка аттанган Мамажан Токтосунов Кара-Суу районунун Маданият айылындагы көзү тирүү жалгыз ардагер. Ал быйыл 95 жашка чыкты.
Дагы жүктөңүз